ӨКМӨТТҮН ЖАЙБАРАКАТ МАМИЛЕСИНЕН УЛАМ ЭЛДИН ЫНТЫМАГЫНА ДАГЫ ДОО КЕТТИ

«Өкмөт өлкөдөгү абалды турукташтыруу үчүн өз учурунда чечкиндүү аракеттерди жасабады». Ушинтип өкмөткө нааразы болгондор көп болду. Алардын коюп жаткан кинесинде негиз бар.
Ысык-Көлдө «Кумтөр» маселесине байланыштуу митинг 27-май күнү башталды. Жергиликтүү жашоочулар «Кумтөрдүн» табиятка, элдин ден соолугуна тийгизип жаткан терс таасирлерин айтышып, оорукана өңдүү социалдык маселелерди чечип берүүнү талап кылышты. Өкмөт тиешелүү деңгээлде көңүл бурбаган соң үчүнчү күнү митингчилер кооптуу кадамга барып, «Кумтөр» жана ага жакын жайгашкан айылдарды электр энергиясыз калтырышты. Ошондон кийин гана өкмөт кыймылга келди. 100дөй митингчини милиция кызматкерлери кармап, түшүнүк кат жаздырып, Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду. Бирок сүйлөшүү жүргүзүүгө барган вице-премьер-министр Шамиль Атаханов «эч кимиңерди камабайбыз, тийишпейбиз. «Кумтөргө» тиешелүү маселени чечүү үчүн убакыт бергиле» деп убада берүүгө аргасыз болду. Окуядан 70 киши жаракат алып, ИИМге тиешелүү автобус өрттөлдү. Жантөрө Сатыбалдиев 1-июнь күнү барып, Балыкчы-Каракол жолун оңдоону «Кумтөр» каржылай тургандыгын айтып, облустагы өкмөттүн жаңы өкүлү Токон Мамытов менен элди тааныштырды. Акыркы күндөрү Токон Мамытов өлкөдө «өрт өчүрүүчүнүн» ролун аткарууда. Жылдын башында Баткендеги Сох анклавында тажиктер менен кыргыздардын арасында олуттуу конфликт чыкканда Чек ара кызматынын башчылыгына депутат Токон Мамытов бекитилген эле. Жети-Өгүз районундагы митингден улам өлкө үчүн кооптуу абал түзүлгөндө бул облуска өкмөттүн өкүлү болуп кайрадан ушул адам жиберилди.
31-майда Жалал-Абад облустук администрациянын имаратына Камчыбек Ташиевдин колдоочулары кирип, «ата журтчу» Медер Үсөновду элдик губернатор шайлап, аны УКМК кармап кеткенинен улам Ош-Бишкек жолун тосуп салышты. Ооба, алар да кайсы бир адилеттүүлүктү издеп чыгышты. Бирок... Бирөөлөрдүн адилеттүүлүк издегени башкаларга адилетсиздик алып келбеши керек. Жол тосуунун айынан айрыкча Бишкекти көздөй бат бузулуп кетүүчү мөмө-жемиш ташып келе жаткандар катуу жабыр тартышты. Айрым айдоочулар товарын Бишкекке бузула элегинде жеткирүү үчүн жол тоскондорго 9000, 15 000 сомдон пара берип өткөндөрүн айтышты. Албетте,  бул Үсөновдун бошотулушун талап кылып чыккандарга аброй алып келбеди.
31-майда башталып, 5-июнга чейин созулган мындай баш аламандыктардын фонунда өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин 4-июнь күнү гана «Жалал-Абаддагы абалды сүйлөшүү жолу менен чечебиз, күч колдонолу деген ниетибиз жок» деген билдирүүсү өтө эле жайбаракат көрүндү. 
Өкмөт башчы 5-июнь күнү «Кумтөр» маселеси боюнча ЖКдагы жыйынга катышмак. Бирок ал Жалал-Абаддагы митингчилер  жолду ачышкан соң ошол жакка жөнөп кетти. Ал жакта абал өтө курч болуп, жолун улай албай тыгылган автоунаалардын саны 1000ден ашып, ара жолдо калган эл зарыгып күтүп турганда барбай, калк тынчыган соң барды. Ал учурда «Кумтөрдөгү» митинг боюнча ЖКнын жыйынына катышуусу керек эле, депутаттардын ур-тепкисинде Шамиль Атаханов калды.
Бул окуяларда жоопкерчиликти аткаруучу бийликке түртө салып, кумга башын каткан Жогорку Кеңешке нааразычылыктар да абдан күчтүү болду. Эң эле жөнөкөйүн айтканда, өлкөнүн түндүгү менен түштүгү митингдерден силкинип жатканда депутаттар чукулунан чогулуп, абалды турукташтырууга кандайдыр бир чара көрүүгө жарашпады. Жеке өздөрүнө тиешелүү маселелерде гана активдүү экендиктерин көрсөтүп коюшту.
Өкмөттүн жайбаракат мамилесинен улам элдин ынтымагына дагы доо кетти. Кыргызстандын түндүгүндө жашагандар, айрыкча Бишкектегилер жол тосуудан улам жабыркап тургандарга жан тартып, митингге чыккандарды сындап, сөгүп жатышты. Кыжырданууларга толгон сындарга жооп иретинде мындан да катуу пикирлер айтылып, интернет гүүлдөп турду. Өкмөт да, митинг уюштуруучулар да элди минтип ич ара тирешүүгө жеткирбеши керек эле.
Парламент чала жан, өкмөт кенебес болсо, аргасыздан деле президенттин ролу жогорулайт. Анан ошол эле депутаттар нааразы болуп кыйкырып чыгышат, «президенттин таасири өсүп баратат, биз парламенттик өлкөбүз» деп.

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
PROS
2013-06-10 13:07:16
Парламенттик олко деп, тимеле! Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт, президент гана башкарыш керек! Парламенттегилер ар кимиси ар кайсыны айтып, бир чечимге келгенге чейин „той” таркайт!
0
tynara81
2013-06-10 15:30:44
Жол тоскондор бийликтин реакциясын кутсо, бийликтегилер митингчилерге каршы жолдо калган элдин реакциясын кутуп отура беришти да. Пайдасыз бийликтин не кереги бар дейм да элге.
0
mirlanusenov
2013-06-11 05:54:36
Гүлмайрам эжебизге даңк туура баа берген. Биздин бийликтегилер өз алдынча иш кыла алышпайт алар күн карама. Көз каранды
0
TolonturCN
2013-06-15 08:19:07
Саясаттын ар кандай чийеленген терминдери, уурандарынын эмне кереги болуп жатат, элдин баашын айланткандан бөлөк, саясатчылар, атка минерлердин көзгө көрүнүктүү иштегендери деги кимдер, же атка минерлерибиз эшекке минип алышканбы баары эле, кооз сүйлөп кыйратып жасаган реелдуу иши жок. иши кылса көп нерселерди уттуруп жатабыз, өзү менен өзү алпурушуп, өнүгүүнүн дө&#
0
№ 553, 7-июнь-13-июнь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан