Талас шаарындагы К.Медетбеков атындагы музыкалык драма театрдын кызматкерлери Нарын облусунда өтүүчү республикалык 5-фестивалга кызуу даярдык көрүшүүдө. Аталган театрдын башчысы Кубан Эстебесов билдиргендей, бул фестиваль 5 жылдан бери республиканын бардык театрларынын арасында өткөрүлүп келет. Талас облусунун театр артисттери аталган фестивалда Ибрагим Сотиковдун «Апендинин беш катыны» аттуу спектаклин коюшат.
Ошондой эле 20-23-июнь күндөрү Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин демилгеси менен Талас облусунда маданият кызматкерлеринин республикалык семинар-кеңешмеси болот. Аталган кеңешмеде айылдык Маданият үйлөрүндө аткарылып жаткан иштер, жергиликтүү бийлик менен маданият кызматкерлеринин ортосундагы алака, ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгын өткөрүү маселелери талкууланат.
Гүлназ Атантаева
talas@super.kg