Бишкекте 4-июнь күнү жүргүзүлгөн рейдде эки саат ичинде 104 жол эрежесин бузуу фактысы катталган. Бул тууралуу ИИМдин жол коопсуздук кызматы билдирди.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунда 31-майдан 3-июнга чейин МИҢДЕН АШУУН киши бекер медициналык кароодон өттү.
Президент Алмазбек Атамбаев министрликтердин алдындагы КООМДУК БАЙКООЧУ КЕҢЕШТЕРДИН ишин узартуу боюнча буйрукка кол койду.
Абактагы депутат НАРИМАН ТҮЛЕЕВ ден соолугу кескин начарлап кеткендигине байланыштуу Улуттук онкологиялык борбордо дарыланып жатат.
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев ОҢ РУЛДУУ ТАКСИЛЕРДИ айдоого тыюу салуучу мыйзамды колдогон жок. Аны кайра иштеп чыгуу үчүн ЖКга жөнөттү.
Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушу ушул жылдын 12-июнунда башталат жана ага Орусия 31 МИЛЛИОН доллар бөлөрүн «Жогорку Нарын ГЭСтери» ЖЧКсынын башкаруучу төрагасы Игорь Горбенко кабарлады.
Газдын баасы доллардын курсу көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу 4 ТЫЙЫНГА кымбаттады. Май айынан тартып өлкөнүн жалпы керектөөчүлөрү жаратылыш газынын 1 метр кубу үчүн 15 сомдон төлөшөт.
Кыргызстандагы зыяратчылар тобу МЕККЕГЕ ВЕЛОСИПЕД МЕНЕН барышат. Бул тууралуу топтун жетекчиси Нуркамил ажы Саскеев кабарлады.
Бишкек шаарынын мэри ИСА ӨМҮРКУЛОВ 14 күндүк кечигүү менен 25-июнда шаардык кеңештин депутаттарына 2012-жылдын отчётун угузмак болду.
ЖКдагы вице-спикер БАКЫТ ТӨРӨБАЕВ ээлеген кызматынан кетти.
Бул жумадагы окуялардан улам УКМКнын жетекчиси Бейшенбай Жунусов кызматтан алынып, ордуна БУСУРМАНКУЛ ТААБАЛДИЕВ дайындалды.
Токтогул гидроэлектрстанциясын калыбына келтирүү үчүн 260 МИЛЛИОН доллар керектелет. Бул тууралуу мамлекеттин тышкы карыздары боюнча мониторинг жүргүзгөн жумушчу топтун мүчөсү Гүлшайыр Абдырасулова билдирди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.