Кыргызга кадыры сиңген, дайыма сый-урматтын үстүндө жүргөн ырчы Гүлнур Сатылганованын бейнесине сүртүмдөр. Турмуштун кубанычы, кайгысы, түркүн кырдаалы ырчыны бир топ эле калчады. «Биз он бир тууганбыз» деп сүйүнүп жүргөн эжебиз бир жыл мурун улуу агасынан ажыраган. Төмөндө ырчыга байланышкан ар түрдүү окуяларга, маалыматтарга ээ болосуз.
«АТАМДЫ ТӨРТ ЖЫЛ КӨРГӨН ЖОКМУН»
Ата-эненин ыйыктыгын ар ким ар кайсы куракта, ар кандай учурда түшүнөт экен. ГҮЛНУР САТЫЛГАНОВА ата-энеси туурасында мындай дейт:
– Бир үйдөн бир күйүмдүү чыгат деп коюшат го. Биздин бир туугандардын арасынан күйүмдүүсү мен болдум окшойт. Апам байкуш бала кезинде бир жакшылык көрбөптүр. Аны бизге көп айтып берчү.
Апам он бала төрөдү. Ортобуз бир-эки жаштан. Бала багууда илгери азыркыдай шарт кайда? Удаа болгон он баланы чоңойтом деп жүрүп оорулуу да болуп калды. Ушунун баарын ойлоп апама боорум ачып, эс тарткандан «маанайы көтөрүлсүн» деп өзүм бутума тура электе эле тамак-ашымды, белегимди ташына берчүмүн.
Апам 1938-жылы туулган. Эс тартып калганда атасы согушка кетип, таенемдин курсагындагы перзенти ичинен өлүп түшүптүр. Эмне болуп кеткенин толук аңдай албаган таенем баласын карга көмүп салыптыр. Ошондо аны кылмышкер деп Сибирге айдап жиберишкен экен. Апам ал учурда 4-5 жашта болсо керек, иниси экөө туугандардын колунда калыптыр. Кара курсактын айынан апам тырмактайынан ашканада иштеп, кечкисин жатарга жер жок, тамак куйчу чоң чаралардын ичине уктачу экен. Ошол маалда белгисиз бирөөлөр тик учак менен келип жетим балдарды бир жакка алып кетип, арасындагы таякем да кабары жок жоголуптур. Эсимде, апам ошол инисин издетип, таппай койду.
Апам байкуш 3 класс гана билим алган. Кичинесинде эле ашпозчулук тажрыйба топтогон апам 35 жыл бала бакчада шеф-повар болуп эмгектенди. 45ке чыккандан кийин ооруп калды. Дарылатып, тамак-аш ташып, баарына мен чуркап жүрдүм. Асылган оору апамды 2005-жылы 66 жашында колубуздан жулуп кетти. Көз жумганда тиреп турган тоом урагансыды, жер астын-үстүн болду да калды. Баарыбыз апамдын айланасына чогулчубуз. Апамды караан тутуп, туулган күнүнө белегибизди көтөрүп жөнөчүбүз.
Атам болсо апама чейин 10 жыл мурун каза болгон. Атам салтты өтө катуу кармаган киши эле. Апама эркелеп, атамдан сестенип турчубуз.
1985-жылы атам улуу байкелерим менен айылда калып, мен Искусство институтуна тапшырган жылы апам бизге жөлөк болом деп борборго келе берген. Каникул сайын айылга барып атама тамак жасап, кирин жууп берип турчумун. Окуумду бүтүп, турмушка чыгып кеттим. Кыргыздын салты боюнча кайын журт кыздын ата-энесинин алдынан өтүш керек эмеспи. Кайындарымдын төркүнүмө барганга шарты жок болуп, мен алар менен чогуу барам деп жүрүп арадан төрт жыл өттү. «Күйөөгө чыкты» десе туугандар «кулдугубуз бар деп кудалар качан келет...» деп күтүшөт да. Бара берсемби дейм, кайра туугандарымдын сөзүнөн айбыгып жүргөнүмдө атамдын көзү өтүп кетти. Атам күйөө баласын да, кудаларын да көрбөй калды. Кайын журтту карап отура бербей, жолдошум менен бара берсем болмок экен деп катуу өкүндүм. Өзүмдү да бир аз күнөөлүү сезип калам.
«ЖОЛДОШУМДУН ЭМНЕДЕН КАЗА БОЛГОНУН ТҮШҮНБӨЙ КАЛДЫМ»
Анархан апа менен Абдыразак атанын кичинекей Гүлнурун элестетип, ырчылыкка болгон сапарына саякат жасайлы.
– Атам 6 бир тууган. Бир туугандарынын ичинен билимдүүсү атам эле. Кесиби зоотехник болгондуктан, коңшу айылдарга чейин кыдырып, түнү менен үйгө келбей иштеген күндөрү болуптур. Апам мени төрөгөндө атам иш менен алыста экен. Мен 1-ноябрда түнкү саат экиде төрөлгөм. Ошентип апамды кыйнап жашоого келгем.
Бала кезден эле ырга жакын болуп, ыр боюнча мектеп жылдызы элем. Аттестат алгандан кийин Токтогулдагы «Миң кыял» ансамблинде ырчы болуп эмгек жолумду баштадым. Андан соң «Жетиген», «Арашан» топторунда ырдадым. Шаршен атындагы куудулдар, кийин Арсен Өмүралиев атындагы шаардык театрда да кызмат кылдым.
Актриса болуп жүрүп жолдошумду таптым. Жарым жылга жакын сүйлөшүп, 1992-жылы баш коштук. Жолдошум келбеттүү, кандай роль бербесин, жеткире аткарган талант болчу. Экөөбүз бир гана спектаклде башкы ролду жараттык. 3 жылдан кийин Арнас аттуу уулдуу болдук. Уулубузга 5 ай болгондо жолдошум каза болду. Эмнеге ошондой болуп кеткенин түшүнбөй калдым. Ар түрдүү сөздөр айтылды, ошонун баарына чыдадым. Бир жыл өткөндө Искусство институтунун эстрада бөлүмүндө вокалдан сабак бере баштадым. Анан консерватория ачылып, эстрадалык студиясына солист болдум, акыры ал-күч барда ырдап алайын деп ырчылык жолумду уладым.
«МЕН ДЕЛЕ ЭС-УЧУМДУ ЖОГОТУП СҮЙГӨМ»
Аялзаты табиятынан назик, ыйлаак келет. Ал эми Сатылганова – күчтүү аял.
– Мен деле 5-6 бала төрөп, бактылуу эне болуп отурсам деп кыялданчумун. Бирок баары эле биз ойлогондой болбойт экен. Ортодогу түшүнбөстүктөрдөн улам ажырашкандар же мага окшогон тагдырга тушуккандар канча? Ар бир аял өзүн сыйлаган эркектин жанында болушун каалайт. Кээ бир эркектер акча таап келип, үй-бүлөсүн багайын дебейт же аялына жылуу сөз айтпайт, арак ичип, кол көтөрөт. Ал эркектин ошондой эле энеси, карындашы бар да, ошону түшүнүшпөйт.
Мындай жубайлардын жоругун сүйүүгө таңуулай албайм. Сүйсөң дагы сезим менен эмес, акыл менен сүйүш керек. Сүйүү сасык тумоо сыяктуу оору экенин окумуштуулар айтып чыгышпадыбы. Оору сыяктуу сүйүү деле убактылуу адамды кыйнайт да, өтүп кетет.
Мен деле жаш кезде эс-учумду жоготуп сүйгөм. Азыр акыл менен гана ойлоном. Эркек менен аялдын ортосундагы сүйүү сакталыш үчүн баары бир акыл керек да, туурабы? Турмушка чыккан жокмун деп капа болбойм. Мен чыгармачыл адам болгондон кийин жалгыздыктан коркпойм. Жалгыздык чыгармачыл адамдарга жардам берет. Чынында, ырчылыкты аркалагандарга эркиндик керек. Каалашыңча иштейсиң дегендей. Жалгызмын деп жаздыкка башымды катып ыйлаган аялдардан эмесмин. Мен элимдин эрке кызымын. Ырымды сүйүп уккан элим бар. Мен ишенген жакын адамым, тирегим – уулум бар. Арнас быйыл Кыргыз-Түрк «Себат» лицейин бүтүп жатат. Кудай буюрса, окуусун Түркиядан улантууну көздөөдө.
«АЛТЫНГА ДА, АКЧАГА ДА БАЙЛАНБАЙМ»
Алтынга, акчага алданбаган аял жок дешет. Ырчы бул туурасында мындай ойдо:
– Көпчүлүк аялзаты алтынга кызыгат эмеспи. Мен артынан кубалабайм, жөн гана кесибиме байланыштуу кийген формаларыма ылайыктап зер буюмдарын сатып алам. Биз маданияттын өкүлү болгондуктан, башка аялдарга үлгү болушубуз керек.
Мен ырчылык менен акча табам, ырчылык – менин кесибим. Ошону билишпей, бекер ырдаткысы келгендер да четтен табылат. Кылган бизнесим деле жок. Кээде колумдан келип калса, жетим балдарга, жардамга муктаж адамдарга материалдык колдоо көрсөтүп жүрөм.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg