Талас шаарында жайгашкан «Нур Бала» реабилитациялык борбору мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга кам көрүп келет. Борбордо 12 бала тарбияланат.
«БАЛДАРЫБЫЗГА ЧОҢ ЖАРДАМ БОЛДУ»
«Нур Бала» коомдук бирикмеси 2009-жылдын январь айынан тарта ишке киришкен. Бүгүнкү күндө облус боюнча бир нече реабилитациялык борборлор менен иш алып барат. Алгач 3 бала болсо, бүгүнкү күндө 12 бала бар. Анын жетөө эркек, 5и кыз. Булар дайым келип тургандары. Ал эми келип-кетип тарбияланышкандарын кошкондо 20дан ашат. Күндүзгү реабилитациялык борбордо кызматкерлер жана ата-энелер үчүн ар кандай тренингдер жана семинарлар өткөрүлүп турат. Бул жерде мектепке чейинки даярдыктар көрүлөт. Анан сандарды, тамгаларды ошондой эле аларды жазганды, бир аз кошуп окуганды үйрөнүшөт. Энелердин бирин кепке тарттык:
– Балдарыбыздын келечеги кең болушуна бул борбор жакшы эле өбөлгө түзүп жатат. Анткени майып балдарды коомго тартып, башка балдардай билим алууга шарт түзүлүүдө. Мисалы, менин балам башында аябай тентек болчу. Жан-жаныбарлардын аттарын, өң-түстөрдү айырмалай алчу эмес. Көп нерсеге кызыгуу жок эле, азыр болсо оюндагысын мени менен бөлүшүп калды. Кээде «мен чоңойгондо жакшы жумушта иштеп, сизге машина алып берем» деп мени кубандырат.
ТАР БӨЛМӨДӨГҮ ТАРБИЯ
Борбордо тарбияланып жаткан Бектур менен маектешкенибизде ал 8 жашта экенин айтып, «чоңойгондо доктур болом, ооругандарды айыктырам. Бул жердеги эжелер жакшы, урушпайт» деп жылмайып койду. Аталган реабилитациялык борборго киргенибизде бөлмөнүн аябай эле чакан экенин көрдүк. Ушундан улам коомдук бирикменин жетекчиси ЖЫЛДЫЗ ТУРДУГУЛОВА менен маектештик:
– Чындыгында, бул биздин башкы көйгөйлүү маселелерибиздин бири. Бөлмө аябай эле чакан. Ушуга байланыштуу ар кандай көргөзмө куралдарыбыздын баарын толугу менен бир учурда колдоно албайбыз. Эгер баарын алып чыгып салсак, анда балдардын отурганына жер калбай калат. Бул боюнча мэрияга кайрылып, «буюрса, чечилет» деген жооп уктук. Негизи бизге 2 эле бөлмө жетмек. Бири машыгуу үчүн атайын шаймандарды жайгаштырганга, ал эми экинчиси көргөзмө куралдарыбыз үчүн. Бул маселе пайдалуу жакка чечилип, жакын арада үйлүү болуп калабыз деген чоң үмүт бар. Балдар бул жактан билим алганда бир аз оңолуу байкалып, жүзүнө күлкү жүгүрүп калат. Менимче, ар бир бала кандай болсо да жылмаюуга акысы бар.
Чындыгында, дени соо балдарды тарбиялоо кандай оор? Ошол оордукка карабай иштеп жаткан эжелердин көйгөйүнө кайдигер карай албай, бул иш кандай чечилип жаткандыгын билүү үчүн вице-мэрдин милдетин аткаруучу ЖАНЫБЕК ИСРАИЛОВго кайрылдык:
– Бул маселе менен бизге бир аз убакыт мурун кат аркылуу кайрылышкан. Талас шаарындагы №9-мектеп мурун бала бакча эле. Мына ушул мектептин окуучуларын №6-мектепке көчүрүп, аны кайрадан бала бакча кылабыз деген пландар болуп жатат. Ошол жерден «Нур Бала» борборуна бөлмө берилет. Бул ишти, Кудай буюрса, келе жаткан окуу жылына бүткөрөбүз деп жатабыз.
Бирок ал күндүзгү реабилитациялык борбор болгондугуна байланыштуу, анын үстүнө ден соолугу чың балдардай болуп 45 мүнөттүк сабакка чыдашпай, эң көп дегени күнүнө 2 сааттын тегерегинде билим алышканы үчүн бул жерден тамактанышпастыгы белгилүү болду. Ал эми ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын үй-бүлөлөрүнө атайын «Уй белекке бер» («Подари корову») деген долбоор иштелип чыгып, анын негизинде андай үй-бүлөлөргө 1 саан уй берилет. Учурда 200дөн ашуун үй-бүлө уйларды алышкан. Облус боюнча бүгүнкү күндө ушундай 8 борбор иштеп жатат. Акыл-эсинде мүчүлүштүк бар балдардын саны облус боюнча 1224. Бул 18 жашка чейинкилер. Ушунча бала коомдон артта калбай билим алуусу зарыл экенин кошумчалай кетсек.
Гүлназ Атантаева
talas@super.kg