«МУШТАША КЕТИП, АТАСЫ УУЛУН БЫЧАК МЕНЕН ЖҮРӨККӨ САЙГАН»
Окуя тууралуу Каракол ШИИБинин тергөө бөлүмүнүн ага тергөөчүсү ЖЫЛДЫЗБЕК КЕНЖЕБАЕВ төмөнкүлөрдү айтып берди:– Үстүбүздөгү жылдын 15-май күнү Каракол ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Акылбек аттуу жаран кайрылып, «кечээ түндө балам мас абалында келип, үйүбүздө чыр-чатак салганынан капысынан аны өлтүрүп алдым» деп билдирген. Айтылган дарекке бардык. Маркум Каракол шаарында 1974-жылы туулган Канат экендиги аныкталды. Аны өлтүргөн деп атасы, 1953-жылы туулган Акылбек шектелүүдө.
Тергөөдө маалым болгондой, ошол күнү маркум Канат үйүнө мас абалында келип, ата-баланын ортосунда ар кандай сөздөр айтылып, экөө мушташа кетишет. Анан атасы баласына 2 ирет бычак сайып жиберген. Биринчиси төшүнө, экинчиси жүрөгүнө сайылып, баласы каза болгон. Учурда кылмышка шектүү Каракол шаардык СИЗОго киргизилип, тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат. Кылмышка шектүүнүн «балам мас абалында мени сабады» деген көрсөтмөсүнүн негизинде экспертиза жүргүздүк. Чындап эле денесинен жаракат алып, көзү шишип, кийме тишинин үстүңкү бөлүгү үчкө бөлүнүп кеткен экен. Кылмышка шектүү жарандын жубайы «балам өзү ошого жеткирди» деп айтып жатат. Бул факт боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүүнүн күнөөсү далилденсе, 8 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
«БАЛАМ КЕЛАТКАНДА НЕБЕРЕЛЕРИМ КЕРЕБЕТТИН АСТЫНА КИРЕ КАЧЫШЧУ»
Дүйнөгө баланы жаратып, кайра аны өз колу менен өлтүргөн адамдын абалы кандай? Эмне себептен мындай кадамга барды? Бул суроолорго кылмышка шектелип жаткан АКЫЛБЕК МЫРЗА төмөнкүдөй жооп берди:
– Жубайым экөөбүз эки уул, эки кыздуу болуп, аларды эч нерседен кем кылбай өстүрдүк. Улуусу Канат эле. Экинчи уулум мындан тогуз жыл мурун сууга чөгүп, каза болуп калган. Бир кызым турмушка чыгып, күйөө балам экөө Орусияда иштеп жүрүшөт. Эки неберем биздин колубузда. Кенже кызым жогорку окуу жайын жаңы эле аяктап, ага жумуш издеп жатканбыз.
«Бир үйдөн бир сасыткы чыгат» деген сөз чын окшойт. Кыздарым атам-апам деп көзүбүз менен тең айланып турушат. Канат 10-классты бүтүп, үйлөнөм дегенинен жашында эле үйлөнттүк. Үй-бүлөсү менен өзүнчө түтүн булатып, бир кыздуу болгон. Бирок баламдын жашоосунун негизги бөлүгү ичкилик болуп, арактын айынан кызы үч жашка келгенде келиним экөө ажырашып кетишкен. Андан соң Канат биз менен бирге жашап жүргөн. Азыр неберем мектепти аяктап калды. Канаттын арак ичкени токтободу. Күнү куру эмес үйгө мас келет. Ачык эле аракка деп апасы экөөбүздүн тапканыбызды алып кетер эле. Акча бербей койсоң уят сөздөр менен сөгүп, кол көтөрчү. Ал келе жатканда бир жарым, анан үч жаштагы неберелерим коркконунан керебеттин астына кире качышат. Тамак жакпай калса, отурган столубузду тамак-ашы менен көмкөрүп ийчү. Мындай күндөр бир канча жылдан бери уланып келе жаткан.
Соолукканда акылымды айтып, «аракты токтотчу, жок дегенде алыңа ченеп ичип, жумуш таап, ишке алаксы» деп какшайм. Айтканың бир тыйын, баарын кулагынын сыртынан кетирип, кечинде кайра баягы абал. «Сен мага акыл үйрөтөсүң» деп басып алып сабаган күндөрү көп болду. Акыл айткан кошуналарыбызга да «силердин ишиңер болбосун» дечү. Айлабыз кеткенде апасы 2-3 жолу милицияга кабарлап, алар Канатты алып кетишип, кайра эле эртеси «мени каматып эмне таптыңар?!» деп чыгып келчү.
Бир айда жок дегенде бир жолу бети-башым көгөрүп, кесиптештериме билдирбейин деп көз айнек тагынып жумушка барам. «Көзүң эмне болду?» дегендерге «балам сабады» деп айтыштан намыстанып, «отун тийип кетти» деп шылтоо кылчумун. Кийинки күндөрү кесиптештерим «эмне болду?» дегендин ордуна дароо эле «көзүңө дагы отун тийдиби?» деп калышкан. Канат мас болуп келип, таяктаган учурда жумушка барып түнөп, эртең менен иштеген учурларым болду. Бир ирет мени сабап, мурдум канап жерде жатканымды көргөн кичүү кызым катуу коркуп, психикалык жактан оорулуу болуп калган. Ал азыр дары ичип жашап келет.
«ӨЗҮМ АБАКТА БОЛСОМ ДА, ҮЙДӨГҮЛӨР ТЫНЧ УКТАП КАЛЫШТЫ ГО»
– Ошол күнү үй-бүлөбүз менен кечки тамакты ичип, эс алалы деп жаткан элек. Уктап кеткен экенмин, бир маалда үйдөгү ызы-чуудан ойгондум. Канат адатынча апасынын, карындашынын кой дегенине болбой ызы-чуу салып жатыптыр. Коркконунан аялым балдарды алып ички бөлмөгө жашынып, эшикти ичинен бекитип алды. Мен сырткы бөлмөдө элем, Канат мага келип асылды. Анын мас экенин көрүп, «жатып эс ал» деп өзүнүн бөлмөсүнө киргизсем, мени төштөн ары бир сокту эле, диванга кулап түштүм. Турайын десем дагы бети-башка тепкилеп кирди. Жаагыма катуу тепкенде жасалма тишимдин алдыңкы бөлүгү быркырап, үстүңкү бөлүгү үчкө бөлүнүп кетиптир. Каршылык көрсөткөнүмдө жакамдан кармап, дубалга башымды сүздүргөнүн билем, андан ары колума кандайча бычак алып, кандай сайып жибергенимди билбей калдым. Бир маалда эсиме келип, эки жагымды карасам, Канат полдо жаткан экен. «Ии, уктаптыр» деп эшикке чыктым. Денем жанчылып, башым сынып кетчүдөй абалда элем. Тамеки чегип, саатты карасам, түнкү бир болуптур. Канаттын полго жатып алганынан жанына барып карасам, төшү канга боёлуп, жансыз жатат. Ошондо гана аны өлтүрүп алганымды билдим. Өз көзүмө ишене албай, дене боюм калчылдап, эмне айла кыларымды билбей калдым. Аны көрсө кызымдын оорусу дагы кармайт деген ой келди. Канаттын жансыз денесин эптеп көтөрүп чыгып, тооккананын жанына алып барып жаткырып, үстүн күл менен жаап койдум. Муунум калчылдап, эки-үч сааттай эшикте темселеп басып жүрдүм. Анан эртеси күнү өзүмө келип, милицияга окуянын болгонун айтып бердим.
«Жини келсе жыланга да тил бүтөт» экен, өз каныңдан жаралган бала чоңойгондо ушуну кылабы, мени сабасын деп өстүрдүмбү деп ыза болом. Эмне себептен, кайсы күнөөм үчүн өз баламдын душманына айланганымды билбейм. Бир күнү оңолор деп үмүт кылып жүрүп, тилекке каршы, андай болбоду.
Кантсе да ал менин балам болчу. Мен Канатты өлтүрөйүн деп эч качан ойлогон эмесмин. Жөн гана өзүмдү коргоюн деп ушул кадамга бардым. Жубайым, кызым мага туура эле түшүнүп жатышат. Өзүм абакта болсом да, үйдөгүлөр тынч уктап калышты го деп ойлоп жатам. Күнөөмдү толугу менен моюнума алам.
«ЖЕР ЖАМАНДАП БАРБАСЫН, БИРОК МАРКУМ ИЧКИЛИККЕ БЕРИЛИП КЕТКЕН»
Канынан жаралган уулунан айрылып, өмүрлүк жолдошун темир тор артынан көрүп турган эне деген асылзаттын жүрөгү эзилип, жанын коёрго жер таппай тургандыгы айтпаса да белгилүү. Маркумдун энеси, кылмышка шектүү адамдын жубайы менен байланышканыбызда, ал эч нерсе айта албады. Бул үй-бүлөнүн коңшуларын кепке тарттык. Өзүнүн атын жашыруун калтыргысы келген мырза төмөнкүлөргө токтолду:
– Коңшу жашаганыбызга он жылга жакындап калды. Бул үйдөн уруш-талаш, жаңжал үзүлбөйт. Мен ата катары кылмышка шектелип жаткан Акылбек мырзаны жакшы түшүнөм. Кудай эч кимге андайды бербесин. Карыганда өз баласынан көк ала болуп, коркуп-үркүп эле жүрчү. Жадакалса биздин көзүбүзчө эле уулу атасынан аракка акча сурап, бербесе кыйначу. Жер жамандап барбасын, бирок маркум чынында абдан ичкиликке берилип кеткен, ата-энесине кылган мамилеси аябай начар болчу. Атасын өз душманындай көргөнүнө таң калчубуз. Акылбек деле аргасыздан ушуга барды болуш керек, өзү кээде гана ичимдик ичип койчу. Көпчүлүк убакта тынбай иштеп жүргөнүн көрөбүз. Кошуна катары эч кимге зыяны тийген эмес. Акыры ушундай окуя менен аяктап жаткандыгы өкүнүчтүү.
Аракты ашыкча ичип жүрүп баласы өмүр менен кош айтышса, атасы уулун өлтүрүп алып, пайгамбар жашында, небере-чөбөрөлөрүн эркелетчү убакта темир тор артында күн өткөрүүгө мажбур. Мындай тагдырды эч кимге тушуктурбасын.
Айзат Анарбекова
koom@super.kg