Каныкей:«МЕН РОБОТ ЭМЕСМИН ДА...»

Аталышы – «Садагам»
Өткөн орду – Спорт Ордосу
Башталышы – 19:40 (40 мүнөт кечикти)
Көрүүчүлөр – Залдын 98 пайызы (31-май күнү)
Алпаруучу – Эркин Рыскулбеков
Билет баасы – 200-700 сом

Өзүн обу жок деп атаган Каныкей 30-31-май күндөрү жеке концертин берди. Каныкейдин концерти дегенде жөн каламбы, бардым, кандай жаңы сөздөрдү эшитер экем деп. Жандуу концерттин сүрү да башкача болот эмеспи, сахнаны карасам музыкалык аспаптар, ортодо килейген экран, эки четинде ырчы кыздын сүрөтү илиниптир. Жасалгасынан өзгөчөлүк байкабасам да, Каныкейдин аткаруусундагы ырлар аларды жууп кетти.
Ушу кыздын «бул – жашоо» деп айрым ырларын түшүнүксүз эле чыгара бергенин көп жактыра бербейт айрымдар. А бирок элдик ырларды «эзип» ырдап коёрун билебиз. Концертке эмне үчүн барабыз, албетте, эстетикалык рахат алуу үчүн.
Алгач алпаруучусу жок эле жалгыз чыгып «Садагам» ырын ушундай бир эргүү менен ырдап салды. Ырдап бүткөндөн кийин залда отургандар менен амандашып, кулакка сиңип калган «Жашоо бар, жашаш керек!», «Баары сиздер үчүн!» деген сөздөрүн айтып, башын ийгенден тажабады. Ойлогом «аа, алпаруучусу жок, концертти өзү башкарат окшойт» деп. Эркин Рыскулбеков деген алпаруучу жигит чыгып, шуулдап кыргызча-орусча тамашалап көрүүчүлөрдү жакшы эле жандандырып, концерт ортолоп калганда залды аралай басып элди кол чаптырганга да жетишти.
Тердеп-кургап, берилип, үнү кээде жетпей калса да болушунча созуп ырдап аракет кылган Каныкейдин чыгармачылык кечесине келгендер алакан кызаргыча кол чаап отурушту. Конок катары келген «Oakland» тобу, Нурбек Савитахунов менен бирге «городской шум-шум...» деп ырдаганда «Каныкей ушуну жөн эле койбоптур» дедим ичимден. Негизи, ырчы кызга мындай ырлар жарашпачудай. Мына Гүлнур Сатылганова менен «Нандын жытын» бир келиштирип ырдап салды, «бали» деп кол чапкандар көп болду.
2 саатка созулган концертти айрымдар «аз, тойбой калдым» деши мүмкүн, бирок 2 саат бою жандуу ырдап, өзү кошо алып барышып жаткан ырчынын энергиясы ошого эле жетти да, өзү айткандай, робот эмес да.
Баса, айрым учурларда залдагыларды күлдүрүп, көрүүчүлөр менен тыгыз байланышта болгонун белгилеп кетпесем болбос. Чарчаганда жердеги бөтөлкөнү ала коюп «азыр, ээ, мен суу ичип алайын, мен деле адаммын да, робот эмесмин» деп ууртап жатты.
Жалпысынан концерттин жүрүшүнө «жакшы» деген баа бердим.

Толик сынчы
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (37)
semi_89
2013-06-12 13:12:04
жолдошума да мага да жагат. Стили да сонун башкалардан озгочо бп турат
+1
Mir83
2013-06-12 22:12:46
Каникей супер. Концертине барбай калганына окунуп жатам
0
kgul
2013-06-13 01:16:28
озуно жаршкан стиль ушул, макияжы жок корсонор журогуунор тушот
-1
mig
2013-06-13 11:54:27
Макияжы жок да крсавица, Каныкейди тушунбой, баары бир инкубатордон чыккандай макияж жасаган, бирдей маанисиз ырларды ырдаган "артистерти" жактырган кишилерден журогун тушот
+1
ROUSE
2013-06-13 16:09:46
уну сонун. стили да жагат. башкалардай жарым жыланач болуп танец животаны былкылдаганын коро элекмин. кыскасы СУУУПЕРРР
0
shanushka
2013-06-13 21:45:50
unu abdan soonun nuu bashkalardikinan ayirmalanip turat biyil da super yrchy ayim bolso kerek!
0
Legion
2013-06-14 11:54:06
каникей мага абдан жагат
0
Legion
2013-06-14 11:55:27
ты супер нурзатка
+1
ajxana
2013-06-14 18:15:48
мага ушу кыз такыр жакпайт
0
Shota69
2013-06-15 16:10:31
Жакпаса карабай эле гой, жакчуларга жагат эле!
0
EL85
2013-06-15 20:35:14
Каныкей азаматсың! ЫРларың эң эле уккулуктуу жана маани-маңызы бар ырларды жаратасың.Мен сени сыйлайм.
0
aybek.shermambetov
2013-06-15 21:34:08
Азаматсын Каныкей алдыда дагы коп ийгиликтер кутуп атат. Алыста журсом да ырларын уккандан тажабайм. Айтмакчы Жолдош сиз м.н дагы эле иштешип атабы? Ал досумдун да талантын баалайм. Жана бер жылдыз болуп жаркырап. Озгочо стиль м.н айырмаланып шоу бизнестен орун таба алганыны,жаш болсо да талыкпай эмгекине таазим. Алга Каныкей!
0
Саби
2013-06-16 13:31:34
Каныкейдин ырдаганы жакшы бирок эле кебетесин туру шумдук кылып алат.Анан дагы бир корсотуудон суйлогон создору обу жоктугу жакпай калды.Кадимкидей эле болсо кийимин ону -башын боесо дагы.
0
aizish
2013-06-17 06:32:20
Тескерисинче мага биринчи стили жагат башкаларга окшоп папугай болбой, экинчиден уну уккулуктуу, учунчудон эмгекчил, тортунчудон жонокой жана ыймандуу кыз, эч качан уккан эмесмин бул жонундогу жаман пиярларды значит намызын коргогон кыз.
0
Fute22
2013-07-31 11:08:37
Каныкей супер!
0
№ 553, 7-июнь-13-июнь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан