СОҢКУ МИТИНГДЕРДИН АЛДЫН АЛУУГА БОЛОТ БЕЛЕ?

Жети-Өгүз менен Жалал-Абад коомчулуктун көңүл чордонунда. Бийлик өкүлдөрү биринен сала экинчиси бул окуялардын артында тыкыр планды иштеп чыккан уюштуруучулар турганын айтып жатышты. Атүгүл алардын ким экендиги ысымдарына чейин аталып кетти. Актанышканыбы же башкасыбы, «революциялардын бульдозери» Азимбек Бекназаров, чекист Артур Медетбеков, «Ата Журттун» лидерлеринин бири Ахматбек Келдибеков «митингдин катышуучуларынын талабын-максатын колдойбуз, бирок мындайды уюштуруудан, тфү-тфү, Кудай сактасын» деп оолак качышты.
Бюджетке эң көп киреше алып келген «Кумтөрдү» жарыксыз калтыруу, карапайым калктын төрт мезгилде бир чөнтөгүн кампайтчу Ысык-Көлдүн туристтик климатына доо келтирүү, Ош-Бишкек стратегиялык жолун тосуу – мунун баары апта ичинде болуп өткөн окуялардан зыян тартуунун чети гана. Ушунун баарына жеткирбей, алдын ала чара көрүлсө болбойт беле?

Өмүрбек Текебаев, ЖКнын депутаты:«ПАРЛАМЕНТТИН ПОЗИЦИЯСЫ МААНИЛҮҮ ЭКЕНДИГИН ЭЛ ТҮШҮНДҮ»
– Ысык-Көл жана Жалал-Абад облусунда соңку күндөрдө орун алган окуялардан улам коомчулукта «Жогорку Кеңеш чукул жыйын өткөрбөй кайда жүрөт?» деген суроо жаралып, парламенттин пассивдүү болгону көп талкууга алынды. Мамлекетте абал ушундай курчуп турганда, ЖК Кыргызстандын парламенттик өлкө экендигин көрсөтө алдыбы?
– «Парламент өз убагында жыйналып, окуяга реакция кылса» деген жарандар көп болду. Мунун баары Жогоку Кеңештин позициясы маанилүү экендиги, аны канчалык жаман көрүшсө да, баары бир акыркы сөздү депутаттык корпус айтарын эл түшүнгөндүгүн көрсөтөт. Ооба, ушул дүйшөмбү күнү кезексиз жыйын чакырылган, бирок Жети-Өгүздөгү өзгөчө кырдаал жокко чыгарылганына байланыштуу ал сессия токтотулду. Өзүм да Ысык-Көлгө биздин фракциянын депутаттары менен барып келдим, ошондо эле өзгөчө кырдаалдын киргизилгенине бир күн өткөндөн кийин маселелер чечилип, ага болгон муктаждыктын жоктугу билинген болчу.

Ахматбек Келдибеков, ЖКнын депутаты:«БИЗ ЭЛДИН ӨКҮЛҮ ЭКЕНИБИЗДИ УНУТПАШЫБЫЗ КЕРЕК»
– Жок, көрсөтө албады. Бул окуялар каралбай калчудай мамиле кылышты, мына бүгүн (ред. 5-июнь) деле каралып жатпайбы. Элге маалымат жеткирүү керек, туура түшүндүрүү зарыл. Парламент, бийлик да – элдин өкүлү экенин унутпашыбыз керек. Парламенттик өлкө болгондон кийин, Баш мыйзамда да жазылып турат, бийлик элге таандык деп. Эл ошол бийлигинен пайдаланып, бизди өкүл кылып шайлашкан. Бизди бийликте турган Эшмат же Ташмат эмес, эл тандап, добуш берген. Биз эл ишенимин актай албай жатабыз.
Оппозициядагы фракция иретинде үнүбүздүн жетишинче чындыкты жеткирүүгө аракет кылабыз.

Сейтек Качкынбаев, саясат таануучу:«ЭЛ СОТТОРДОН ТҮҢҮЛГӨНДҮКТӨН, МЫЙЗАМ БУЗУУЛАРГА БАРУУДА»
– Жети-Өгүздө «Кумтөргө» электр энергиясы барчу подстанцияны эл өчүрүп салды, Жалал-Абадда жол тосушту, обладминистрацияны басып алышты. Өкмөт элди мындай кадамдарга жеткирбеш үчүн эмне кылуусу керек эле?

– Коомдо дайыма элита атмосфера жасайт. Ар чөйрөнүн элитасы маданият жаратат. Мисалы, Леди Гага музыка чөйрөсүндө болсо, Эмил Үмөтаалы менен Таабалды Эгемберди бизнес чөйрөсүндө «ушул биз туурай турган үлгү турбайбы» деген имиджди жаратышат. Эгер элита мыйзамсыздыкты адатка айлантса, коомдо да дал ошондой мыйзамсыздык маданиятка айланат. Жети-Өгүз менен Сузактык туугандарымды туура түшүнөм, алар соттордон, мамлекеттик машинадан түңүлгөндүктөн, аргасыздан акыркы чара катары мыйзам бузууга барып жатышат.
Кыргыз улусундагы акыркы окуялар чиркей чагып кеткенден кийин кычышып, ооруган сыяктуу көрүнүштү элестетет. «Кумтөрдү», Сузакты эбак эле «чиркей чагып кеткени» белгилүү болсо да, ага жооптуу органдардын бул маселени чечейин деп да койбогондугунан, чечкиси да келбегендиктен жана чечүүгө колунан да эч нерсе келбестиги дагы бир жолу аларды чилдеде жылаңач жүргөндөй ашкере кылды. Менмин деген кризис менеджер мындай тополоңдун эки-үчөөсүн чече алмак. Бирок өлкөдөгү системдик кризисти фундаменталдык реформалар жасалмайын чече албайт. Фундаменталдык реформалар жасалмайынча бир айдан кийинби, беш айдан кийинби, мындай тополоңдор кайталана берет. Реформалар комплекстүү болууга тийиш. Ириде «мыйзамдын үстөмдүгүн» орнотуу менен баштоо керек болчу.
Биринчи кезекте көз каранды эмес сот реформасы аягына чыккан жок. Мыйзам мурдагыдай эле көпчүлүк учурда президент менен башкаруучу партиялардын ыңгайына карап чечмеленип келет. Мына кечээ эле баш прокурор Аида Салянова кызмат учурунда беш сааттап сулуулук салонунда отурганы ачыкка чыкса да, өлкө жетекчилиги эч нерсе болбогон сыяктуу кебелип коюшпады. Японияда болгондо эбак эле жумушунан кетмек же кетирилмек. Өзү болсо эл алдында кечирим сурап, ошону менен бу кишинин саясий карьерасы ойрон болмок.

Мирсулжан Намазалиев, Борбор Азиядагы Эркин базар институтунун директору:«ЖОЛ ТОРОО ЫСЫК-КӨЛДҮН АТЫНА ДОО КЕТИРДИ»
– Ысык-Көл жана Жалал-Абад облусундагы соңку окуялар өлкөгө канчалык зыян алып келди деп ойлойсуз?
– Мыйзамсыз иш-аракеттердин айынан экономикалык чыгымдар абдан чоң болду. Бул окуялар туристтерди канчалык коркутту деген маселенин чыгымын карап чыгуу оор. Жол тороо Ысык-Көлдүн атына доо кетирип, Тамгадагы көмөк чордонду өчүрүү бир топ эле зыян алып келди. Ар бир саат ичиндеги электр энергияны өчүрүүдөгү залакалар миллиондоп эсептелет.
Жалал-Абаддагы жол тосуунун кесепетине келсек, жолоочулардын ичинен канчасы ооруп, маанилүү иштерине кечигип, банкрот болушканын эсептеп көрүү керек. Митинг эгерде мыйзамды бузбаса, жолдорду тороп, жарыкты өчүрбөсө, эч кандай экономикалык залакасы тийбейт эле.

Орозбек Молдалиев, саясат таануучу:«БАЗАНЫН ЧЫГАРЫЛУУСУНАН АКШ БИЗГЕ ДУШМАН БОЛУП КАЛБАЙТ»
– Соңку митингдердин артында «Манас» аэропортундагы Транзиттик жүк ташуу борборун чыгаруу боюнча ири державалардын колу бар дешүүдө. Ушундай болушу мүмкүнбү?
– Бул сөз Транзиттик жүк ташуу борборунун макулдашуусун денонсациялоо тууралуу мыйзам долбоору ЖКнын Коргоо жана коопсуздук комитетинде белгиленген күнү каралбай калганынан кийин чыгып кетти. Анда комитеттин жетекчилик милдетин убактылуу аткарып жаткан КСДПнын депутаты Ирина Карамушкина катышпай калган болчу. Бирок ошол күнү маселелердин күн тартибинде башка да маселелер бар эле. Андыктан эл далилдүү гана маалыматтарга ишеним артуусун каалаар элем.
Ирина Карамушкина Курманбек Бакиевдин тушунда КСДПнын ичинен бийликке эң чоң каршылыгын көрсөткөн депутаттардын бири болчу, керек болсо жыйындарда сөз эркиндиги сакталбагандыгынан улам оозун чаптап чыккан күндөрү эсибизде. Анан бир жыйындын айынан АКШнын кишисине айланып, Кыргызстанга каршы болуп калмак беле?
Эми ири державаларга келсек, АКШ, Орусия же Кытай болобу, алар бир Кыргызстанда эмес, бардык өлкөлөрдө өз кызыкчылыгын коргойт. Бирок ошол эле учурда биздин мамлекет да өз кызыкчылыгын көздөйт. Ири державалардын каршы саясат жүргүзүүгө башка толтура мүмкүнчүлүктөрү бар. Дипломатиялык, экономикалык же башка тармактар боюнча...
Транзиттик жүк ташуучу борборго келсек, анын чыгарылуусунан АКШ бизге душман болуп калбайт. Ооба, алака солгундашы мүмкүн, бирок мамиле үзүлбөйт. Бирөөнү жамандап же ыксыз актагандан алыс болуп, болуп жаткан окуяларга дурустап талдоо кылсак.

Шайырбек Ташиев, Камчыбек Ташиевдин иниси:«АР БИРИН КӨЗӨМӨЛГӨ АЛУУГА КУДУРЕТИБИЗ ЖЕТКЕН ЖОК»
– Жалал-Абаддагы жол тосууда митингчилердин арасында айдоочулардан акча алып, Бишкекти көздөй өткөргөндөр болуптур. Мындайга жол бербөө үчүн алдынан чара көрдүңүздөр беле?

– Ошондой сөздөрдү мен да чала-була угуп калдым. Бирок акча алып өткөргөн адамды кармап албагандыктан, так жооп берүү мага оор. Анын үстүнө жол тосууда ар бирин көзөмөлгө алууга кудуретибиз жетпей калды. Бул да чындык. Биз көбүрөөк анда турган адамдардын коопсуздугу үчүн күч жумшап, бир катар уюштуруучулук иштерге да көз салууга мүмкүн болбой калды. Жолду эки жеринен торогонубуз менен, үйдү, короону аралап өтүүчү 30дан ашуун жерлер бар болчу. Жабылып турган жолдон эки жарым сутканын ичинде акча берүү менен өткөрүп койгон 1-2 эле окуя катталса керек, андан ашыкча болгон жок деп ишенимдүү айта алам.

Эльвира Караева,
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
PROS
2013-06-11 10:19:52
Болот эле!!!
0
best-life
2013-06-11 17:58:00
Мирсулжан Намазалиев, Борбор Азиядагы Эркин базар институтунун директору:«ЖОЛ ТОРОО ЫСЫК-КӨЛДҮН АТЫНА ДОО КЕТИРДИ» пфффффффффффффффффф аналитик сымак десе )))))))))))))))
0
madina.00
2013-06-13 10:35:27
Сейтек Качкынбаевдин пикири гана акылга конумдуу болуптур, калганын окубай деле койсо болчудай баягы эле эски жомоктору...
0
TolonturCN
2013-06-15 08:13:07
Кыргыз атка минерлериин кимиси кыйратып иштегенин билгели болбой, баары эле жөө чечен, үйдө баатыр жоодо жок, от кетүүнүн алдын албай, от кеткен соң антиш керек эле, минтиш керек эле, анан куру сөздөрдү жатамай, дагы бирөөлөрдү күнөөлөмөйлөр менен абдан убакытты, меенетти текке кетирип жатабыз, өтө эле өкүнүчтүү, ырымдап койгондой
+1
belosnejka1
2013-06-16 06:29:57
TolonturCN, туура байкагансыз.
0
№ 553, 7-июнь-13-июнь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан