Мындан бир ай мурун «Супер-Инфо» гезити 1-Июнь – Балдар күнүнө карата сүрөт сынак жарыялаган эле. Шарт боюнча атасы менен кызы, апасы менен уулу кызыктуу сүрөткө түшүп, бизге жиберишти. Редакцияга келген бир топ сүрөттөрдүн ичинен мыкты деп табылгандары super.kg порталына жүктөлүп, эң көп добушка ээ болгон үчилтик «Супер-Инфо» гезитинен белектер менен сыйланышты.
БАКТЫГҮЛ САМАКОВА:
– Амир – үйүбүздүн эркетайы. Дайыма таң эрте ойгонуп оозун чүйрүп бизди күлдүрөт. Сынак жөнүндө укканда дароо баламды туурап мен да сүрөткө түшүп жөнөткөм. 1-орунду утуп алдык, рахмат добуш бергендерге!
Сынакка алыскы Нарын, Талас, Аксы жергесинен да окурмандар катышып, жеңүүчүлөр «Бейби Лэнд» балдар оюн залына барып чер жазышты, редакция тарабынан атайын белектерге ээ болушту. «Супер-Инфо» гезити кичинекей окурмандары үчүн мындай сынактарды уюштуруп, көңүлүн көтөрүүгө дайым даяр. Сынакка катышкан бардык катышуучуларга бактылуу балалык, кең келечек каалайбыз!
Аксыдан келе албай калган Сабырдын апасы Турсунай «белегибизди алдык» деп чалып, 1-июнь күнү Аксынын акимчилиги салтанаттуу түрдө «Супер-Инфонун» белегин тапшырганын айтып кубанды.
Кичинекей Раяна атасынын туулган күнүндө мына ушинтип куттуктап жатканда апасы сүрөткө тартканга жетишиптир. Ширин кыздын сүрөтү эң көп добуш топтоду.
ГҮЛЗАТ ЧАҢГЫЛОВА:
– Балам али баса элек. Ошентсе да сынакка катышабыз деп күчүктөрдү топтоп, кечке убара болуп тартканбыз. Белек жана жагымдуу маанай үчүн «Супер-Инфого» рахмат!
Кичинекей Раяна атасынын туулган күнүндө мына ушинтип куттуктап жатканда апасы сүрөткө тартканга жетишиптир. Ширин кыздын сүрөтү эң көп добуш топтоду.
КАНАТ ӨМҮРКАНОВ:
– Кызымдын ар бир кылыгын сүрөткө тартканды жакшы көрөм. Буга чейин жубайым экөөбүз «Супер-Инфо» уюштурган Сүйүшкөндөр күнүнө карата сүрөт сынакка катышып 3-орунду ээлеп, бирок келе албай калганбыз. Мунусунда атайын Нарындан келдик. «Суперге» рахмат!
ДҮЙШӨБЕК ИСКАКОВ:
– Бул биздин «Супер-Инфодон» алган экинчи белегибиз. Кышында да «Бал-балакайга» сүрөт жөнөтүп, утканбыз. Бул ирет да сынакка катышабыз деп атайын сейил бакка барып, идея издеп отуруп, апасына тарттырган элек.
Нуркыз Курманбек кызы
balakai@super.kg