ШАМИЛЬ АТАХАНОВ ӨЗ АРЫЗЫ МЕНЕН КЫЗМАТТАН КЕТТИ

Кыргызстандын коргоо жана коопсуздук боюнча вице-премьер-министри Шамиль Атаханов митингдерге байланыштуу өзүнүн дарегине айтылып жаткан сындардан улам 6-июнда жумуштан кетүү боюнча арыз жазып, өлкө башчысы ошол эле күнү арызды канааттандырды. Өнүккөн өлкөлөрдө кайсы бир чиновниктин дарегине орундуубу, орунсузбу, айтор, сындар айтылып баштаса, ал автоматтык түрдө кызматтан кетет. Бизде кандай, Турсунбек Акун сыяктуу «эгер мени жумуштан кетирчү болсоң, тиги былыгыңды айтам...» деген өңдүү коркутуулар башталып, чиновниктер креслосун оңойлук менен бошотуп бербейт. Жаңы өкмөттүн тушунда үлкөн чиновниктин өз каалоосу менен жумуштан кеткени экинчи ирет катталып
отурат. Буга чейин социалдык өнүктүрүү министри Кылычбек Султанов өз каалоосу менен арыз жазып, учурдагы кыргыз саясатында жаңы маданияттын үлгүсүн көрсөткөн эле.

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
PROS
2013-06-10 16:04:27
Ш. Атаханов го куч келгенде чыга качты, а бирок, К. Султанов эркекче оз ыктыяры м.н иштен кеткен.
0
qqqqq
2013-06-10 17:24:36
Султанов Окмоттун саясатына макул болбой кетип калган, Вицепремьерге каршы болуп
0
LEP888
2013-06-10 18:02:56
Кетиш керек эле бул адам давноооо эле.
0
ruslan1969
2013-06-11 00:47:07
Батукаевди чыгаргандан кийин бул структуранын кереги жок деп жоюлат бул структура Батукаевди чыгарыш учун ачылган атаханов озунун коррупцинердик милдетин 100%аткарды.Эмиакырын кырызстандан чыгып кетет.
0
aigulai
2013-06-11 10:13:49
Бирок, Ысык-Колго эл менен жолукканы ушул адам келди го, элдин сурунон коркпой.
0
Шаиста Шатманова
2013-06-11 12:26:45
aigulai, туура айтасыз.
0
Aruuzat-19_21
2013-06-11 13:44:33
Ушул киши эч жакпайт да... озунун иши буткондон кийин куйрукту туйуптур да ....
0
Nursultaan
2013-06-11 14:20:24
aigulai , korkpoi baryp alyp kyrgyzcha suilop kechirip surap jibergenin korbogonsungoo e
0
best-life
2013-06-11 17:51:34
аз отпой коросунор го бул чинуш да майлуу жерден орун алат ))))
+1
№ 553, 7-июнь-13-июнь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан