КОЙ (21.03-20.04)
Бул аптада жумушуңузда жана жеке жашооңузда жагымдуу жаңылыктар көп болмокчу. Аны менен катар кирешеңиз көбөйөт. Бирок кандайдыр бир терс маалыматты угар замат чечим кабыл алууга шашылбай, алгач тактаңыз. Болбосо жыйынтыгы көңүл суутуп коюшу мүмкүн. Апта соңунда жеке жашооңузда чоң өзгөрүүнүн болушу күтүлүүдө.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Көптөн бери чечилбей келаткан маселелердин түйүнү чечилип, ийгиликтер сиз тарапта болот. Бул маселелердин аркасында сизге ким күйүмдүү, ким душман экенин да аңдоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Сүйүү жаатында сезимдер ойгонуп, жүрөгүңүздүн ээсин табышыңыз мүмкүн. Эс алуу күндөрү жаратылыш коюнуна чыгып таза абада эс алып, ден соолугуңузга кам көрүңүз.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Апта сиз үчүн түйшүктүү болот. Буга ден соолугуңуздун кескин начарлашы себеп. Андыктан пландалган иштериңизди кийинкиге жылдырып, өзүңүзгө кам көрүңүз. Жумушта жетекчилик менен бир пикирге келе албай, аягы чырга уланышы мүмкүн. Апта аягында алдамчылардын тузагынан улам чыгым тартып калуудан этият болуңуз.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Апта ичинде башкаларга убада берүүдөн, келишим түзүүдөн качыңыз. Иш жүзүнө келгенде аны аткаруу кыйынчылык жаратат. Буюм сатып алууну көздөсөңүз, шашылбай турганыңыз оң. Болбосо ашыкча чыгым болуп чөнтөгүңүз жукарат. Аптанын экинчи жарымында бойдоктор жүрөгүнө чок салган адамына кезигип, апта жагымдуу аяктамакчы.
АРСТАН (23.07-23.08)
Айтылган сөздүн азабын тартпайын десеңиз, көпчүлүктөн озунуп демилгечи болуудан оолак болуңуз. Андан көрө өзүңүздүн негизги маселеңиз менен алектенип, аны чечүүгө күч жумшаңыз. Мамлекеттик органдын бирине иш менен кайрылып, оң жооп ала албай калууңуз мүмкүн. Жеке жашооңузда достор менен болгон мамилеңизде өзгөрүүлөр болуп өтөт.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Кыймылсыз мүлк сатып алууну көздөгөндөрдүн тилеги ишке ашат. Ал эми достордун айрымдары менен кош айтышууга туура келет. Жума күнү жеке жашоодо жаңы адам таап, андан жылуулук алууга ашыгасыз. Бирок бул сүйүүңүз кыска убакытка гана созулушу мүмкүн. Талаштуу маселелер бул аптада оң жакка чечилет.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Апта уруш-талаш менен башталышы мүмкүн. Негизги себеби ушак болмокчу. Каржы жаатында кирешеңизди арттырууга шарт бар. Бирок аны колдонуп калуу үчүн аракет жана ийкемдүүлүк талап кылынат. Эгер бирөө аркылуу ишиңизди бүтүрөм десеңиз, чыгымга кириптер болосуз. Апта соңунда келечекте пайдасы тиер идеядан куру калбайын десеңиз, чакырган жерден калбаңыз.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Көпчүлүк менен тил табышып иштөөгө умтулсаңыз, көп иштерди бүтүрөсүз. Бирок бирөөнүн ишин бүтүрүп берүүгө шашпаңыз. Убакыт жана нерв коротуп каласыз. Бул апта кумар оюндарына азгырылбаңыз. Эс алуу күндөрүн тынч өткөрөм десеңиз, коомдук жайларга баш бакпай, үйдө өткөрүү сунушталат.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Апта ийгиликке бай болмокчу. Каржылык абалыңыз чыңалып, кирешеге марыйсыз. Ишкерлерге келечекте пайдасы көп тие турган сунуштар түшүшү күтүлүүдө. Жеке жашооңузда сүйүктүү адамыңызга кезигип, кубанычка бөлөнүү бактысы турат. Аптанын экинчи жарымында чакырылбаган коноктордун аягы үзүлбөй, үйдүн куту артат.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптанын башталышы менен пландалган иш-чаралар жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратат. Андыктан идеяларды ишке ашырууга аракет жасаңыз. Ишиңизде башчылар менен мамилеңиз катаалдашып, оорчулук туудурушу ыктымал. Түгөйлөр арасында бардыгы өз калыбына келип, гармония жаралат. Көнүгүүлөрдү жасап туруу менен муун ооруларынын алдын аласыз.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Алдыга койгон максатты ишке ашыруу үчүн майда-чүйдө иштерге алаксыбай, алдыга умтулуңуз. Жеке жашоодо эки ача ойго кептелген учурлар күтүлөт. Мындай учурда жакындардын кеңешине кулак салуу туура. Түгөйлөр ортосунда түшүнбөстүктөрдөн кайым айтышуулар келип чыгат. Сабырдуулук менен баарын жеңесиз.
БАЛЫК (20.02-20.03)
Аптанын башында түйшүктүү иштер болбойт. Ал эми экинчи жарымы алдыга койгон максаттарга жетүү үчүн бир топ аракетти талап кылат. Каржы маселесинин келип чыгышы ишиңизге тоскоолдук жаратат. Бирок дос, тааныштардын жардамын пайдалансаңыз, абалдан чыгасыз. Жеке мамиледе этият болбосоңуз, сүйүктүүңүздү таарынтып алууңуз мүмкүн.