Алмазбек Атамбаев:«ЭГЕР ТАШИЕВ ОЙЛОНУП КАДАМ ТАШТАСА, САЯСАТКА КАЙТЫП КЕЛЕ АЛАТ»

«Бийликти күч менен тартып алган жана баш аламандык уюштурган» деген айып менен депутат Камчыбек Ташиевдин иниси Шайырбек Ташиевге кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Мындан сырткары дагы 5 адамга айып тагылууда.
Митинг учурунда Ош-Бишкек жолу тосулуп, анда 2000ге чукул унаа бир нече күн туруп калган. Жалал-Абад облустук ИИББинин басма сөз катчысы Жылдызбек Аттокуровдун айтымында, жабырлануучулардан 47 арыз түшкөн. Ал эми алардын тарткан чыгымы азырынча тактала элек.
Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад облусундагы соңку окуяларга байланыштуу: «Ташиев – балпаңдаган бала. Бир эле кемчилиги бар, кээде жасап туруп, анан ойлонот.
Камчы Ташиев азыр деле акылы жетсе, түшүнсө, туугандарын токтотсо, ансыз деле сот азыркыдай калтырса, мөөнөтү бүтүп чыгат боштондукка. Кааласа, ойлонуп туруп иш жасаса, саясатка деле келет. Бирок башка бирөөлөрдүн колунда курал болуп жатышпайбы Ташиев дагы, туугандары дагы, жакындары дагы, айылдаштары дагы.
Жолду бууган аялдарды көрүп таң калам. Аларды Баатыр эне деп айтканга оозум барбайт. Мына Курманжан датка энебиз болгон, ал баатыр эне болгон. Баласын «эртең дарга асабыз» деп аны алып кетип баратканда апабыз элибизди карап туруп, «андан артык бир баламдын башын кессин» деп айткан. Анан ошол ОБОНду ойлоп тапкан, катындарды алдыга жиберип, аркасына жашынган кимдер эркек? Аялдарды антпегиле»,- деди.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (40)
менимче Lion-x туура йтып жатат, Ташиев бийликке суусап турган адам
Суусабаган адам барбы бийлике?
Суугарам деп элди алдап ийиле.
Суу мурундар, шыр тартышып мурунун.
Сооруп жатат кыргыз элди жиндиче.
Соту билбейт оз чечимин чыгарар,
Соттойм дешет калпты суйлоп бурадар.
Соттун мээсин бийлик бийлеп жатканын,
Суу мурундар эсинерден чыгарба.
Туура кылат бийлик кимди жактабайт,
Жетишкен сон оз тактына тайтактайт.
Кимдер калпты айтып эми актанбайт,
Кимдер эми озу учун жан бакп
саясат деген сасык нерсе баардык бийликтегилер оздору учун жан уроп иштеп жатышат качан тоюшат булар бир аллах билбесе,,,,
Коом кандай болсо,коомго жараша падыша келет,Туугандар.
Basmachy111, Debi, жеке айтышууларга жол берилбейт.
Basmachy111, кимдир-бирөөнү мазактоого тыюу салынат.
Силерге эскертүү!
эмнеси болсо да тынчтыкка, токчулукка эмне жетсин туугандар!
Ташиев озу озун эмне кылганын ичинде толук тушунот да. ошентсе да сыртында баатыр сезип озун, керсейе басып, ОБОНдор менен сыймыктанганы куйгузот. Кыргыздын эркек уулу деген андай болбойт негизи..
Атамбаев эн туура айткан, чычалап жазгандар туз жаласын...
bzkgn,эн туура жаздын,жазда коп аймактарды,уйлорду суу каптап селден былтыр,адамдар агып олду эгер эстесенер,канча уйлор жашоого жараксыз калды,Атамбаев келип бир караанын корсотуп кетсе,элдин сыйына татымак,сый урматты заслужить этиш керек,Ташиевти кара коздору учун сыйлабастыр копчулук,сый урматын эл мн журуп корсотту,ал эл менен,кайыш кресло менен эмес.азаматсыз Камчы аке.
Озунордун башынардагы тоону корбой, бироонун башындагы чопту коросунор да!
Туугандар эне-эне деп калыпсынар, дуйнодо баардык кыздар торой алат а баардык кыздар эне боло алышпайт. Болгону алар эне деген атты гана алышпаса, а бирок чынында эне дегенге татыктуу эмес, бирок аларда оз балдарына эн кымбат эне. Эне деген бут адамдарга энелик максатын билдире турган, энелик сапатын корсото ала турган, энени эне десе болот деп ойлоймун.
машина бере берсек кыргызстанга швейцариядагы банктарда турган акчанын баарын берсе да онукпойбуз дагы деле бийликтегилер болуп алышат аягында бириси качып кетет экинчиси келип аны жамандап ал да жеп тойгончо тонойт кыргызстанды
мен ушул атамбаевди призидент катары коро албайм да
SRT, кимдир-бирөөнү кемсинтүүгө жана мазактоого тыюу салынган.
3 күн БАН!
бироого уйроткон акылды озу пайдалансын атамбаев озу ойлонуп кадам жасап жатабы