Ырчы Данияр Эрматов менен продюсери Канат Кадыржандын келишими эки ай мурун аяктаган эле. Көп убакыт өтпөй Даниярдын сунушу менен эки жигит кайрадан иштеше баштады. Биригишкендер дароо «Жүрөгүм» деген ырга клип тартууга да үлгүрүшүптүр.
Баса, Даниярга мындан бир жыл мурун казак туугандардан «Токто, жаным» аттуу ырды казакча которууга уруксат бериңиз» деген кат келген. «Бирөө тамашалап жатса керек» деп ойлогон Данияр буга олуттуу караган эмес. Көп өтпөй бул ырды Кайсар Көкишев аттуу казак ырчысы казак тилине которуп аткарып жүргөнү маалым болду. Муну уккан Данияр кубанычта жүрөт.