«СУПЕР-ИНФОДОН» БАЛДАРГА БАЛМУЗДАК

«Супер-Инфо» гезитинин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн ачылгандыгына туура бир жыл толду. 1 жылдык майрамга жана 1-июнь – Балдарды коргоо күнүнө карата 30-май күнү акция уюштурдук. Каракол шаарында жайгашкан Пушкин атындагы сейил бакта өткөн акциябыздан азыноолак кеп…
«Супер-Инфо» гезити жаш окурмандарга бай экендиги дагы бир жолу тастыкталды. Дегеним, акцияга көбүнчө жеткинчектер катышышты. Сейил бакка саат 10:30да бардык. «Быссымылда» дегенде эле «Супер-Инфо» гезитинин гимни жаңырды. Алып баруучулук милдетти алган Жанат Туратбеков жалпы көрөрмандар менен саламдашып, көлдүк ырчы Ыйманбек Жеңишбек уулу комузун колго алып, балдарга арналган ырларынан созду. Анан да эки колун удаа сунган балакайларга балмуздак тараттык. Андан соң көрүүчүлөр үчүн алдын ала түзүлгөн суроолор берилип, жеңүүчүлөр сонун белектерге ээ болушту. Балакайлардын бири волейбол тобун алып кудуңдаса, экинчиси шахмат, башкасы куурчак көтөрүп, дагы бири дүрбү алып, айтор, бул күнү акциянын катышуучуларынын көңүлү куунак болду. «Ирада» балдар үйүнүн тарбиялануучулары өздөрүнүн «Кыргызстаным» деген ырын аткарып, «Суперден» атайын белек утуп алышты. Айрым катышуучуларды кепке тарттык.
Жамиля, окуучу: – Негизи, «Супер-Инфо» гезитин калтырбай үй-бүлөбүз менен окуйбуз. Мен өзгөчө «Бал-балакай» чыккан бетин жактырып окуйм. Анан «Супер-Инфо» акция уюштурат экен деп угуп, сейил бакка эртең менен эрте келгем. Бул жерден мыкты ырларды угуп, бекер балмуздак жедим.
Назира, мугалим: – Биз Каракол шаарындагы №11-гимназия-мектебинен келдик. Акция болот деп угуп, бирок мынчалык деңгээлде өтөт деп ойлогон эмеспиз. Чындыгында, шаарыбызда бул сыяктуу иш-чаралар көп болуп турса, балдардын көңүлдөрү көтөрүлүп, аң-сезими да жогорулайт эле. Себеби мыкты оюндарды уюштурдуңар. Балдар үчүн чоң кубаныч болду. Окуучуларыбызга акция абдан жакты, «дагы качан болот?» деп сурап жатышат.

Айзат Анарбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 553, 7-июнь-13-июнь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан