КӨПӨЛӨКТӨР ЧАБУУЛ ЖАСООДО

Өлкөбүздүн берекелүү Чүй өрөөнүнүн бак-дарактары куурап калуу коркунучунда. Анын күнөөкөрү кандайдыр бир коркунучтуу оору эмес, жөнөкөй гана көпөлөк.

Бул өтө сугалак, зыянкеч көпөлөк тууралуу химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин аламүдүн райондор аралык бөлүмүнүн башчысы ЖАЛИЛБЕК ТОЙМАТОВ төмөнкүлөрдү билдирди:

– Америкалык ак көпөлөк өтө зыяндуу болгондуктан, «карантиндик объекттердин» катарына кирет. Ал өсүмдүктөрдүн 300дөн ашуун түрүнө зыян келтирет. Көпөлөк курту өсүмдүктүн жалбырактарын толугу менен жок кылып коюшу мүмкүн. Тыт, эмен бактарынын жалбырагын жакшы көрөт, бирок алма, алмурут, гилас, жаңгак жана башка бактарды деле жей берет.
Көпөлөк Кыргызстандын Чүй облусуна гана жайылган. Алар быйыл 10-майдан тарта байкалууда. Жумурткалары 28-30-майдан баштап чыгып, эми 8-10-июндан тарта бактарга массалык түрдө зыян келтирет. Андыктан бул көпөлөктү жок кылууну азыр башташ керек. Өкмөттүн эсебинен көчө, коомдук жайлардагы америкалык ак көпөлөктөрдү дарылап жок кылуудабыз, бирок жеке адамдардын огородундагыларга колубуз жетпей жатат. Ошондуктан эл өзү да бул зыянкеч көпөлөктөрдү жок кылууга кол кабыш кылса жакшы болот эле.

АМЕРИКАЛЫК АК КӨПӨЛӨК
Мекени – Түндүк Америка (Канададан Мексикага чейин тараган).
1949-жылы Европада байкалган. Япониялыктар болсо бул көпөлөк менен 1945-жылдардан бери тааныш, ал жактан Корея, Кытай, Монголияга тараган. Орто Азияга 90-жылдары (1990-жылдардын башында Түркмөнстан, 1996-жылдары Өзбекстан) тарап, 2005-жылдан бери Кыргызстандын Чүй өрөөнүн (башка облустарда азырынча жок) каптаган.
Түсү – ак. Канатында кара же күрөң чекиттери барлары да кездешет.
Денесинин узундугу – 9-15 сантиметр, канатын жайганда 20-36 сантиметр.
Кечинде жана түнкүсүн учушат.
10 күн жашайт. Ургаачылары жалбырактын астыңкы бетине жумуртка таштап, өлүп калат. Жай мезгилинин ичинде эки муун өсүп жетилип, анын экинчи мууну өтө коркунучтуу болуп эсептелет. Куурчакчасы жарыкка келген бактын жалбырагы менен тамактанат да, андан соң ошол бакты бүт каптайт. Эгер тамак аз болсо, коңшу бактарга көчөт. Өсүмдүк бир сезондо куурчакчалардын эки жолку чабуулуна дуушар болсо, анда ал бакты куурап калды деп эсептей берсе болот.

КҮРӨШҮҮНҮН ЖОЛДОРУ:

  • Жумурткалары бар желеленген уя байкалып калса, уя бар бутакты кесип алып, жумурткаларды тебелеп же өрттөп жок кылуу керек.
  • Жумурткалары ташталган уяларын, куурчакчаларын жана көпөлөктөрдү чогултуп жок кылуу керек.
  • Бактын сөңгөгүн актап, куураган бутактарын кесип салуу зарыл. Мындан сырткары химиялык жана биологиялык дарыларды чачуу керек.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Aslana
2013-06-10 12:03:48
Бир килтейген даракка чымын олтургуч бир кагаз клейди чаптап коюптур, кополоктор менен курошкону ошол имиш. Ал чымын олтургуч кагазга могу кополок курт кантип конмок, азыркы курттарын да куу
0
Мэри
2013-06-10 12:28:51
Көлдө 5-6 жылдан бери колорадо коңузу пайда болуп, көлдүктөргө бир топ эле түйшүк жаратты. Эми америка ак көпөлөгү. Бул экөө тең Америка менен байланыштуу экен, таң каларлык же жөн гана дал келүүбү?..
+1
Shekerbek
2013-06-10 16:36:31
Мэри, чын Колорадо да ошол жактан келген да
0
Nur_meerim
2013-06-11 09:24:43
Америка ар кандай зыяндарды ойлоп таап атат. Бул алардын кылганы. Гамбургерлер да ошол жактан келтирилген. Кетчуп, майонез, кириешки, чипсыларды да жебешинерди суранат элем(тукум курут болбойбуз десенер). Алардын составында айккыс ооруларга вирус болот экен. Красители бар суусундуктарда да.. ОРТтон корсотуп атат среда обитаниядан.. Коргуло, зыянкеятерди билгиле, сактангыла!
0
Мэри
2013-06-11 10:02:08
Ооба, мен да ошону айтып жатпаймынбы...
0
best-life
2013-06-11 11:31:31
Ммммм даааа, шаарыбызды биздин тоболдор ушундай темп менен "онуктурушсо" анда аз эле жылдын ичинде пустыняга айлантып ташташат окшойт. Суу ичпей куурап жатат шаар ичиндеги дарактар, мынакей канчалаган суулар(каналдар) жатпайбы Казахстан жакка агып бекер эле.Ошолорду буруп келип шаарды корктондурушсо болмок беле азыр илгерки заман жок кол мн чукугандай, техника деген бар дегендей.Иштей албагандар неге келишет бийликке,тушунбойсун,ичип-чычып жата беришпейби ары жакта эле...
+1
№ 553, 7-июнь-13-июнь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан