АМРАЖАНОВДУ АКМАТБАЕВДИН ЖИГИТТЕРИ ӨЛТҮРГӨНБҮ?

Буйрутма киши өлтүрүүлөр, дайынсыз жоголуулар Кыргызстанда көндүм көрүнүшкө айланып бараткандай. Экс-депутат Жусупжан Жээнбековдун он айдан бери дайынсыз келген уулу Бактияр Амражановдун жоголуусуна шектүү бир адам кармалып, анын көрсөтмөсү менен сөөк да табылды. Бул тууралуу Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев маалымат жыйынында билдирди.

Окуяны эске салсак...

2008-жылдын 26-сентябрында Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жусупжан Жээнбеков Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБине баласы Бактияр Амражановдун белгисиз адамдар тарабынан уурдалып кеткени тууралуу билдирген. Айта кетсек, 1974-жылы туулган Бактияр Амражанов былтыркы жылдын 24-сентябрынан бери табылбай келет. Ошол күнү Бактияр эртең мененки 7.30 чамасында баласын борбор шаарыбыздагы №133 бала бакчага жеткирген бойдон дайынсыз жоголгон. Андан бери бул окуя кандай гана саясый түстөргө боёлгон жок. Аталган окуядан улам Жусупжан Жээнбеков депутаттык мандатынан да баш тарткан.

Шектүүлөрдүн тизмеси такталды

Жусупжан Жээнбековдун арызынан кийин Октябрь райондук
ИИБи тарабынан кылмыш иши козголгон. “Кылмышка шектүү” делгендерге атайын издөө салынган. Иликтөө иштеринен улам 2009-жылдын 10-июлунда издөөдө жүргөндөрдүн бири Улан Кожоев кармалган. Анын көрсөтмөлөрүнүн негизинде аталган кылмыштын бети ачылганы турат.
Сурак учурунда Улан Кожоев уурдап кетүүнү Жумабек Зикирбаев, Абдумалик Жумабаев жана Каныбек Жуманазаров менен биргеликте ишке ашыргандыктарын моюнга алыптыр. Анын айтымында, кылмыштын башкы демилгечиси Зикирбаев болгон. Мындан тышкары, Кожоев Бактияр Амражановду уурдагандан көмгөнгө чейинки окуяларды так айтып берген. Анын мындай көрсөтмөлөрү күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө дал келген. Маалымат жыйынында М.Конгантиев аталган жигиттер ыраматылык Рыспек Акматбаевдин тобундагы балдардан экендигин билдирип өттү. Ошондой эле балдардын атактуу спортчу Раатбек Санатбаевдин да өлүмүнө тиешеси бар экендигин айтып, “жакын арада ал кылмыштын да бети ачылат” деген кыязда маалымдады.

«Акча берем» дегенине карабай атып салган

Иш жүзүндө окуя кандай болгондугун Улан Кожоевдин билдирүүлөрүнөн билсек болот. Анын айтымында, Жуманазаров, Жумабаев, Зикирбаев төртөө Амражановдон бир топ суммада акча өндүрүү максатында 24-сентябрь күнү үйүнүн алдында күтүшөт. Бирок болжогон ойлору ишке ашпай калган кылмыштуу топ аны бала бакчадан колго түшүрүүнү чечишет. Ал жерден Бактиярды тапанча менен коркутуп, өзүнүн машинасы менен Кемин районуна караштуу Капчыгай деген жерге алып барышат. Ага чейин “Аламүдүн” базарынан күрөк да сатып алууга жетишишет. Капчыгайда кылмышкерлер менен Амражановдун ортосундагы сүйлөшүүлөр көпкө созулбайт.
Кожоев Уландын айтуусуна караганда, Амражанов алардын талап кылган акчасын банк аркылуу которуп берем дегенине карабай, Зикирбаев (кезинде атайын багыттагы отрядда кызмат өтөгөн) “бизди минтип оңой карматайын деген оюң барбы?!” деген сөздөрдү айтып, атып салат. Андан кийин маркумдун кийимдерин кескилеп, сууга ыргытышат. Чоң-Кемин суусунун жээгинен 20 метр алыстыкта тереңдиги 30-40 сантиметрдей жер казып, сөөктү көөмп салышат. Сөөк терең казылып көмүлбөгөндүктөн, кайра казып алууда кээ бир дене мүчөлөрү табылган эмес. ИИМдин кызматкерлери бул тууралуу “көмүлгөндөн кийин айрым сөөктөрдү жапайы жаныбарлар сүйрөп кетишкен” деген божомолдорду келтиришти.
Учурда табылган сөөк калдыктары боюнча соттук-медициналык, соттук-генетикалык, соттук-биологиялык жана башка экспертизалар жүргүзүлүүдө. Ошондой эле жогоруда аталган калган 3 кылмышкерди колго түшүрүүнүн үстүндө активдүү иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Өлүмү ишкердигине байланышканбы?

Бактияр Амражановдун дайынсыз жоголуусу анын ишкердигине байланыштуу экендиги маалымат жыйынында министр Молдомуса Конгантиев тарабынан айтылып өттү. Тактап айтканда, Бактияр Амражановдун Москва шаарындагы соода түйүндөрүнө да тиешеси болгон. “Акча бар жерде араздашуу да бар” дегендей, мындай иште атаандаштар болбой койбойт эмеспи. Андыктан ИИМдин версиясы боюнча, анын дайынсыз жоголуусунун себеби да дал ушундай атаандашуу болушу мүмкүн.

«Менин балам экенине ишенбейм»

Ал эми Жусупжан Жээнбеков Капчыгайда табылган сөөк тууралуу: “Менин балам экенине ишенбейм, ишенгим да келбейт. ДНКнын анализдери чыкмайынча эч нерсе айта албайм”,- деп жооп берүүдө.
Учурда табылган сөөктү аныктоо иштери өзүбүздө жана Москва шаарында жүрүп жатат. Чынында эле табылган сөөк Бактияр Амражановдукубу же кармалган кылмышкер Кожоев Уландын көргөзмөлөрү теңирден тескери чыгабы, экспертизанын жыйынтыгы чыккан соң маалымдайбыз.

Бул иш боюнча издөө жүргүзүлгөн объектилер:

– 78 туристтик база
– 262 үй
– 282 соода-сатык түйүндөрү
– 1134 каралбай калган үй
– 8433 үйдүн чатыры
– 5535 люк
– 732 чакырым жылуулук трассасы
– 6469 жер төлө
– 1028 дача
– 294 токой
– 387 көлмө
– 1598 кашар
– 731 агын суу
– 39 миңден ашык машина. Мындан сырткары, иликтөө жүргүзүүчү топко сырттан оперативдүү кызыгуу жа­раткан 43 маалымат келип түшкөн.

Кылмышкерлер тобу


Зикирбаев
Жумабек
Нуркамилович

07.08.1972-ж.


Жуманазаров Каныбек
Сатымкулович

27.07.1978-ж.


Кожоев
Улан
Шаршеевич

05.04.1978-ж.


Жумабаев
Абдумалик Кочкорович

24.02.1967-ж.


Бахияна Сатылганова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 350, 17-23-июль, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан