Азыр бак-дарактар мөмө байлап, гүлдөр гүлдөп өзгөчө көрккө бөлөнгөн кез. Алардын арасында буркураган жыты менен өзгөчөлөнгөн жийде бар. Жийде гүлү тууралуу чыгармалар көп. Ал тургай кыздардын аты учурайт. Анда баарыбыз сүйгөн жийде – бүгүнкү «каарманыбыз».
ТОПУРАКТЫ АЗЫКТАНДЫРАТ
Бул өсүмдүккө катылган сырларды билүү үчүн Айыл чарба институтуна караштуу токой чарба бөлүмүнүн башчысы, биология илимдеринин доктору ИШЕНБАЙ СООДОНБЕКОВго кайрылдык.
Жийдеде адамдын организмине керектүү төмөнкү заттар кездешет:
Мөмөсүндө: фруктоза, көмүртек, белок, органикалык эмес кычкылдар, микроэлементтер (цинк, хром, жез, никель);
Жалбырагында: аскорбин кычкылы;
Сабагында: чайыр (дары жасоодо колдонулат);
Гүлүндө: эфир майы.
Жийде – бийиктиги 6-10 метрге жеткен, сабактары ичке жана узун, тикенектүү, кооз дарак. Анын илимий аталышы – ичке жалбырактуу лох (elaeagnus). Түштүк Европа, Крым, Кавказ жана Орто Азияда суунун жээктеринде, күн жакшы тийген жерлерде өсөт. Май айынан тарта июнь айынын ортосуна чейин гүлдөйт. Дал ушул маалда кайталангыс жыпар жытты бөлүп чыгарып, жанынан өткөн адамды кайдигер калтырбайт.
Кыргызстанда жийденин эки түрү: ичке жалбырактуу лох жана америка күмүш лоху кездешет. Америка күмүш лохунун бийиктиги 3-5 метрди гана түзсө, ичке жалбырактуусунун бою узун болот. Экөөнүн тең мөмөлөрү сентябрь айында бышат.
Жийдени уругу, бутагы жана тамыры аркылуу өстүрүүгө мүмкүн. Уругу, бутагы менен өстүрүү машакаттуу, андыктан тамыры аркылуу көчүрүү оң. Бадал же бадал кашаа катары, кооздук үчүн тиксе болот. Анткени бутактары ичке, кыркып, формага келтирүүгө ылайыктуу. Жийде дарагы абадагы азотту чогултуп, тамыры аркылуу топуракты азыктандыра алат. Бул дарак жер семиртүүчү касиетке ээ. Андан тышкары туздуу, шор топуракка тигип койсо, топуракты туздан тазалайт.
ЭЛДИК МЕДИЦИНАДА
АШКАНАДАКомпот
Мөмөлөрдү таза жууп, алдын ала бууда кармалган банканын үчтөн бир бөлүгүнө салыңыз. Андан кийин үстүнө кумшекер менен суудан даярдалган сиропту кайнак бойдон куюу керек. Оозу бекитилген банкалар салкын жерде сакталат.
Жийде уну
Жийденин толук мөмөсүн кургатып, аны ундай майдалап алуу керек. Муну нанга, булочкага, пирогго кошсо, өзгөчө жыт жана даам берет.
Кызыктуу
Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg