Рубрикабыздын бул жолку каарманы – япон, англис тилдеринде эркин сүйлөгөн, өзү назик болгону менен, самурай кылычын кынынан сууруп, кол салган душмандан коргоно билген, тактык менен жоопкерчиликти баалаган Чинара Эсенгул деген айым. Ал жакынкы күндөрү эле Японияга барып, иайдо өнөрү боюнча 4-дан даражасына ээ болуп келген. Чинара айымга машыгуу залынан жолугуп, кепке тарттык.
КААРМАН ЖӨНҮНДӨ КЫСКАЧА
- Аты-жөнү – Чинара Эсенгул.
- 1981-жылы 1-январда туулган.
- Бир үйдүн жалгыз кызы.
- 2003-жылы КУУнун эл аралык байланыштар факультетин бүтүргөн.
- Улуттук стратегиялык иликтөөлөр институтунун илимий кызматкери.
- Үй-бүлөлүк абалы – бойдок.
«КОНОК КЕЛГЕНДЕ ЖЕҢЕЛЕР ЖАРДАМ БЕРБЕСЕ» ДЕП ТУРЧУ
Чинара айымдын балалыгы Нарын шаарында, таенесинин колунда өткөн. Таенеси өмүр бою мээрман айым болуп эмгектенген. Орус мектебинде билим алганына карабай кыргыз тилди, улуттук каада-салтты мыкты билгенине таенесинин салымы зор деп эсептейт. Жалгыз кыз болгондуктан, эмне кайсы жерде турарын жакшы билип, үй ичин иреттүү кармачу. Конок келип калган учурда секелек кыз бардык жумушту өзү жалгыз эле жайгарып койчу.
Меймандос кыргыз эли конокко барганды, тосконду жакшы көрөт эмеспи. Ошол күндөргө кылчайып: «Окуучу кезде үйгө жыйырма адам келсе да өзүм эле эч кыйынчылыксыз тосор элем. Койду байкелерим союп берет да, ичеги-карынды артып, улуттук тамактарды өз алдымча жасай алчумун. Жеңелерим жардамга келгенде жүдөп кетчүмүн, ошондуктан алар аралашпаса деп турар элем»,- дейт ал.
ЭМГЕГИ КИТЕП БОЛУП БАСЫЛДЫ
Нарындагы Чкалов атындагы мектептин босогосун аттап, алтын медаль алып туурунан учкан. Окуучулук кезде жакшы көрүп окуган сабактары физика, чет тили, тарых болгон. «Мага окуган оңой сезилет, бат өздөштүрчү элем. Тапшырманы да эч качан оор кабыл алчу эмесмин»,- деди билимге ынтызар мезгилин эскерген Чинара.
Кичине бир нерсени түшүнө баштаганда эле саясатчы болгусу келгендигин «саясатчылар чечим кабыл алышат, эл анын негизинде жашайт деп ойлоп, мен да алардын катарында болууну эңсечүмүн» деп түшүндүрдү. Ошентип, эл аралык мамилелер факультетин тандап, Улуттук университетке окууга тапшырган. «Мектепте окуп жүргөндө япон маданияты жөнүндө журнал окуп калдым. Ошондон тарта Япония менин жан дүйнөмдү ээледи. Университетти бүткөндөн кийин Япониядагы Эл аралык университетке тапшырып, өтүп кеткем. Аны Азия өнүктүрүү банкы каржылаган»,- дейт каарманыбыз. Японияда англис тилинде жазылган магистрдик эмгегин абдан жакшы деп табышып, япондор китеп кылып басып чыгарышкан.
ТУРМУШКА ЧЫГУУ КИЙИНКИ ПЛАНДА
Маектешим учурда саясат илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын жактоо алдында. «Азыр апам менен жашайм, турмушка чыга элекмин. Кийинки жылдарга деп пландаштыруудамын, буюрса, кандидаттык ишимди да быйыл жактайм. Эмдиги жылы жеке жашоом менен алек болсомбу деп жатам»,- деп сыры менен бөлүштү.
Бир учурда үч жерде иштеген, тыпылдаган Чинара айым Улуттук стратегиялык иликтөөлөр институтунда илимий кызматкер болуп эмгектенет. Ал жерден чыгып, кечки саат бештерде Улуттук университеттеги эл аралык мамилелер факультетине барып сабак берет. Сыпаа сүйлөгөн, кичи пейил Чинара «студенттерим өзүнчө бир дүйнө, билим бергенди, окутуучулукту жакшы көрөм» дейт. Андан соң залга келип иайдо боюнча устаттык кылат. Шакирттери 2-3-данды алып калышты. Япон согуштук өнөрлөрүндө «дан» деген түшүнүк чеберчиликтин даражасын билдирет. «Иайдо спорт эмес, өзүн-өзү коргоого үйрөткөн өнөр. Мында бирөөгө кол салуу, чабуул деген жок. Спортто эреже бар эмеспи, а бизде андай жок. Анткени спортто жеңилесиң же жеңесиң»,- дейт Чинара айым.
Бүгүнкү күндө иайдодо эң жогорку даража – 8-дан. Бул өнөр ички күчтү, денени башкарууну жана кылычты кынынан чыгарып пайдаланууну үйрөтөт. Орто Азияда иайдо бир гана Кыргызстанда бар, аны Чинара айым алып келген. Ал 2007-жылы «Шисейшан» деген иайдочулардын клубун негиздеген.
Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, тышкы саясат боюнча курч пикири, түз сыны менен көз карашын билдирип келген каарманыбыз менен өлкөдөгү маанилүү маселелер алкагында кеп козгодук.
– 4 президенттин тушундагы тышкы саясатка кандай баа бере аласыз?
– Менимче, төрт президенттин арасында туңгуч президент Аскар Акаев абдан оор убакта келип, чоң иштерди жаратты. Тышкы саясатта ал киши туура саясат алып барган. Курманбек Бакиевдин кезинде болсо тышкы саясатка көңүл бурулбай калды. Ал адам ички саясат менен көбүнчө алек болду. Үчүнчү лидер да татаал, өткөөл учурда башкарып турду. Роза Отунбаева өзү дипломат болгондуктан, кыска убакытта болсо да тышкы саясатка бир топ эле көңүл бурду. Учурдагы президентке кыйын болуп турат, ал башка өлкө башчылардын катасын кайталабашы керек, ошол эле учурда бир чечим кабыл алышы кажет. Алмазбек Атамбаев тышкы жана ички саясатта тең салмакты алып жүргөнгө аракет кылып жатат окшойт.
– Президент журналисттер менен болгон жолугушууда «2014-жылы база чыгарылат» деп чечкиндүү айтты. АКШ Бишкекте калуунун айла-амалын издеп, кандайдыр кутумдукка барышы мүмкүнбү?
– АКШнын базасын чыгаруу жөнүндө сөз болгондо Атамбаев аскердик база чыгарылат, бирок эл аралык хаб – транспорттук түйүнү түзүлөт деп айтып жатат. Бирок аскерий эч нерсе калбайт, ошол эле учурда азыркы дипломатиялык статусун жоготот. Албетте, бул америкалыктарга жакпай жатат, база толугу менен чыкса, АКШнын Орто Азиядагы таасири да басаңдайт. Андан сырткары алар Кыргызстандан башка бир өлкөгө барып, жаңыдан отурукташуусу убакытты талап кылат. Бирок алар бул жакта калууну көздөп акча коротуп, кандайдыр чагымчылдык уюштурушу мүмкүн деп айта албайм. Себеби Барак Обаманын алдыдагы максаты АКШнын экономикасын көтөрүү болуп турат.
– Орусия тартипти күчөтүп, сырттан келгендерге визалык режимди кийирген жатат. Башка өлкөлөрдө сырттан келген мигранттарга кандай көзөмөл бар?
– Америка менен Японияда окуп, жашап келдим. Аларда адамдын өзүнүн жөндөмдүүлүгүнө, адамдык сапатына карайт. Мамлекет катары, улут катары калыптанып калгандар сырттан келген мигранттардан коркушпайт. Ал эми Орусия мамлекет катары, улут катары калыптана элек.
– Жаш кезиңизден саясатчы болууну эңсеп жүрсөңүз, чоң саясат майданына качан түшөсүз?
– Ооба, саясатчыларды башкача ойлочумун. А чындыгында, саясат деген популизм тура. Көрсө, маселелерди алардын кеңешчилери чечет экен. Көп нерсени ошолор жайгарышат, мен да бир мыкты саясатчынын кеңешчиси болсомбу деп калдым.
– Бүгүнкү күндөгү кайсы саясатчыга, кимге кеңешчи болгуңуз келет?
– Азыркы учурда андай саясатчы деле жок, бирок Тышкы иштер министрлигине кеңешчи болсом жарашат эле деген ойдомун.
– Коргонууну мыкты өздөштүрдүңүз, кийин саясатка келсеңиз, бул ыкмаларды колдонуп калышыңыз мүмкүнбү?
– «Иайдо» деген сөздүн «до» мүчөсү «жол» дегенди түшүндүрөт. Бул өзүнчө философия, ошол үчүн саясат жолундабы же башкадабы, дегеле жашоодо жеңишке ээ болуу дегенди көздөйм. Ошол алга умтулуу, чынчылдык менен жеңишке жетүү ыкмасын колдонсом болот.
– Маегиңизге рахмат!
Гүлмайрам Сабырбекова
koom@super.kg