Бактияр Токторов:«СҮЙҮҮСҮ ЖОК ТУРМУШ КУРГАНБЫЗ»

Эсиңиздердеби, 90-жылдары Бактияр Токторов дегенде кыздар ичкен ашын коё калып ырларын укчу. Жадакалса ашынган күйөрмандары «өзүбүздү өлтүрөбүз» деп коркутканын да ырчы айткан эле. Бир учурда «Биз» тобунун кассетасы үчүн кыздар менен урушкан Наргиза аттуу күйөрманы азыр кумири Бактияр Токторовдун түбөлүк жарына айланган. 15 жыл бирге түтүн булаткан жан шериктер жашоодогу кызыктары менен бөлүштү.

Бактияр Токторовдун үй-бүлөсү
Баш кошкон датасы – 1998-жыл, 7-ноябрь
Ортосунда 3 кыз, 1 уулу бар
Ортосундагы айырмачылык – 11 жаш

– Бактияр мырза, жубайыңыз Наргиза менен турмуш жолуңуз кандайча байланган?
– Биз, чынында, сүйүшүп үйлөнгөн эмеспиз. Наргиза өзүмдүн эле аяш акемдин кызы. Ал кезде мурунку жубайым Оксана менен ажырашып, эки жылдай бойдок жүрүп калдым. Ошондо эжем Наргиза экөөбүздү тааныштырган. Бир жолу жолуктук, ошондо эле «азыр сүйүшпөйбүз, кийин турмуш курганда сүйүү болот» деп айткам. Ошентип, 2-3 айдан кийин ал окуусун бүткөндө ала качканбыз. Келинчегим мурунтан кыялданып жүргөн экен да, «менин ханзаадам ак тулпарда келет» депчи. Мен да ошондо ак кийинип, ак Жигули менен барып ала качкам.

– Наргиза, өзүңүз жаш болсоңуз, мурун үйлөнгөн, популярдуу ырчыга баш кошуу чочулоо жараткан жокпу?
– Чынын айтсам, аны ойлонбоптурмун деле. Бактиярды көргөндө эле өзүмдү жоготуп, кантип макул дегенимди да билбейм. Кичинекей кезимден тартып Бактиярдын күйөрманы элем, жадакалса кыздар менен кассеталарын талашып урушуп кеткен күндөр болгон. Биринчи жолугушкан күнү да таанышып колун сунса, аны деле байкабай, көздөрүнө арбалыпмын. Ошентип, ата-энем «жашы улуу, үй-бүлөсү бар» дегенине карабай кумириме турмушка чыктым. Бактияр да ошондо эле «сени менен баш кошоюн деп келгем. Өзүң жаш кыз экенсиң, мен мурун үйлөнгөм, эч нерсем деле жок, жөнөкөй жигитмин» деп ачык айткан.

– Кумириңиз менен жашоо сиз күткөндөй болдубу?
Н.: – Башында ар кандай кечелерде жүрөт окшойм деп элестеткем. Турмушка чыккандан кийин анысы деле жок, үйдө эле отуруп калдым (күлүп).
Б.: – Мындай кыялдары ишке ашпай калды. Экөөбүз он жылдай батирден батир которуп жашап жүрдүк. Батирдин кожоюнуна уялганымдан «Канчага сатасың? Өзүм эле сатып алат окшойм» деп койчумун. Ошентип, үй алдык. Көп жыл уулдуу боло албай жүргөндө Наргиза «башкага үйлөнөт окшойсуз, мен уул төрөп бере албадым» деп калчу. Аябай жакшы көргөн адам ошентет экен да, бактылуу болсо экен деп.
Н.: – Башында турмушка чыкканда Бактияр Токторовго тагдыр мени кошконуна сүйүнүп «кандай болбосун, ушул жигитти бактылуу кылам» деп өзүмө сөз бергем. Анан карасам жалаң кыздар эле төрөлүп жатат. Үйдө бүт баары жакшы, бирок баары бир толук эместей да. Ошого «сиз мени менен балалуу боло албайт окшойсуз. Балким, башкага үйлөнсөңүз сизге уул белек кылып береттир» деп сунуш киргизгем. Кудай мени угуп боору ачыганбы, минтип уулдуу болдук.

– Күйөрмандарынан кызганган учурлар болгондур?
Н.:
– Азыр өзү деле айта берет, «абдан кызганып кыйнагансың» деп. Башында жаш экенмин. Ырларын уксам да жалаң сүйүү тууралуу, кыздарга арналган. Аны угуп алып өзүмчө кызганып, таарына берем. Бир күнү баары уктап калганда сыртка алып чыгып, айдын жарыгында серенада ырдап берген. Ошондо «башкаларга көңүл бурба, сен менин жашоомсуң» деп алдап койгон (күлүп).
Б.: – Чын да, ар сөзгө ишене берсе адам соо калабы? Ошого «же мага ишен, же сөздөргө ишен, болбосо орто жолдо жинди болуп кетесиң» деп айткам.

– Калп айтып кармалып калган учуруңуз болду беле?
Н.: – Оо, бул – психолог. Мен аябай ишенчээкмин да, калп айтканын деле байкабай калсам керек (күлүп).
Б.: – Калп айтпайм, калп айтсам да карматпай, «уверенно» айтам. Артист болгондон кийин байкатпаш керек да, ха-ха-ха...

– Турмуш курарда жолдошуңуз сизге кандай талап койду эле?
– Жаңы эле турмушка чыкканда ал жумуштан кечирээк келсе, «Кайда жүрөсүң?» деп сурап жатпаймынбы. Көрсө, ал Бактиярдын эң жаман көргөн суроосу экен. Аябай жини келип, тил угуп калгам. Ошондон кийин ал суроону эч качан бербейм, кандай шарт болсо да, себеби корком. Кээде кайда жүргөнүн билгенде деле көңүлүмө оор тийип калабы деп ойлойм.

– Атактуунун жубайы болуш кыйынбы?
– Ооба, чыгармачыл адамдын жубайы болуш кыйын. Алардын кыялы өзгөчө, жүрүм-турумдары башкача болот экен. Башкалардыкы кандай билбейм, бирок жолдошумдун күйөрман кыздары аябай көп болчу. Сүйүү каттары келет дегендей. Анан да жакпаганы – убакыттын тардыгы. Атабызды жумуштан келгенин аябай күтөбүз. 5 мүнөт биз менен болсо, биз үчүн чоң бакыт.

– Ырчылардын жашоосу бир калыпта болбойт да. Бирде таңда келсе, бирде үйдө болбой калат дегендей. Ошол кездерде ырчыга турмушка чыкканыңызга өкүнүп ыйлаган учурлар болду беле?
– Болгон. Булардын жумушу күн-түн дебей боло берет, үйдө көп турбайт, болсо да жумушу менен алек. «Кайда жүрөт болду экен?» деп кирпик какпай таң атырган күндөр өткөн. Бирок бир да жолу тынчын алып кайдасың деп чалган эмесмин. Анан да жаштык кезде убакытты көбүрөөк бирге өткөрсөк жакшы болмок деп өкүнүп калам.

– Ошончо түнү менен уктабай таң атырсаңыз, келгенде «Кайда болдуң?» деген суроолор болсо керек?
– Чынында, анын жумушуна тоскоол болгум келбейт. Өзү да сүрдүү аябай эле. Кээде четин чыгарып койсом эле түшүнөт. «Сен мага толугу менен ишен» дейт, алдап коёбу, башкабы, аны билбейм.

– «Кол көтөргөн учурлар болуп калат» деп Бактияр байке айткан экен. Буга себеп эмне деп ойлойсуз?
– Көбүнчө аялдан болуш керек. Көп учурда уруш кызганычтан чыккан, сөзүн укпай, ошондо бир аз тарбиялык порциямды жеп алат элем (каткырып). Азыр тарбияланып калдым окшойт, порциямды жебей калдым. Шарттан пайдаланып, аялдарга айтмакмын, күйөөнүн айтканын укса, аял киши бактылуу болот деп ойлойм.

– «Сүйүү кийин жаралат» деген экенсиз. Сөзүңүз ордунан чыктыбы?
Б.:
– Мен Наргизаны жакшы көрсөм деле сыр бербейм. Ал болсо «жакшы көрбөйт окшойсуз» деп көп айта берет. Мен да «айта албайм» деп уялган болуп коём. Адам сүйөм дей берсең да ишенбей калат. Мунун бир нерсеси бар, башка бирөө менен жүрөт окшойт. Чындыкты айтсаң деле шекший бериши мүмкүн. Ошого ортодо жүрөбүз. Мурун гастролдоп кеткенде ыйлап-ыйлап калчу эле. Жашыбыз деле 43төн өтүп калбадыбы. Кемпир болгондо деле сүйөм деп кучактай берген болбойт го. Дасторкон толуп турса көзүң да тоё калат эмеспи. Ошого көп кыздарга барбай калгангабы, азыр токтолуп калгам.

– Көп жыл жашап, бири-бириңиздердин сырыңыздарды жакшы эле билип калсаңыздар керек.
– Ооба, бири-бирибизди жакшы билип калдык. Жадакалса мүнөздөрүбүз да окшошуп, бир учурда бирдей сүйлөп алган күндөр болот. Келинчегим жөнөкөй, түшүнүктүү. Кээде менден да кетип калат, 2-3 күн үйгө келбей калам. Ошондо убактылуу унчукпай калам.

– Таарынышкан учурларда ким биринчи кадамга барат?
Н.: – Таарынып калсам сүйлөбөй коём, өзү аракет кылат. «Ии, 5 мүнөт болду сүйлөбөгөнүңө, ии 10 мүнөт болуп кетти» деп күлдүрө берет. Анан жарашып кетебиз.

– Маегиңиздерге рахмат, бактылуу болуңуздар!

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Бактияр Токторов: "Сүйүүсү жок турмуш курганбыз"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (43)
Aisuluu7
2013-06-12 16:10:46
Наргиза айым сиздин журогунуз кен, пейилиниз кенен экен ошол учун баарына чыдап жашадыныз. Браво Сизге!!!
+1
aizi85
2013-06-13 15:14:41
Бардык нерсени башка тушкондо билебиз мындай андай деп коюуш оной эле башка тушкондо байтал жорго болот бактылуу болгула
0
Jeki
2013-06-13 16:09:38
Маек жакты. Бирок неге аялы жок видеодо? Байкуш аялы куто берип картайып, жаштыктын жакшы доорун корбоптур деле..уят ко байке, ыр деп журо бербей аялга деле конул болуш керек да.. же только бала тороткону алдыныз беле?
0
Meris
2013-06-13 16:45:26
Кол которгон туура емес, акылдуу еркек кол которгонго барбай туура тушунудуруш керек. Куч мн башкаруу бул алсыз еркектин таппай калган аракети деп ойлойм. Мен коп еле семьяны коргом ‰ женекелер ерке бирок кожойке кол которбой еле башкарган
0
begish_92
2013-06-14 01:12:51
вааай баракелдее бактылуу болунуздар
0
Larry
2013-06-14 01:52:10
Baktyiar Baike Chygarmachylygynyzga iygilik, ui-bulonuzgo bei kuttuuluk!!! Yrlarynyz aiabai jagymduu, tushunuktuu maaniluu yrlardan! Ayalynyzga kol kotorboguz aiabai akylduu Jana da suluu eken
0
sadykbek
2013-06-14 14:27:12
мына ушуну аяал адам дейт. Женешка сизге ыразы болдум. Еркек адам кол которсо аяалына значет ол жакшы корот. Жаш кезинде байкем кутурса а карыганда мышык болот алдынызда женешке. Женщина в африке женщина.
0
Mamar
2013-06-14 21:24:20
Кызык экен...
0
jooshbala
2013-06-15 03:45:25
аялы эркек экен.Баарына үндөбөй чыдаган...
0
Atabaevtalantbek
2013-06-15 15:58:59
Наргиза женешканы алып качарыныздан бир кун мурда АК АРЫК айылына 3 кыз болуп алыскы бир туугандарыныкына келгени эмнегедир такыр эстен кетпейт...
0
zolotka
2013-06-15 21:42:07
Baktiyar bratan tak derjat'
0
sirke
2013-06-16 00:40:35
Элге таанымал болгондон кийин ар кандай сын-пикирлер айтылат, ар бир кыймыл аракети куйоормандардын коз алдында болот, суйлогон созу, кулгону, отурганы, анан бир аз орундуу суйлосо тырманбай. Жеке жашоо ал ар бир адамдын жеке жашоосу. Актер болобу, ырчы болобу, бийчи болобу, саясатчы болобу турмушунун баарын токпой чачпай айтпай эле койсо, оздоруно эле жаман болот, уккан-коргон адам усту-устуно кошуп, бузук телефон кылып салат. Кыязы, коптон бери ММКага чыга элек окшойт, баарын шашып айтып жатты
0
abba4
2013-06-16 16:11:12
2-3 кундоп келбей ыр жазган болсо Токторов,анда Ырыспай Абдыкадыровдой ырлары журокко кадалган ырчылар канча кун келбей койду экен ээ
0
kymixo
2013-06-16 16:47:33
Кызыктуу маек Бирок аял кишиге кол которбош керек,бул менин оюм, аялды уруп уйротуп койсо аялдын жоону созсуз кытышып турат камчы тилеп,ошон учун лучше соз менен тушундуруш керек,таттуу созго жылан ийининен чыгыптыр дегендей,Кобра-Анаконда женелер деле таттуу созго уусун чачпайтко:-)
0
Emilbai
2013-06-22 23:26:41
Молодец Баха!
0
№ 553, 7-июнь-13-июнь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан