«ЖИЙДЕ ГҮЛҮ БИЗГЕ ТУРДУ ИЙИЛИП...»

Алтынбек балдардан башкача. Ороздун алты баласы болсо, ушул кенжеси тың чыгат өңдүү. Анткени башка балдарга окшоп тентектик деле кылбайт, укканы музыка. Комузду кылдыратып чертип отурганы отурган. Уулунун талантын байкаган атасы бир күнү аккордеон сатып берди. Кудуңдап кубанганын айтпа! Мына ошол күндөн баштап аккордеон Алтынбектин сырдашына, жолдошуна айланган эле. Мектепте окуп жүргөндө да колунан аккордеонун түшүрбөй, кайсы гана кече, майрам болбосун, мектептин жылдызы. Рыспайдын ырларын созгондо кары-жашы дебей «бали» деп кыйкырып коштоп калышат.
Мектепти да бүттү. Эңсегени музыка болуп, музыкалык окуу жайга тапшырып, аны аяктады. Өзү шаарда турганы менен, айылдаштарынын чакыруусунан улам айылга тез-тез каттайт. Тойлордо ырдайт, үйлөнүү тойдо күйөө жолдош кылып улуу-кичүүсү да чакырышат. Бүгүн да өзүнөн 10 жаш кичүү инилеринин тоюна жөнөдү. Жол өтө алыс эле, бир облус менен экинчи облустун ортосу узак. Жол бою ырдай берип чарчап калды.
– Ай, балдар, мени тоюңарга жеткиче чарчатып алып, келин баланы капа кылып албайлы,- деди бир убакта кашка тишин көрсөтө күлүп.
– Жарайт, ага, айтканыңыздай болсун. Кечириңиз, биз сизди кыйнап коюппуз, бирок керемет аваздын ээсине рахмат айтуудан тажабайбыз, таазим талантыңызга!- деп чурулдап жиберишти жигиттер. Түн ката айылга кирип барышты, той башталды. Ырдап-чоордомой. Алтынбек жаш көрүнөт, он жаш кичүү инилеринин жанында бирдей эле.
– Ай, ырчы бала, суусадыңбы? Кымыздан жутсаңчы,- деди кыздын курбусу бир убакта. Баары тымтырс боло түштү. Бакылдаган бир бала:
– Чоң кыз, сиз деп кайрылсаңыз. Бу агабыз бизден он көйнөк мурун жырткан, тем более сизден 15 жаш улуу болсо керек!
– Тамашаңарды койгулачы, силер менен эле тең болуп турбайбы,- деп кайра Алтынбекти карай коюп кызара түштү. Ошол жерден Алтынбек ырдап кирбеспи, кызды оңтойсуз абалда калтырбайын деп.
– Кайгыга салдың агаңды, картайган кезде көрүнүп,
Карындашым, каш-кирпигиң төгүлүп... Кыздын жүзү ого бетер тамылжыйт...
Ооба, Алтынбек менен Малика ушинтип таанышып калышкан. Чыгармачыл адамдардын жүрөгү ушунчалык назик белем, бир көрүп сүйдү кызды, ага карата көмөкөйдөн ырлар чыкты. Жолдун алыстыгына карабай анын айылына барат. Жол этегинде, ээн талаада жийденин түбүндө сүйлөшүп, арзууларын айтышат. Ортодогу он жаш айырма булардын сүйүүсүнө тоскоол болбоду. Жийде гүлү, жийде дарагы булардын аруу махабатынын күбөсү болуп кала берди. Азыр очор-бачар. Кайын журтуна каттаган сайын жийде дарагын көрүп жаштык кезин эстеп жылмайып алат аккордеончу.

Жаңыл Калыкова
lira@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Guli.kg.90
2013-06-10 11:08:28
Mmmmm sonungo.
0
bekush
2013-06-10 12:26:20
Бул ким жонундо болду экен?...Ммм, сонкн жазылыптыр, коз алдыма элестетип окуп жатам! :)
0
semi_89
2013-06-11 18:22:12
жакты
0
kgul
2013-06-13 01:06:59
тиякта досу айтыватбайбы сенден 15жаш улуу болсо керек деп, ошондо аяшынын жылынмбилбейби же аяшы озунон улуу кызды дос кылып чыгарды
0
belosnejka1
2013-06-15 09:07:15
Жагымдуу экен.:)
0
kuba1985
2013-06-18 09:25:12
жакшы
0
№ 553, 7-июнь-13-июнь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан