Бул жолу конокко бүгүн, 17-июлда боло турган КРнын Президентинин кубогуна байланыштуу түбү конголук болсо да, өмүр бою кыргыздын туусун желбиретип келаткан кикбоксчу Ален Офойону чакырдык. Ален бизге өзүнүн кандай үйбүлөдө төрөлгөнү, карьерасындагы урунттуу учурлары, жеке жашоосу тууралуу ачык маек куруп берди. Өкүнүчтүүсү, “кырсык каш кабактын ортосунда” дегендей, Кара кыргыз аталган спортчубуздун бул мелдешке катыша албай калгандыгы болду.
«Кырсык болбосо, чемпион болмокмун»
– Маегибизди “КРнын Президентинин кубогуна даярдык кандай болуп жатат?” деген суроодон баштасак дегем...
– Ооба, кырсык эле болбосо, баары ойдогудай эле. Чындыгында, даярдык жогорку деңгээлде болду. Күнүнө 2 жолу машыгуу. Мыкты даярдыктан өтүп, табыма келип калган болчумун. Тилекке каршы, машыгуу учурунда колумдан жаракат алып, көптөн күткөн мелдешке катышуу укугунан ажырадым. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, убакытын аябай, машыгууга көмөктөшкөндүгү үчүн «Алыш» спорт клубунун машыктыруучусу Алтай Өмүрбаевге ыраазычылыгымды билдиргим келет.
– Башкы максат чемпион болуу болчу да? Канчалык даражада өкүнүп жатасың?
– Ооба, максатым чемпион болуу болчу. Чемпион болорума көзүм жеткен. Андыктан жеңиш кубанычынан кур калдым деп айтам. Чынында аябай эле өкүнөрлүк иш болду. Бирок кээде баары биз ойлогондой боло бербейт эмеспи. “Жеңиштер курмандыкты талап кылат” деген ушул да. Эми чын дилимден Кумар Жалиевге жан тартам. Ага ийгилик каалайм!
– КРнын Президентинин кубогунун акыркы мелдешинин финалында дал Кумар экөөңөр мушташып, сен жеңүүчү аталган элең. Быйыл да баарын артта калтырып, финалга экөөңөр чыксаңар сонун болмок. Кандай ойлойсуң, реванш ишке ашат беле?
– Быйылкы мелдеш төртүнчүсү болуп саналат. Мага чейин кубокко Руслан Абасов менен Канат Сыдыгалиев ээ болгон. Быйыл да кубок Кыргызстанда калат деген үмүттөмүн. Эгер Кумар экөөбүз кайра финалга чыксак, кайра 2 жыл мурдагыдай эле ачык мушташ болуп, күчтүүбүз жеңип чыкмакпыз. Жеке мен чемпион болуу үчүн колдон келген күч-аракетимди жумшамакмын. Негизи, рингде достор болбойт.
Баары кантип башталган?
– Ален, кандай үйбүлөдө өсүп чоңойгонсуң? Ата-энең тууралуу айта кетсең...
– Мен катардагы эле жөнөкөй үйбүлөдө төрөлгөм. Жалгыз баламын. Атам конголук аскер учкучу болсо, апам орустун кызы. Мен 4 жашка чыкканда ата-энем ажырашып кетишкен. Натыйжада, апам мени жалгыз чоңойтту. Апамдын аты – Татьяна, азыр борбордогу балдар үйүндө эмгектенет. Өзүм Бишкектин Кызыл-Аскер конушунда жана шаар четинде жүрүп чоңойдум.
– Спорт менен качантан баштап достошо баштадың?
– 5-класста окуп жүргөндө эле спортко кызыга баштагам. Кикбокско чейин спорттун бардык түрлөрү менен алектенип чыктым го. Мен барбаган спорттук секция калган эмес. Алардын ичинен бокс боюнча спорт чеберлигине жетишкем.
– Кикбоксту тандооңо эмне түрткү болду? “Гермес-профиге” кантип келип калгансың?
– Кикбокско токтолушума анын көңүлүмө жаккандыгы себеп болгон. Ага чейин спорттун дээрлик бардык түрлөрү менен машыгып көргөндүктөн, кикбоксту издеп тапкам деп эсептейм. Анан, албетте, буга ошол учурдагы кикбокстун популярдуулугу да таасирин тийгизген. Иса Мамбетов, Канат Сыдыгалиевдерди көрүп, мен да алардай спортчу болгум келчү. Бул максатта “Гермес-профиге” барууну чечтим. Ал жакта талыкпай машыгып жүрүп, анан менин да саатым келип, башкы командага чакырышты. Мына ошондон тарта баары башталды.
Башкысы
– Карьераңда эң оор деп кайсы беттешти эсептейсиң?
– 2006-жылы Бишкекте өткөн Супачай Чансод менен болгон беттеш мен үчүн эң кыйын мушташ болгон. Ошондо мен күйөрмандарым күткөн мушташты тартуулай алган эмесмин. Эми ал түрдүү стилдеги мушкерлердин беттеши болчу да. Бул ашпозчуну темир ширетүүчүгө алмаштыргандай эле кеп. Эгерде мен кеминде 2 жыл тай бокс менен машыкканымда Супачайдан кем калмак эмесмин. Же ал кикбоксчу болсо, ал беттеш таптакыр башкача болмок.
– Көпчүлүккө сенин секирип айланып тепкен “фирменный” соккуң белгилүү. Аны сенин “коронкаң” деп да коюшат. Үйрөнүүгө канча убакыт керектелген?
– Аны Садовое айылындагы Арбуду Рахим деген машыктыруучудан үйрөнгөм. Ал сокку ыкмасын бүгүнкүдөй жогорку даражада колдонуу үчүн 2 жыл машыктым. Аны “коронка” деп деле билбейм, жөн гана менин жакшы көргөн соккуларымдын бири.
– Кара кыргыз деп ким атап койду эле?
– 2003-жылы Москвага, Арбатка барып калдым. Анан лакап ат керек болуп калып, Евгений деген спортчу жигит “Кара кыргыз деп жазып кой” деди. Ошондон тартып атайын эмес, кокусунан эле ойлонуп табылган лакап ат кеңири жайылып кетти. Азыр ал жигит спортту таштап, режиссура менен алектенип жүрөт.
Жеке жашоо
– Ален, айтсаң, сүйүүсүн арнаган күйөрман кыздарың көп эле болгонбу?
– Чынын айтсам, мен өзүмдү эч качан жылдыз деп эсептебейм. Андай күйөрман кыздарым деле жок. Жөн гана менин талантымды баалаган адамдар бар экенине кубанам.
– Түшүнүктүү. Анан бактыңа кантип жолуктуң?
– Оо, ал күндү унутпайм го. Күз мезгили, тагыраак айтсам, 6-сентябрь болчу. Жаныма бир татынакай кыз келип, кайрылып калды. А мен аны бир караганда эле мен издеп жүргөн жан шеригим экенин түшүнгөм. Андан кийинкисинин баары жомоктогудай. Чынын айтсам, жашоодогу эң чоң жетишкендигим деп жан шеригимди айтам. Аты – Ляля, татар менен корейдин кызы. Азыр бир уулду тарбиялап жатабыз. Кызыгы, кийин билингендей, экөөбүздүн жалпы досторубуз толтура болсо да, бири-бирибиз тууралуу таптакыр укпаптырбыз. Кийин досторум менен тааныштырсам эле мурдатан эле тааныш болуп чыгышты.
– Балаңдын да атасындай чемпион болгусу келеби?
– Эми ал азыр кичине. Аты – Алим. Бирок менин спортчу экенимди билет. Стойкага туруп, оң колу менен мыкты сокку узата алат.
Ошондой эле...
– Досторуң көппү?
– Тааныштар көп десем туура болот го. Чыныгы досторум саналуу гана. Көпчүлүгү 10 жашыман бери достошуп келаткан балдар.
– Бош убактыңда кантип эс аласың? Хоббиң барбы?
– Бош убакыт болгондо үйбүлөм менен эс алууну жактырам. Көбүнчө бассейнге барабыз. Ал эми досторум менен мончого жана балык уулоого барып эс алам. Дагы бала кезимден калган хоббим бар. Машина, учактардын ар кандай моделдерин ойлоп табууну жана жасоону жакшы көрөм.
– Ата-тегиң Конгодо болсо, ал жакка баргансыңбы?
– Жок. Африкада бир гана жолу болгом. Ошондо да мелдеш болуп калып, Мароккого барганбыз. Андыктан мен мекеним, үйүм деп Кыргызстанды эсептейм.
– Кыргызча сүйлөй аласыңбы?
– Жок. Орус мектепте окугандыктан, кыргызча сүйлөй албайм. Бирок түшүнөм.
– Келечекке пландарың жана максаттарың...
– Көбүрөөк үйбүлөмө көңүл буруу, аны бактылуу кылуу, санын көбөйтүү. Ооба, ушинтип жазып кой.
Базарбек Абдураимов
sport@super.kg