Эгиздердин апасы Касиет айым менен бир иш-чарада таанышып калдым. Эгиз уулунун бирин колуна көтөрүп, бирин жетелеп жүргөн эненин баяны каарманыбыздын өзүнүн сөзүндө баяндалсын.
КООГАЛАҢДА ЖАРАДАРЛАРГА ЖАРДАМ – Жашым 43тө. 2 кыз, 1 уулум, анан ушул эгиздерим бар. Жолдошумдун жашы 70те. Улгайып баратканда тапкан эгиздеримдин аты – Жаныш, Байыш, учурда 3 жашка чукулдап калышты. Жөнөкөй адамдарбыз, эки кызымды турмушка бердим. 4 неберем бар. Кош бойлуу экениме 5 ай болгондо боюмда эгиз экенин билгем. 9-июнда Жалал-Абад облустук төрөт үйүнө келип жатып калдым. Анан эле Июнь окуясы чыгып кетти. Биз жаткан учурда алдыбызда ооруп жаткан өзбек келиндер төрөгөнүнө 1 күн болсо да чыгып кете беришти. «Кыргыз-өзбек урушу чыгып кетет окшойт» деген сөздөрдү угуп калдык. Мен маани берген эмесмин.
Биздин үй Таш-Булак айылында болгондуктан, өзбек туугандар менен кошуна жашап келебиз. Ошентип уруш чыгып кетти. Мен турбай жатышым керек болчу, сыртты тыңшап эле жата бердим. 10-июнь күнү оорукананын алдында ызы-чуу башталып, атылган, жарылган үндөр чыгып жатты. Бир тараптан капкара болгон өрт көрүнөт, бир тараптан кара түтүн, мен ооруп жатканымды да унутуп калыпмын. Үйдө балдарым эмне болду экен, жолдошум кантти экен деп санаам тынчыбайт. Көп өтпөй ооруканага жарадарлар түшө баштады. Андагы көргөндөрүм дале көз алдымда турат, башына ок тийген, бутунан жарадар болгон, келтек жеп сабалган, айтор, оорукана кымгуут түшүп эле жатып калдык. Медайымдар бизди да унутуп коюшту, а мен болсо өзүмдүн ооруп жатканымды эсимден чыгарып жарадарларды айланчыктап жардам берип жүрөм. Өзүбүз жаткан керебеттерге жаткырып, оор абалда келгендерин облустук ооруканага жөнөтүп жатышты.
«ЭГИЗДЕРДИН БИРИ ӨӨРЧҮБӨЙ КАЛЫПТЫР» ДЕШТИ»
– Кош бойлуу маалда бардык нерсеге маани бере жүрүү да жакшы экен. Ошентип, 20-июнда төрөт үйүнөн чыгып кеттим. Жайлоого чыкчубуз, 3 бээ саачумун. Кош бойлуулуктун 7-айына жетип калган болчумун. Кулундар байланган желеге бара жатып тайгаланып кеттим да, сол капталым менен жерге кулап түштүм. Абайлап жатып колум менен таянып калайын десем да, катуу тийгендиктен сол тарабым заматта көпкөк болуп көгөрүп кетти. Анан эле ооруканага келдим кайра. Дарыгерлер «эгиздердин бири жакшы өөрчүбөй калыптыр» деп айтышты. Ошондо коркуп калганымды билдим. Себеби коогалаң бүткөндөн кийин да түшүмдөн чочуп уктай алчу эмесмин. Адам каны, онтогон үндөр, бакырык, атышуулар түшүмдө эле эмес, өңүмдө да көпкө чейин унутулбай жүрдү.
Эгиздин бирин өөрчүтүү боюнча аракет кылдырып, гимнастика жасатып башташты. Ошентип жүрүп 30-ноябрь күнү эгиздерим жарык дүйнөгө келишти. Ага чейин 5 күн толгоо тартып аябай кыйналдым. Улуусу Жаныш 2 килограмм 500 грамм, Байыш болсо 1 килограмм 800 грамм салмакта төрөлдү. Төрөлгөндө да көпкө чейин ыйлаган жок. 20 мүнөтчө медайымдар кармалап жатышып, анан бир аз ыйлаган болчу. Уулум ошол бойдон эсине келбей, 18 күн дегенде араң өзүнө келди.
Азыр Жаныш жакшы абалда. Бар көңүлүм Байышта болуп калды. Узун түтүкчө менен сүт ичиребиз, анда да какап кетет. Ошентип ооруканадан да чыктым, эгиздеримдин аман экенине кубанып жүрө бердим. Байыштын колунун бармактары да, буттары да жакшы иштебейт. Төрөлгөндөн 5 ай өткөндөн кийин эле талма оорусу пайда болуп, кармап калчу адат пайда болду. Отурган жеринен терең дем алат да эсин жоготот. Ошол бойдон 10 күндөй өзүнө келе албайт.
Жаныш так секирип жүрөт, Байыш баса элек. Ошентсе да эгизи менен катар эр жетер деп тилек кылып жүрөм. Байыш азыр кадам шилтей албайт, бирок колунун манжалары ийкемге келип калды. Эми аз күндөн кийин Бишкекке барып, дале дарыланууну улантсак дейм. Жашоого нааразы болбойм, бирок ооруканадан башым чыкпаганына бир кейисем, уулумдун бири чуркап, а бири басууга алы жетпей ооруп жатканына бир ыйлайм. Элибизде тынчтык болсун, эл тынч болсо эне аман, эне бапестечү бала да аман болор. Ал коогалаңдын таасири көптөргө тийди. Эми дагы элдин ичи бөлүнбөсө экен, жаңжал чыкпаса экен дейм.
Каалаганыбыз, ар бир эне, ар бир бала дени сак болсун, кайгы көрбөсүн! Байыш да кадамын шилтеп басып, эгизи менен катар энесин кубантып жүрө берсин демекчибиз.
Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg