“СТАР ДЭНС” бий тобу: «БИЗДИН «ФИРМЕННЫЙ» ТАМАГЫБЫЗ – ШОКОЛАД»

Жан дүйнөгө жагымдуу маанай тартуулаган бир нече бий топтору бар. Бул жаатында өзгөчө бийлери менен күйөрмандарды тамшандырып, ырчылардын ырларын коштоп турган бий тобу – “Стар Дэнс”. Эмесе, алардын негизги курамы бизде конокто...

“Бий мени укмуш арыктатты”

Маекти алгач «Стар Денс» бий тобунун жетекчиси Аселден баштадык.
– Асел, бий дүйнөсүнө таштаган алгачкы кадамың.
– Мен, негизинен, кичинекей чагымдан тартып бийге кызыкчумун. Мектепте окуп жүргөнүмдө бий тобунда бийлечүмүн. Кийин өзүм окуган мектепте бий ийриминен сабак бердим. Мага ошондо эле Бегимай жана Раушан келип сабак алышчу. Ошентип, 2007-жылы “Стар Дэнс” тобу түзүлүп, жогорудагы эки кыз алгачкы бийчилери болуп калышты. Андан кийин негизги курамдагы Жазгүл, Диана, Баяна келип кошулушту.
Топтун “Стар Дэнс” деп аталып калышынын себеби эмнеде?
– Топко ат коюу да ойлондурган маселе эмеспи. Мен алгач жакшы ат таба албай бушайман болуп жүрдүм. Анан бир күнү түш көрүп жатпаймынбы. Түшүмдө биз укмуш жасалгаланган сахнага чыгып бийлегени жатыптырбыз. Алпаруучу “азыр сахнага “Стар Дэнс” тобу чыгат” деп жарыялап калды. Ойгонуп кеттим. Эртеси кыздарга түшүм тууралуу айтып, ушинтип атабайлыбы деп сунуштадым. Кыздар да бир ооздон макул болушту. Ошентип, топтун атын түшүмдөгү аян боюнча коюп калганбыз. Англисчеден бизче которгондо, “Жылдыздар бийи” деген түшүнүк берет.
– Акыркы концерттерде тобу­ңар­дын курамы абдан кеңейгени байкалды...
– Биздин топко кошулууну каалагандар көбөйүп жатканы мени абдан кубандырат. Учурда кырктан ашык окуучум бар. Ошондой эле жогоруда аттары аталып кеткен негизги бийчи кыздардан турган топко сабак берип жатам.
– Сен алгач сахнага чыгып жүргөндө толук кыз элең. Өзгөчө диетаны колдонгонсуң го.
– Ий, ушул суроону берет деп ойлогон эмесмин. Чынында, башында толук кыз болчумун. Анан бийге жан дилим менен берилип, күн куру калтырбай машыга баштагандан тартып арыктап кеттим. Ошентип, бий мени укмуш арыктатты. Анын үстүнө, топту жетектөө деле бир топ түйшүк апкелет эмеспи.
– Алина эженин кызы Азел да сенин бий тобуңда бийлеп жүрүп чыгып кетти. Анын топтон кеткенинин себебин билсек болобу?
– Азел бизге келгенде «Мен ырдап чыкканча гана бийлейм» деп айткан. Ырдай баштаганда бизден кетти. Мунун артында эч кандай деле чыр-чатак жок. Болгону, «Азел менен Асел тил табышпай калды» деген ушак таратып жиберишиптир.

“Жакында күйөрмандарыбыз тоноп кетишти”

– Жазгүл, баштан кечирген өзгөчө окуяла­ры­ңардан бөлүшө кетсең.
– Негизи, гастролдорго чыкканда жакшы да, жаман да окуяларга кабылабыз. Жакында эле болгон окуяны айтып берейин. Биз концерттен жаңы эле чыгып, үйгө кетүүгө камынып жатканбыз. Колдорубузда сахна көйнөктөрүбүз. Бир маалда күйөрмандарыбыз келип, бизди жеткизип коёбуз деп калышты. Биз алардын сунуштарын четке кактык. Анан кой-айга болбой эле көйнөктөрүбүздү колдорубуздан жулуп алышты. Алар «жеткирип коёбуз» дешет, биз болбойбуз. Ошентип, бир маалда көйнөктөрүбүздү алып кетип калышса болобу. Учурда ал балдар изделип жатат.
Дагы бир жолу мындай окуя болгон. Сахнага чыгып бара жатканбыз. Менин ботусумду артта турган бийчи басып алып, согончогу чечилип кетти. Оңдоп кийип алууга кеч болуп калган. Ошондо ботусумдун согончогун баскан бойдон шалпаңдап араң бийледим. Бул көрүүчүлөргө байкалган жок окшойт. Бирок секирип бийлеп жатып, качан бут кийимим ыргып кетет деп абдан коркком. Кээде бийлеп жатып чалынып, жыгылып кеткен учурларыбыз да болот. Мындай учурларда баарыбыз жыгылымыш болуп, ыңгайсыз учурдан чыгып кетебиз. Ошондуктан бийде эң негизгиси, фантазия күчтүү болуш керек.

Сандыктагы катылган сырлар...

– Диана, сыр сандыгыңардагы сырлардан бөлүшө кетпейсиңби.
– Эң башкы сырыбыз, биз ынтымакты катуу карайбыз. Биздин ийгилигибиздин сыры да ушунда деп айта алам. Экинчи сырыбыз, бизде кечигүү болбойт. Ал эми эң таттуу сырыбыз, баарыбыз таттууну аябай жакшы көрөбүз. Кадимки эле балмуздакка жер-жемиштерди кошуп жей беребиз. Андан сырткары, ар бирибиздин сумкабызды аңтарса, жок дегенде экиден шоколад чыгат. Бул биздин «фирменный» тамагыбыз. Анан бийлерибиз дүркүрөгөн кол чабууларга татып, маанайыбыз ачылып кубанганда, сөзсүз өзүбүздүн «фирменный» тамагыбызды жеп эс алабыз.
– Раушан, сени “топтун визажисти” деп бекеринен аташпаса керек...
– Мен ар кандай чач жасалгаларды жасаганга жана макияж коюуга шыктуумун. Салондорго барып акча коротуп отурбай эле кыздардын чачтарын жасалгалап берип коём. Негизи, баарыбыздын чачтарыбыз узун, каалагандай жасалгалап алууга болот. Кээде шашылыш болуп калганда, ар бирибиз өз алдынча эле боёнуп, жасанып алабыз.
– Бегимай, араңарда жакшы ырдаган кыздар да болсо керек, “Пуссикэт Доллс” тобундай ырдап чыгуу да кыялыңарда барбы?
– Кыздарыбыз ырчылыктан да куру эмес. Айрыкча туулган күн болуп калганда бири-бирибизге атайлап ыр жазып ырдап, “сюрприз” кылып калабыз. Бирок биз бий менен гана таанылгыбыз келет. Негизи эле бийге өзгөчө бир багыт ойлоп таап, кичинекей да болсо из таштап кеткибиз келет.
– Баяна, ар бир бийдин идея­сын кантип жаратасыңар? Жана ага ылайык костюмдар ким тараптан тандалат?
– Костюмдарды продюсерибиз Канат Култаев менен жетекчибиз Асел камсыз кылышат. Ал эми майда-чүйдө жасалгаларды өзүбүз сатып алабыз. Эң биринчиден, биз костюмдарыбыздын бийлөөгө ыңгайлуу болушуна карайбыз. Анан да биздин жетекчибиз өтө ачык, киндиги көрүнгөн кийимдерди кийүүгө таптакыр тыюу салат. Бийдин идеяларынын негизин Асел ойлоп табат. Биз кошумчалайбыз. Мисалы, Аселдин көчөдө кетип бара жаткан мастын же там-туң баскан баланын кыймылынан эле бийдин кыймылдарын ойлоп таап коймой жайы бар.

Булар да бийчилер тууралуу

  • “Стар Дэнс” бий тобунун негизги бий багыты – заманбап спорт бийлери. Өзгөчө авацияларга бөлөнгөн бийлери: “Леди” жана “Боксёр бийи”.
  • Топтун көп жолу барган жана жактырган эс алуу жайы – Ош шаарындагы “Атабек” кафеси.
  • Кыргызстандан сырткары Казакстанга гастролго чыгышкан.
  • Той-топурларга чакырууларды көп ала беришпейт.
  • Дайыма бийлеп тургандыктан, семирип кетүүдөн коркушпайт.

Асел – 25 жашта, топтун «энержайзери», жетекчиси. Тартипти биринчи орунга коёт.

Бегимай – 18 жашта, жигиттердин жүрөгүнө чок салгандан коркпойт да, тажабайт.

Раушан – 17 жашта, топтун визажисти. Сулуулукту жактырат.

Жазгүл – 18 жашта, топтун кыялкечи. Уюштургуч сапаты бар.

Диана – 18 жашта, топтун ажарлуу бийкечи. Мүнөзүндөгү өзгөчөлүк – тартынчаактык.

Баяна – 17 жашта, топтун миң сырдуусу. Кличкасы – “дерзкая”.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 350, 17-23-июль, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан