Бакыт Мусаев, сүрөтчү:«СҮРӨТЧҮЛӨР – ЖЫЛАҢАЧ БААТЫРЛАР»

Көл кылаасы өнөрлүүгө бай. Бири комузда кол ойнотсо, экинчиси «Манас» айтып, дагы бири бий менен атагы таш жарат. Ушундай өнөрлүү инсан – Ысык-Көл облусунун сүрөтчүлөр уюмунун мүчөсү Бакыт Мусаев.

– Бакыт мырза, өзүңүз тууралуу кеп баштасак...
– Мен Караколдо 1956-жылы төрөлүп, балалыгым ушул жерде өттү. Атам Имаш Мусаев да сүрөтчү эле. Жаш кезинде сүрөттөн сырткары көптөгөн спектаклдерде роль жаратып, ки­йин «Кыргызфильмде» иштеп жү­рүп, анча-мынча кинолорго катышуу­га үлгүрдү. Чыңгыз Айтматовдун «Кызыл алма», Төлө­мүш Океевдин «Ак илбирстин тукуму» деген кинолорунда роль жараткан. Кичине кезимден эле атамды туурап сүрөт тарта берчүмүн. Мектепти бүткөн соң аскердик кызмат өтөдүм. Анан Фрунзе шаарындагы Көркөм-сүрөт жогорку окуу жайынын (азыркы Чуйков атындагы) живопись бөлүмүнө тапшырып, натюрморт, пейзаж дегенди ошол жерден көрүп, билдим. Мага сабак бергендердин арасында Сүймөнкул Чокморов да бар эле.

– Чет өлкөлөргө дагы барсаңыз керек...
– Сүрөтчүлүк кесибим аркылуу Орусия, Казакстан, Кытай, Германия жана Австралия мамлекеттеринде болгон сынактарга катыштым. Ушул жылы 22-июнда Ашхабад шаарында боло турган эл аралык симпозиумга облустан жалгыз мен чакыруу алдым.

– Жакшы экен. Сиздин эмгектерге кызыгып, сатып алам дегендер көппү?
– Азыркы учурда өлкө­бүздөгү кафе-рес­то­ран­дарда кытайлардын сү­рөт­төрү илинип турга­нына кү­бө болобуз. Ал эми кыргыз­дардын оймо-чиймеси түшүрүлгөн сү­рөт­төр кездешпейт. Мунун бирден-бир себеби, кытай сүрөттөрү сапаты жагынан начар, баасы арзан болот. Жайкы сезондо эс алып келген чет өлкөлүктөр колуман жаралган жакшы пейзаждарды көп сатып кетишет. Көбүнчө жылкынын же тоонун сүрөттөрүн жакшы алышат. Кыргыздардан сү­рөткө кызыккан адам да оңой менен сүрөт сатып албайт.

– Сүрөтчүлүк өнөр менен жан багууга болобу?
– Союз убагында сүрөт тартып эле жубайым, үч баламды баккам. Азыр заказ болсо жакшы, кээде боёкко каражат таба албай калабыз. Бирок баары бир кесибимди таштай албайм. Анткени жылаңач баатыр – ушу сүрөтчүлөр. Азыркы учурда сүрөт тартып үй-бүлөнү багуу кыйын. Кичүү уулум менин жолумду жолдоп сүрөтчү болом деп аракет кылып, алгачкы эмгектери эл алдына чыга баштады. Сүрөт тартканды үйрөнөм деген шыктуу балдарга акысыз сүрөт тартканды үйрөтөбүз.

Айзат Анарбекова
karakol@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
jonokoi_myrza
2013-06-11 11:24:34
Караколдогу сурот музейинеги суроттордун кобун ушул киши тарткан.Ишинизге ийгилик!!!
0
TolonturCN
2013-06-15 08:15:23
Сүрөт сызуу бул да абдан ардактуу өнөр. баса Кыргызстанда "сүрөт тартып" деп айтылат, бизде Кытайдагы кыргыздар "сүрөт сызып" дейбиз, бизде фотоаппаратта тартылганды сүрөт тартып, ал эми кол менен тартканды сүрөт сызып дейбиз.
0
№ 553, 7-июнь-13-июнь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан