«АЯЛЫМ СЕМИРИП КЕТТИ, АЖЫРАШАМ...»

– Биздин үйдө бир маселе жаралганына көп болду. Башкы себеп – аялымдын семиргенден семирип баратканы. Эгер жашыбыз улуу болсо мейли дейт белем, бирок мен болгону 32де, ал 30 жашта. Ушу 30 жашында, ишенесиңерби, аялым 90 килограмм чыгат. Менден 20 килограммга семиз. Эркектин толуктугу анча көңүлгө алынбайт эмеспи, ал эми аялдын толуктугунун дароо көзгө урунганы жаман экен. Бир жакка ээрчишип барсак эле баары бизди карап күбүр-шыбыр. Анан да «артыңардан аялың апаңдай көрүнүп калат» дешет.
Балабыз да толук. 7 жашта, 3-класстын окуучусундай көрүнөт. Балада күнөө жок, ал таза периште. Бирок баланы да, өзүн да семиртип жаткан аялым болуп жатат. Качан көрбө пирожки, пирог бышырып же картошка кууруп жүргөнү жүргөн. Тамактан башка иш да, хобби да жок баштанып...
Өзүнүн да оозу тыйылбайт, баланын да оозуна тыкканы тыккан. Мен аялымдын даамдуу кылып, түрдөп тамак жасаганына каршы эмесмин, тамак-ашка деле акча аябайм. Бирок тамакты ичип-жегендин чеги бар да. Жаш адамдын жаштай, сымбаттуу көрүнүшү жакшы.
Канча айттым, «диета карма же спорт залга бар, арыкта, семиздиктен оору да келип чыгат, баланы да кыйнабай» деп. «Ии» дейт да, анан эле жок. Кыскасы, арыктагысы да, оозун тыйгысы да келбейт. Ушунун айынан чыр да көбөйдү. Мүнөзү да жаман болуп өзгөрүп баратат.
Ачык айтканда, акыркы убактарда аны менен чогуу отуруп, чогуу жатуу да «противно» болуп калды. Салаңдаган курсагы, буржуйган булчуңдарын көргөндө эле төшөккө болгон «аппетитим» бузулат. Анан да мени «башканы таап алган окшойсуң» деп койгонучу...
Арыктоону ойлобосо, ушинтип семиргенден семирип кете берсе, аны менен жашоо кыйындайт, ошондуктан ажырашайын деп жатам. Же меники туура эмеспи?

Исабек, Бишкек.

«Ажырашам» деп аялыңызга айтып көрдүңүзбү? Эгер айтсаңыз, ага да көңүл бурбаса, анда ал үй-бүлөнү сактоого аракет жасабаганы. Чынында эле эркекпи, аялбы өз келбетине көңүл буруп, аны жакшы абалда сактоосу – парз.
Аялыңызда психологиялык кандайдыр бир көйгөй бар. Кээ бир адамдар кыжырдануу, стресс, ачуу сезимин тамакты көп жеп басат. Бул туура эмес. Андыктан эгер аялыңыз арыктайм деп аракет жасаса, психологдорго кайрылуусу керек. Булимия (тамагын тыя албагандык) – бул оору десек да болот. Мындай адам жан дүйнөсүнүн түпкүрүндөгү чечилбей келаткан маселелерин чечип, алдыга максатты так коюп, жашоо программасын өзгөртүүсү керек. Эгер аялыңыз арыктап, келбетине көңүл бурууга аракет жасабаса, анда анын тандоосу ошол. Сиз аны эч качан оңдой албайсыз.
Исабек, сизде адамдарды кандай болсо ошондой кабыл ала албагандык бар. Башка адамдарды өзүңүзгө ылайык өзгөрткүңүз келет. Эгер адамды сырткы келбети эмес, ички дүйнөңүз менен жакшы көрсөңүз, анда адамдардын айткан сөзүнө көңүл бурбайт элеңиз. Аялыңыз семиз эмес, мунжу болсо да кабыл алмаксыз.
Ажырашып кетип, андан жаманга туш болуп калбайсызбы? Аялыңыздын семиздиги эле сизге жакпай турабы? Тараза ташына анын жакшы сапаттарын да коюп, жакшылап талдап көрүңүз.

«КҮЙӨӨМ ЖЕТКЕН САРАҢ, КАНТИП ЖАШАЙМ?»
– Күйөөмдүн сараңдыгы көкөйгө тийип бүттү. Акчаны өзү кармайт, дүкөнгө мени менен кошо барат, кассага да акчаны өзү төлөйт. Анан «ушунча акчага тамак-аш алып...» деп наалыганы наалыган. Же ошонусуна жараша тамакты аз жесечи, дасторкондогунун баарын калтырбай күйшөп жейт. Анан азык аларда битиреп күйдүрөт.
Кийим алганга акча сурасаң, жаны чыгып кетет. Качанкы кийимдерим менен жүрөм. Мен декреттик отпускада болгондуктан, баланы карап үйдөмүн. Жолдошум иштеп акча табууда. Үй-бүлөсүн кожоюну болгон соң иштеп багышы керек да. Ал болсо бакканын милдет кылат.
Майрамдарда белекке эч нерсе бербейт. Белекти акчаны бекер коротуу деп эсептейт. 8-Март майрамында да мени менен кызыл чеке болуп жатып 500 сом берди эле, бирок күңкүлдөгөнүнөн кайра колуна карматып койгом. Же эркелеткен жылуу сөзү жок, ыйласаң боору ачып жоошутпайт.
Баш кошо элегибизде анын мындай сараң, таш боорлугун билбеген экем. Эми эмне кылам, ажырашып жаным тынчыйбы?

Гаухар, Ош.

– Сараң, ач көз адам менен жашоо кыйын. Сараң адамдын өзүнө да жашоонун өзү тозок. Ал адамда кедейликтен коркуу сезими турат. Көбүнчө жетишпей, кедей жашагандыктан пайда болот. Бирок сараңдык кээде бай жашаган адамдарда да жолугат. Бул адамдын мүнөзүндөгү терс жагы, анын түпкүрүндө психологиялык бөгөт бар. Ал адам өзү каалап, өзгөрүүгө аракет жасабаса, аны эч ким өзгөртө албайт. Тескерисинче, улгайган сайын сараңдыгы өсүшү ыктымал. Мындай адам ырыскыны качырат. Балким, сиздин катыңызды окуп, арданып оңолсо жакшы, эгер өзүнүкүн туура көрсө, анда ал адам менен жашабай эле койгонуңуз оң.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (105)
Ibragim06
2013-06-13 19:59:32
күйөңүзгө Алла өзү инсап берсин.күйөөңүзгө жакшы мамиле кылып,көңүлүн түшүргөн сөздөрдөн айтпаңыз.ошондо албетте сизге мээрими күчөйт.баарыңардын ден соолугуңар жакшы.балаңыздын курсагы ток болсо шүгүр кылыңыз.күйөөңүз силерди деп иштесе.анын сараңдыгын балаңыз,&#
-2
STARS-BOYS88
2013-06-14 00:59:44
Исабек сиз аялыныздын ого бетер чунчутуп,же сизди жек коруусуно алып келип атасыз деп ойлойм,менин аялым сиздикинен да салмактуу болчу 9 килограммга,бирок толуктар тошокто ото кучтуу болушат хе.хе.хе.хе....
0
Elim93
2015-01-14 02:11:13
STARS-BOYS88, )))
0
Gulzat.kg
2013-06-14 01:25:09
ажырашпагылачы.
0
kuyal83
2013-06-14 09:18:00
Ажырашып артык кылам деп тыртык кылып албаныз! Бир нерсени бузуу оной, кайра куруу ото оор! Сиз эгер чындап аялынызды суйсонуз семиз эмес торт бурчтук болуп калса да чанбайт болчусуз, аялыныздын жаштыгынын баарын алып анан ажырашам дегениниз туура эмес! Ал эми саран куйоолорду кудайым азыраак жаратса экен!
0
jaynak
2013-06-14 15:06:43
семиз болсо эмне экен,сен ошону башта суйуп алгансынбы эми аны эмес балдарынды суйуп жаша баары жакшы болот.
0
tokitok
2013-06-14 18:58:50
даа кээ бир балдар да толсо ажырашам дептир жеткен пастык озунордун апанар андай эмеспи? тигил байкенерге соз жок ошол аялы ооруп арыктап тошокто жатканда корот элем ошондо айтмак толук бсо да жанымда дени сак жаркылдап жайнап балама татыктуу тарбия берип мурдагыдан таттуу тамактардан жасап турса деп бирок бул кебетеси мн ооруса таштап кетчудой айбанчылык жакшылык жамандыкта таянар тоо болбогондон кийин барынан жогу артык а мечтать надо правильно осторожно все сбывается анын обратный сторонас
0
nuri9393
2013-06-16 19:37:49
Ушунбай эркпктерди жек кором. Азыркы убакта анча мынча эркектер ички дуйносуно карабай эле, фигврасына карап калышкан.
0
spanchik
2013-06-16 22:52:22
siz ayalynyzdy suiyosuzbu??? suisonuz semiz arygyna dele karabait da.... eger chyn ele aryktasyn dep jatsanyz emnege ouznuz da jardam berbeisiz? fitnes klubga jazylgyla da choguu, je andai bolboso dele erten menen choguu 4urkagyla,zarydka jazagyla da,siz ozunuz negizi ayalynga kop dele konul burbai kalgansyz go dep oilop atam,koburook konul bursanyz baary jakshy bolot dep oiloim.
0
unaiat
2013-06-25 22:49:26
Муж сказал жене: Худей, или я уйду к другой! Жена похудела и сама ушла к другому. Мораль: н.... нас пугать.
0
batyrhan91
2013-08-12 19:03:22
ажырашып москвага келсениз жаш тажик озбек жигитерден таап бектей жашай бересиз ......окей
0
aigerimarslan
2013-08-15 13:41:52
Ушундай эркектен кудай сактасын. Сиз башынан жаман уйротконсуз
0
mahasy1
2014-01-29 13:35:08
биринчи эрин кара кийиз экинчи эрин ак кийиз деген соз бар элибизде
+1
Erkin.kg
2014-12-09 16:54:21
Ар ким конулуно жакканын жашасын бирок чектен ашык эмес
0
Oceana
2014-12-09 17:26:31
Meninda bir jenem bar,ozunda ,oozunda tyialbait,jei beret jei beret,kyzy da owondoi 3 jawar,birok chon korun0t, neni bercen owonu jey beret,,owol jenemi kobu anazavur deit. Dinazavurga okwop choon do. :)
0
nurik838383
2015-06-12 23:49:10
аялын диета кармабаса озун кармат диетаны кундо келип мээсин чак, санаа чектир,бекер концерттен коюп кор апеттитин буй турган. Адамды санаа арыктатып жиберетко,(тамаша бирок чындыка жараша)
+1
№ 553, 7-июнь-13-июнь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан