САХНА ДЕП ЖҮРҮП СҮЙГӨН ДА, КҮЙГӨН ДА БАР

Алоолонгон сезимдердин ээси бул – жүрөк толо сүйүүсү бар адам. Сүйүү адатта адамдын улуу же кичүү экенине, улутуна да карабайт эмеспи. Ошондой эле сүйүү сахналаштарды да табыштырып, ал гана эмес, айрымдарын жан чыдагыс азапка салып ажыраштырып да койгон. Ким менен кимдин ортосунда сүйүү тутанган, а кимде кайра өчкөн, анда кулак салыңыз...


Нурмат Гүлбарчын

Сахнадан табышкандардын баары эле эки айрылыш жолго түшүшөт деген оюңуз болсо, жаңылышасыз. Чогуу ырдап чыгып, анан сүйүшүп, акыры үйбүлө күтүп, ынтымактуу жашап жүргөндөр бар. Буга мисал “Жийде” тобунун ырчылары. Бойдок кезде Гүлбарчын “сен үчүн баарына даярмын. Карабасаң терезеден секирем” деп коркутса, “кой, Гүкүнтай, сени эле сүйөм” деп Нурмат Гүлбарчынды соороткон кездер эми алыста. Сахна табыштырган түгөйлөр учурда кафеде чогуу ырдап, ата-эне статусуна ээ болуп, жетелешип жүрүшөт.


Урмат  Неля

Алгач өзү тааныган гана тар чөй­рөдө ырчы, обончу, сүрөтчү катары таанылган Урмат Неляга чейин кан­ча деген сулуунун ойлосо оюнан, уктаса түшүнөн кетпеди. Ишенесизби, ошол кездеги сүйүүлөрдүн аягы азыркыга чейин тыйылбай, редакцияга каттар келет. Токтоо, түшүнүктүү Урмат Айя Садырова менен дуэт ырдаганы эсиңиздеби? Урматтын кумарлуу көз карашынан улам бизде Айяны сүйөбү деген ой пайда болду эле. Анан эле «Урмат алпаруучу Нурзат Токтосунованын жигитине айланды» деп угуп калдык. Көп өтпөй Бактыгүл Бадыева экөө кыз-жигит болушту. Далай кызды сүйдүргөн, айрымдарын сүйбөйм деп күйдүргөн Урмат акыры бактысын Неля сулуудан тапты.


Айбек  Гүланда

О-уу, өнөрдүн баары эле бул агатайда го. Бир жагынан кино тартса, экинчи жагынан жан эргите ырдайт.Анан сулуу-сулуу кыздар менен дуэт ырдайт. Анан калса ИИМдин алдында түзүлгөн ансамблди жетектейт. “Жаңылдым, жаздым” деп биринчи жары менен ажырашып, ырчы Бурулга үйлөндү. “Кайрадан жаңылыштым” деп Бурулдан кетип азыр Нарындын ак куусу Гүланда менен колтукташып жүргөн чагы. “Экөөңөрдү үйлөнүп алды деп уктук” дегендерге “андай болушу мүмкүн эмес” деп чычалашкан ырчылар акыры ортодогу мамилени моюндарына алышмак болушту окшойт. «Уккан кулакта жазык жок» дегендей, айрымдардын айтканына таянсак, Гүланда Айбекке кийимди өзү тандап сатып берип жатыптыр.


Абдумалик Шайыр Динара

Шоу-бизнес чөйрөсүндөгү жигиттерибиз “кимдин баласы, анан аялы көп?” деп жарышса алдына эч кимди Абдумалик агабыз чыгарбаса керек. Биз билгенден эле бештен ашык баласы, төрт аялы бар, билбегенибиз канча. Чын-чынына келгенде Абдумалик агабыздын аялзатын өзүнө тартып турган мыкты сапаты бар көрүнөт. Сулуулугу, таланты менен эл арзуусуна татыган эжекебиз Шайыр менен кол үзүшкөн соң тез эле Динара Акулованын жүрөгүн багындырды. Жүрөккө жүрөк от чачып кош жылдыздай жанган бул жубайлардын сүйүүсү да көп узабады. Кош жылдызга көз тийип кеттиби деп ойлонгуча болбой эле Абдумалик агабыз өзүнөн бир топ жаш кичүү келинчектүү болуп алды. Ал айым деле биздин каармандын акыркы сүйүүсү болгон жок...


Айжан Эрмек

Сахна аркылуу сүйүп, бирок ачыкка чыга албай жүргөндөр да кездешет. Маалыматка таянсак, Айжан Газиева Эрмек Маматовду жактырат. Көргөндө “көзүңө көзүм зар, колуңа колум зар” деп ачык айткысы келгени менен, өзүнүн жашынын улуулугу тоскоол болот көрүнөт. Сүйүү кары-жашка карбайт деп жогоруда айтып өтпөдүкпү, Айжан. Жаш айырмачылык эч кимди эч качан токтото алган эмес. Баарынан жаманы сезимдин айтылбай, ичте бук болуп кала бергени эмеспи.


Клара Байыш

Ортодогу мотурайган балага карабай Байыш Момунов сахналашы Клара Алибекованы таштап, биринчи жубайына кетип калды. Бул окуя мындан бир нече жыл мурун болгон эле. “Оо, менин биринчи сүйүүм, оо, менин биринчи махабатым...” деп бирин-бири жылмая карап ырдаган жылдыздарда азыр андай жылмаюудан дайын жок. Сүйүү бир кезде сүйүндүрсө, түшүнбөстүктүн айынан ушинтип күйүндүрөт дагы турбайбы.


Сахна табыштырган жубайлардын катарын ырчы Жылдыз Тутуева менен “Биз” тобунун таланттуу жигити Касым Токторов, “Ой тобо” тобунун ырчылары Бакыт Мамаев менен Эркин Мадылбекова, Жанета Бобкова менен Денис Бобков толуктайт. Ал эми тутанып, бирок өчүп калган сүйүү сабында өзгөчө үндүн ээлери Кенже Кубатова менен Токтобек Асаналиев, төкмө акын Элмирбек Иманалиев менен ырчы Гүлбүбү Иманалиеванын ысымдары да бар.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 350, 17-23-июль, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан