Быйыл Июнь окуясына үч жыл толот. Коогалаңда 500гө жакын адам набыт болуп, 1500дөй киши жаракат алышкан. Дээрлик 2 миңге чукул адамдын тагдыры чагымчылардын колунда оюнчукка айланып, миңдеген үйлөр жана мекемелер өрттөлүп-талкаланган. Биз окуянын очогуна айланган Ош шаарынын тургунунун өмүрү тууралуу баянды сунуштайбыз.
Каарманыбыз дарыгер Касымбек Жусупакматов 38 жашында Ош окуясынын от болуп күйүп турган опурталдуу күндөрүндө өмүрү менен кош айтышып кете берген.
Абдисалим Анарбаев, Ош облустук балдар ооруканасынын директору:«КИЙИП ЖҮРГӨН ЧЕПЧИГИ ДАЛЕ КАБИНЕТИНДЕ ТУРАТ»– Касымбек көз алдымда чоңойгон жигит, ата-энеси менен кошуна турчу элек. Окуусун Бишкектеги Медициналык академиядан аяктап келип, 1999-жылы мен иштеген балдар ооруканасына орношкон. Ачык-айрым, шайыр, дилгир, улуунун сөзүн эки кылбаган, коомдук иштерге активдүү катышкан кызматкерибиз болчу. Жубайы Назгүл менен да бейтапканадан таанышып, кийин үй-бүлө курушкан.
Кесиптештери үчүн анын каза тапкан күнүн эстөө оор. Оорукана өзбектердин Жийделик айылына жакын жайгашкан. Каргашалуу күндөрү эч кайда кетпей, жумушта калып иштедик. 16-июнда кечки саат 5терде иштен чыгып кеткен Касым үйүнө жетпей калыптыр. Дайынсыз жоголгонун билерибиз менен баарыбыз чогулуп издей баштадык. 30-июнь күнү гана анын сөөгү Өзбекстандын Анжиян дарыясынан табылды. Бир жылдан кийин бейтапкананын хирургия бөлүмүнүн бет маңдайына анын эстелигин тургуздук.
Өмүрүнүн акыркы күндөрүндө ординатор жана патологиялык-анатомиялык бөлүмдүн башчысы болуп иштеп калды. Азыр Касымбек иштеген кабинетте башына кийчү чепчиги дале турат, жанына сүрөтүн да коюп койгонбуз.
Калдар Айбашов, кесиптеши:«КЫЗЫНЫН ТУУЛГАН КҮНҮН КУТТУКТООГО ЖЕТИШПЕЙ КАЛДЫ»
– Ооруканада мен иштеп баштагандан 5 жылдан кийин Касым келди. Шамдагай жана бат үйрөнүп-өздөштүрүп кетчү жигит эле. Хирургия бөлүмүндө канчалаган наристелерди айыктырып, ата-энелердин алкышына көп арзычу. Коогалаң күндөрү экөөбүз бир бригадада «Тез жардамдын» унаасы менен жаракат алгандарга чыгып жүрдүк. Врачтар улутуна карамак беле, Касым да ошондо бир өзбек аялды дарылап чыгарганын билем. 10-июнда башталган жаңжал 16-күнү араң басылды. Бул аралыкта үйгө кетпей, бейтапканада жатып иштегенбиз. Касым «кызымдын туулган күнү эле, ушуну менен болсо да куттуктап келейин» деп, колуна бир «Коланы» көтөрүп алган экен. Биз ошол бойдон кесиптешибизди көрө албай калдык, кызынын туулган күнүнө жетпей калды.
Улук Жусупакматов, бир тууган иниси:«БАЛДАР-КЫЗДАРЫ МАГА БЕЛЕК БОЛУП КАЛДЫ»– Агам тууралуу канча айтсам да аздык кылат. Жоголуп кеткен окуядан эки күн мурун агама атайын ооруканага барып жолугуп келген элем. Ошондо «жакында Мирзаданын туулган күнү, ошондо үйгө барам, аш басып белгилейли» деген болчу. 16-июнь күнү оорукана жакта жашаган досторум чалып, «агаңды өзбек айылына алып кирип кетишти» дешти. Чогуу иштеген врачтар, аксакалдар болуп топтолуп, алар тараптан чыккандар менен жолуктук, бирок алар бизге «жок экен» деп коюшту. Издөөнү уланттык, таппадык. Кийин сөөгү суудан табылды. Башына жана көкүрөгүнө атып, анан өрттөп, дарыяга ыргытып жиберишиптир. Биз сөөктү билген белгилерибиз менен тааныдык.
Өзүбүз үч бир тууган болчубуз, агамдан сырткары эжем бар. Экөө жакшы окуду, мен тентектигимден 10 мектеп котордум. Кандай шоктук кылбайын, агам мени бир да жолу урушпады, катуу сүйлөбөдү. Тескерисинче, мага болушуп турчу. Өзгөчө бир камкор мамиле жасап, кийин мени үйлөнтүп-жайлантты.
Орду толгус жоготуу болду, катуу жоктодум. Кеңешке муктаж болуп калганда, конокко барып калсам же аш-тойлордо агамдын жоктугу оркоюп билинип турат. Сагынганда кадимкидей ыйлайм. Эш тутканым, медер тутканым – анын балдары, алар мен үчүн белек. Улуу баласы Муса быйыл 5-классты бүттү, атасынын көчүрмөсү. Кичинесинде агам дал Мусанын өзүндөй болчу.
Лютфулла Жусупакматов, атасы:«БАЛАМ КЫЗМАТТА ЖҮРҮП КАЗА ТАПТЫ»– Элдин башына түшкөн кайгы мага да келди. Уулум атуулдук милдетин, кызматтык ишин аткарып жүрүп каза таап, артында 3 кыз, 2 уулу калды. Азыр келиним, балдары мени менен турушат. Байбичем да 2007-жылы рак оорусунан кайтыш болгон.
Турмуштун жазганын көрүп жатам, баланын күйүтүн Жараткан эч кимге салбасын. Үч жолу инсульт болдум. Азыр топтоп келген материалдарымды китеп кылып басып чыгарууга даярдап жатам, өзүмдү алаксытып... «Саймалуу-Таш» тарыхый комплексиндеги петроглифтердин каталогун түзүүдөмүн. Буга чейин 20 китептик эмгек жазгам. Дагы көп иштерим бар эле, бирок өмүрүм жетпей калат окшойт...
Лютфулла ата өзү ОшМУнун кыргыз филология факультетинде эмгектенет, филология илимдеринин доктору, профессор. Экөөбүздүн жогорудагы маегибиз «кызым, мен сүйлөбөй калдым эле» деп башталды. Уулунун күйүтүнөн улам үч жыл мурун тилден калыптыр. Андыктан, сөзүбүз ак кагазга жазуу менен уланып отурду.
Июнь окуясы ушинтип далай атаны уулунан, бирөөнү ата-эне, ага-карындашынан айырды. Көкүрөктө так калды. Өлкөбүздө тынчтык болсун, эч ким өксүбөсүн дейбиз.
Элира Чынтемир кызы
koom@super.kg