Бүгүн биз акыркы күндөрү оппозиция пенсияга чыгарын, Бакиев кур дүрмөттүү кошоматчыларга куштар эместигин көп айта баштаган, кечээги оппозициячы, бүгүн УТРКнын жетекчиси Мелис Эшимкановду кепке тарттык.
– Мелис мырза, мамлекеттик кызматкер, Улуттук телерадионун жетекчиси катары эмес, “экс-кетсинист”, мурдагы оппозициячы, саясатчы, журналист, кадимки шайлоочу катары маек куруп бербейсизби?
– Эң арбын нускалуу “Супер-Инфого” чыгууну мурдатан каалап, бирок сааты чыкпай жүргөн. Анын үстүнө, оппозициядагы “досторум” бир жарым жылдан бери үзбөй асылып келаткандарына теңелбейин дегем. Мүнөзүм темирден куралса да, акыры агыңан жарылгың келет экен.
– Соңку жылдарда өткөн митингдердин баарында “ди-джей” болуп, оппозициянын башында жүрдүңүз эле. Мына бир жарым жылдан бери КТРди жетектеп, бийликтин идеологиясын жүргүзүп жатасыз. Позицияңыздын кескин өзгөрүүсүнө эмне себеп болду?
– Убагында Президентибиз Курманбек Бакиев менен жылуу саламдан башка мурда-кийин мамилебиз жок эле. Мен депутаттык мандат үчүн соттошуп жүргөн кезде ыраматылык Жусуп
Бакиев мага чыгып, “келбейсиңби, чогуу иштешели” деп сунуш кылган. Бирок эки себептен улам баш тартууга аргасыз болгом. Биринчиден, чогуу жүргөн Бакиевдин атаандаштары ал жакка өтүшүмдү каалашпай, жандарына алып жүрүп алышты. Экинчиден, март революциясынын алдында депутаттыкка талапкерлердин ичинен массалык үгүт иштерин жүргүзгөн биздин Асанбай округу болгон. Ошондуктан шайлоочуларымдын үмүтүнө суу сепким келбеди.
Азыр Алмаз Шаршенович “2005-жылы 24-мартта элди мен алып чыктым” деп айтып жүрбөйбү. 4-мартта өзү келип, “Бишкекте 10 миң кишини кантип чогулттуң, жакшы иштептирсиң” деп таң калган. “Марттын ортолорунда ушул элиң менен керек болосуң” деди. Борбордук аянтка жөнөгөндө да элди микрофон аркылуу кезек-кезек алмашып сүйлөп, экөөбүз ээрчитип келдик эле. Ошондуктан азыр көрпенделик менен анын сөзүнө кичине ызалана түшөм. Биз менен келген элдин дээрлик 90 пайызы менин округумдун шайлоочулары болчу. Ага карабай эле Атамбаев “революцияны мен жасагам, элди мен алып келгем” деп жатат.
Анан депутаттарды өлтүрмөй, ар кандай башаламан пикеттер башталып кетти. Ушунун баары объективдүү, субъективдүү себеп болду. Бир чети эмоциянын, жандоочулардын таасири менен билип-билбей эле Бакиевди сындаган позицияга өтүп алгам. Кийинки жылы 19-апрель мен үчүн чоң силкинүү болду. Суу ичкен кудугума түкүргүм келбейт, бирок ноябрь-апрель митингдеринде көшөгө артындагы оюндар мени абдан ирээнжитип койду. Ошол жерден бизнес жасагандарды, 50-100 миң доллар алып качып кеткендерди көрдүм. Өмүрбек Бабанов экөөбүз машинанын үстүнө чыгып алып ырдап, бийлеп күпүлдөп жатканда ошол эле Алмаз байкебиз жашыруун эшик аркылуу кирип, президент менен макулдашып, эки айдан кийин премьерликти бышырып чыкканын билген жокпуз. Биз саясатта кичине бала экенбиз да, далыга таптап, “сен укмуш сүйлөйсүң, Кашпировскийсиң” десе эле кара жумушту аткарып жүрө бериптирбиз.
Ошол кезде жайнаган кочкорлордун башын кошуу аябай кыйын болгон. Маңдай-тескей отургузуп алып, урушчусу менен урушуп, алдачусун алдап, баарын баш коштурганга көп эле аракеттерди кылдык. Анан 19-апрелде бизге “бүгүн митинг кууп, таратылышы мүмкүн” деген кабар жетти. Баары дыргаяктап кача баштады.
Текебаев унчукпай эле жоголуп кетти. Кийин билсем, “Ата Мекен” партиясынын тууларын, плакаттарын жыйнап кеткенге чуркаптыр. Феликс Шаршенбаевич болсо түшүнүксүз позицияны ээлеп, “штабда ишим бар” деп чыкпай койду. Коомчулуктун аң сезиминде “аянтта жалгыз Сариев акырына чейин турду” деген пикир калыптанып калды. Болгону, микрофонду акыркы алган Темир болгон. А болбосо, ошол жерде Р.Жээнбеков, А.Сасыкбаева, Ө.Субаналиев, К.Байболов болуп жүргөнбүз. Бул эми Темирге тийишкендик эмес, бирок майда нерсе болсо да, тарыхты болгонун болгондой чагылдырыш керек да.
Ошол күнү түн ичинде атышуулар болду, Куловдун Байтигине чейин бардык, пресс-конференция өткөрдүк. Андан кийин да парламентте эки-үч күн жаман сөздөр айтылып, түндүк-түштүк болуп бөлүнүп, баарыбыз тең эмоцияга алдырдык. Абдрахманов, Субаналиев камакка алынганда “булардын кандай күнөөсү бар? Камалсак, баарыбыз камалалы” деп “Азаттыкка” жалгыз мен интервью бердим окшойт. Анан телефон чалуулар, коркутуулар башталды. Эки-үч күн өткөндө “тойдум байдын кызына!” дедим дагы, үйбүлөмдү алып, Алматыга кетип калдым. Ал жерде он күндөй жаттым окшойт. Мен жашаган үй Байболовдуку болчу. Эртең менен чөптүн үстүнө шүүдүрүм түшүп калат, жыңайлак ошону тебелеп басып жүрөм. Ашканага отуруп алам да, Штирлицтей болуп ширеңкелерди тизип, өзүмдүн жасаган иштериме, кетирген катачылыктарыма анализ жасайм. Бул күндөр менин турмушумдагы эң өзгөчө мезгил болду. Оппозиция менен сүйлөшкүм да, жолуккум да келбей калды.
Кайра келген соң мен байланышкан биринчи киши – президенттин уулу Максим болду. Ал мурда да бир-эки жолу сунуштарды айтып жүргөн. Бул жолу да “ажо менен бир жолугуп сүйлөшпөйсүзбү, чабыштан, конфликттен эмне чыгат?” деди. Президент июнь айларында кабыл алды окшойт. Ал киши: “Мелис, мен сени сыйлайм. Акылдуу, тайманбас жигит деп билем. Мобул жердеги “кетсин!” деген сөздөрүң ушул убакка чейин кулагымда жаңырып турат. Канча жылдан бери оппозицияда жүрөсүң, гезитиң жабылып, көчөдө калган күндөрүң да болду окшойт. Эми мага айыгышкан оппозиция болуп алдың. Балким, мунуң кимдир бирөөлөргө жагар, бирок мындан эмне таптың? Колуңдан келсе, бизге жардам бербейсиңби? Качанкыга чейин эле кимдир бирөөлөрдүн колунда курал болуп жүрө бересиң? Апрель окуясынан кийинки абалыңды түшүнүп турам. Адегенде ички дүйнөңдөгү жараңды айыктырып алганча элчи болуп, бир-эки жыл эс алып келбейсиңби, кандай дейсиң?”- деди.
Японияны, дагы бир-эки мамлекетти сунуш кылды. Мен өзүм “Швейцарияны жакшы дейт, ошол жакка барайын. Бирок бир өтүнүчүм бар. Жанагы түрмөдө отурган жигиттердин кылмыш ишин кыскартууга жардам берсеңиз.
Субаналиевди, Абдрахмановду бөлүп камаган туура эмес болуп жатат” дедим. Ал киши жардамдашууга убада берди. Бирок күч структураларындагы бюрократияны билесиңер да. Иш созулуп кетти. Аңгыча мени Э.Карабаев чакырып, “Мелис, куттуктайм, Швейцариядан агреман келди” деди. Бирок элчиликтен баш тартып койдум. Себеби жанагы кылмыш иши дале кыскартыла элек болчу. Көп кишилер түшүнбөй эле калышты, “эмнеге баш тартты же дагы башка чоң кызмат сурадыбы?” деп. Болгон эле себеби ошол.
– Мурдагы парламенттин түбүнө сизди жетти деп жүрүшөт?
– Тайманбастык, чындыкты айткандык жагынан мурдагы парламент кыйла күчтүү эле. Бирок президент менен тирешүү ушунчалык тереңдеп кеткен, анын түбү жакшылыкка алып келбейт болчу. Кийин 2007-жылдын күзүндө ыраматылык
Садыркуловго кирип: “Менде бир ой бар, Конституциялык сотко кайрылып көрбөйүнбү. Бул парламент иштей албай калды, андан көрө партиялык системага өтөлү”,-дедим. Ал киши да туура көрдү окшойт, “өзүң байкап көр” деди. Ошондон көп өтпөй эле мен, анан К.Карабеков Конституциялык сотко кайрылдык. Сентябрдын орто ченинде Конституциялык сот Башмыйзамды кабыл алууда көп эле алашемдиктер болгондугуна ынанып, биздин доо арызыбызды туура деп тапты.
– Атамбаев менен мамилеңер да ошондон кийин бузулдубу?
– Бул киши жөнүндө айтарда мен бир нерсени белгилеп кетейин, “бир жолу даам сызган жериңе миң күн салам бер” дейт. Мен да Рая жеңемдин колунан көп эле даам сызып калгам. Андыктан Алмаз Шаршенович жөнүндө жаман сөз айтыш мага оор. Бирок ал кишинин абийирине шек келтирбей, кээ бир кашкайган чындыктарды айтып коюшум керек. Ошол эле ноябрда кандай Конституцияны кабыл алып жатканыбызды бизге эч ким окутуп же түшүндүргөн жок. Атамбаев тигинтип “чёрный ход” менен кирди да сүйлөшүп чыкты. Анан “Мелис, унчуга көрбө” деп парламентке келди. Спикерге жок дегенде бир сыйра окуп койбойлубу десем, “жок, эртең граждандык согуш башталып кетет” деп ызы-чуу менен эле депутаттарды кол көтөртүп салган. Ошондо Ташиев “позор!” деп кыйкырып жатканда, мен деле каршымын деп чыккам.
Ошол парламент тараар күнү эртең менен чыктым да, ачуу сөздөрүмдүн баарын айттым, “эгер мамлекетибиздин келечегин ойлосок, тарап кетели” деп биринчи болуп мандатымды таштадым. Менин артымдан дагы он чактысы таштады.
Муну кээ бирөөлөр Бакиевдин саясый технологдорунун күчтүү кадамы катары да баалап жиберишти. Ар ким ар кандай ойлошу мүмкүн. Бирок мен өзүм үчүн жооп бере алам. Бакиев менен бул темада бир ооз да сүйлөшкөн эмесмин. Бул менин ичимден сызылып чыккан чечим болду.
– “УТРКны жетекте” деген сунуш качан болду?
– Саясат көңүлүмө ушунчалык көк таштай тийген экен, ”Агымга” кайтып келсемби, кино тартсамбы же кичине бизнес кылсамбы деп ойлоно баштагам. Бирок президент чакырып, “реформа дейсиң, өлкөнү оңдойбуз дейсиң, кыска убакытка болсо да УТРКга барып, оңдоп бербейсиңби” деп сунуштады.
– Президенттин уулу Максим жөнүндө оюңуз кандай?
– Максимди мен гезиттен деле, парламенттин трибунасынан деле сындап келдим. Текебаев улам бир кагазды сунуп көкүтүп койсо, күпүлдөй берчүмүн да. Чындап эле ошондойбу, факты, далил барбы, бул бала чындап эле Айдардын ордун ээлеп калдыбы, бул мени кызыктырчу эмес.
Максим менен КТРге барганга чейин да, андан кийин деле көп сүйлөштүк. Ал жөнүндө сөз болгондо эле оппозициядагылар азезилдин образын жаратып жатышпайбы. Бирок мен билген Максим такыр башка. Европалыктарча ой жүгүрткөн, атасы аркылуу кыргыздын духу, намысы канында ойногон жигит. Бизнестик, мамлекеттик ой жүгүртүү жагынан жаңы толкундун өкүлү. Максим жөнүндө ушак эле угам, бирок бир да далил жок. Бул эми Мономахтын оор тебетейиндей ар бир ханзааданын маңдайына жазылган нерсе болуш керек.
– УТРКда реформа жасоо сиз үчүн кыйынга турду окшойт?
– Ызы-чуу көп эле болду. Бир топ ордунан козголбостой болгон адамдар, “жылдызчалар” кетишти. Мен аларды жаман көргөн үчүн же жеке өчүм болгон үчүн эмес, өндүрүштүк кызыкчылык үчүн кетирдим. Мите курттай болуп жабышкан структуралар, адамдар көп экен, ошолорду кыскартууга туура келди. Бул жагынан президенттен көп колдоо көрдүм. Кээде тамашалап калат “кетсин” деген кандай болот экен?” деп. Андай нерсени да баштан өткөрдүм. Бирок ал “баштадыңбы, акырына чыгар, учкаштыңбы, түшө качпа, реформа сенин колуңдан келет” деди. Азыр биз коммунисттик аралчага окшогон Улуттук каналга жаңы доордун желаргысын апкеле алдык деп ойлойм.
– Сизди “отставка сураптыр” деген маалыматтар ошондон улам чыккан го?
– Эгер президент колдобой койсо, мен кетип эле калмакмын. Өзүң ойлосоң, жасаган нерсеңдин баары тескерисинен чыгып, кечке эле “кетсин!” деп кыйкырып жатса. Дискомфорт болосуң да. Бирок “Заманадан” баштап, түнкү көрсөтүүлөргө чейин халтурага, эптеп акча табууга ык койбой, элдин жан дүйнөсүн байыткан деңгээлге чукулдап калдык.
– Азыркы оппозицияга кандай баа бересиз?
– Азыркы оппозиция лидерлерин мен пенсияга чыгыш керек деп эсептейм. А.Мадумаров бир кезде Акаевдин кадрларын ойноочу картага салыштырып, “беттери айрылып калса деле баягы эле “валет”, “дамалар” жүрөт” деп интервью берди эле. Оппозиция деле ошондой болуп калды. Кийинки кезде өтө эле майдаланып кетти. Ошон үчүн азыр жаңыланууга барып, кан жаңыртышы керек. Жашыраак күчтөр келиш керек.
“Кетсин!” деп биз ооруган оору менен оорубаган, ушактын кучагында жүрбөгөн, электорат менен иштей ала турган прагматикалык күчтүү оппозициянын жаралышына мезгил өзү алып келатат. Текебаев, Атамбаев,
Бекназаровдор тынч эле коюн багып, огородун карап, эс ала турган кези келди деп ойлойм. Мен деле өзүмдү жашмын деп эсептебейм. Элүүгө чыгарыма эки-үч эле жыл калыптыр. Басма сөздө болобу, теледе болобу кандайдыр бир деңгээлде өз ресурсумду түгөтүп бүттүм.
«Эшимканов кыйын» десе эле адыраңдап богу менен тең балдар менен жүрө бербеш керек. Ар нерсенин өз мезгили болот.
Кыш ченде бекен, Чолпон Жакупова
“абдан зарыл сөз бар эле” деп чакырып калды. Кеңсесине барып отурсам, “кечирип кой, телефондон айта алган жок элем, азыр Текебаев келет” дейт. Ал кезде экөөбүз сүйлөшпөй калганбыз. Аңгыча эле Өмүрбек кирип келди. Аркы-беркини сүйлөшүп отурдук. Ошондо порно-видеонун ызы-чуусу жаңыдан чыга баштаган. “Сен көрдүңбү?” деп сурап калды. Мен Чолпондун көзүнчө: “Өмүкө, менин сага душмандыгым жок. Сен деле мага душман болбой эле кой, бирок видеоңду көргөндөн кийин сен президент болбой калганыңа сүйүнүп жатам. Эми деле каалабайм. Анткени сенде Муссолини, Гитлердикиндей мазохисттик синдром бар экен. Баарыбыз эркекпиз, мен шарап ичсем уктап калмай адатым бар, атүгүл сүрөттөрүм гезиттерге чыгып кетет, сенчилеп кыздарга да кайдыгер эмесмин, эркек болгондон кийин өмүрүмдө көп нерсе болгон. Бирок бул мамлекет башкарам деген, ыйман, мораль деп ажону ар кайсы жагынан күнөөлөгөн адамдын кылар иши эмес”,- дедим. Ал жарылып кетти. Экөөбүз чала-була мушташа турган болуп, ортобузга Жакупова түшө калды.
Мунун баарын айтып жаткан себебим, досум эле деп көп нерсеге көз жумуп жүрө берсең болот. Бирок менде кээ бир кишилер бийлик башына келип калса, кыргыз элине кыйын болуп калат го деген кооптонуу бар. Кошуна мамлекетке согуш ачып жиберип, бир күндө он жолу өзгөрүп, айнып, сөгүнүп турса элдин эле шору да.
– Азыркы президенттин башкы артыкчылыгы кайсы деп ойлойсуз?
– Өткөндө Сариевге жолугуп калсам айтат: “Камбар-Ата” бул – эбегейсиз долбоор. Бакиев кантип мындай жоопкерчиликке барды? Орусияны кантип көндүрдү, билбейм. Эгер ушул долбоор ишке ашса, бирок мен ишке ашарына көзүм жетпейт деп баягы оппозициялык көз караш менен айтып жатат да, биз Борбордук Азияда лидер болобуз”,- дейт. “Аки-пресс”агенттигинин башчысы Марат Тазабеков президенттин Астанада сүйлөгөн сөзүнөн кийин: “Биздин мамлекет башчыларыбыз буга чейин кошуналар менен теңата сүйлөшө алчу эмес. Биринчи жолу Бакиев биздин артыкчылыгыбыз сууда экендигин, бул жөн гана куру доомат эместигин “Камбар-Атанын” алкагында ынанымдуу аргументтер менен далилдеп берди”,- дейт сүйүнүп. Мен Маратка кошумчалап минтип айтар элем. Митингде кыйкырып, акылдуу сүйлөп, кооз докладдарды окуп, Конфуцийден, Жефферсондон цитата келтире берсек болот. Бирок чыгармачыл киши катары өзүмдү-өзүм билип, өтүгүмдү төргө илип жүрүп, биринчи жолу мамлекеттик кызматта иштегенде, КТРдин эле алкагында бузулганды оңдоо, кандайдыр бир продукция берип, элди кубандырыш канчалык кыйын экенин жон терим менен сездим. Адамды, негизинен, сөзү, бою, ырдаганына карап эмес, иш-аракети менен баалаш керек. “Ганси” бул – иш эмеспи? “Медведевди да алдады, Обаманы да алдады” деп кээ бирөөлөр мындан да чайкоочулук жасап жатышат. Бул алдагандык эмес, чоң саясый оюнда Кыргызстандын тышкы саясаттагы позициясын коргой билгендик. Кечээги 17 миллион менен эми келчү жүздөгөн миллион долларларды салыштырууга болобу?
Оппозиция биздин ички принципиалдуу позициябызды уккулары келбей, “сатылып кетишти” деп күнөөлөп жатышпайбы. “Жакшы падыша – душманын дос кылат” дейт кытайдын даанышмандары. Бакиев да бизди ошондой дос кыла алды. Бул университеттен, китептен окуп алууга мүмкүн болбогон, табияттан берилген даанышмандык.
Кумтөр боюнча эмне деген гана сөздөр болду. Он беш жыл бою “алдаттык эле алдаттык” деп ботодой боздоп келдик эле. Бакиевдин тушунда Кыргызстандын ала турган үлүшү 200 миллион доллардан 3 миллиардга жетти. Андан сырткары, салык, соцфонд дегендердин баарын биздин ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн укугуна теңегендин өзү кыраакылык эмеспи?
Албетте, кемчиликсиз эч ким жок. «Өлүп көрүптүрмүнбү» дегендей, мурда-кийин президент болуп көрбөгөндөн кийин, азуулуу ири державалардын ортосунда жүргөн оңой эмес бул кишиге.
– «Эшимканов дегеле бири-бирин кыртышы сүйбөгөн кочкорлордун да башын бир казанда кайнатып жибергенге жөндөмдүү» деп айтып калышат. Кечээги “досторуңузду” да радикал көз караштан кайтып, жаратмандык ишке өткөрүүгө аракеттенип көрдүңүзбү?
– Кээ бирөөлөр менен сүйлөшүп жүрөм. Аты-жөндөрүн айтпай эле коёюн, арасында бийлик менен кызматташууга даярлары деле бар. Сөз табышпаган киши болбойт. Эң эле элдешкис деген Атамбаев менен дагы, Бекназаров менен дагы тил табышса болот. Бирок кичине эшек курттары мурдунан түшүп, өздөрү да ошого даяр болушу керек. Президент “элчи бол”, “министр бол” деп канчасына кызмат сунуш кылды. Көнбөй коюшту. Демек, азырынча ага амбициялары жол бербей жатат. Кечээ түштүктө жүргөндө президент дагы бир жолу баса белгиледи. “Мен эч кимди душман кылбайм, сүйлөшүүгө, кызматташууга чакырам” деди. Мен айтар элем, президенттин бул багыты аябай туура. Анткени душман кылгандан эч ким пайда таппайт, бул айланып келип эле өзүңдүн башыңа тийген муш болот. Мен оппозицияда жүргөн кезимде эле президентке бир сунуш киргизгем. Шайлоо бүтсө ошол сунушумду дагы бир жолу кайталайын деп жатам.
Бизде илгертен бир жаман салт бар. Раззаков кызматтан алынгандан кийин көрүнгөн гезиттерге боктотуп, эл душманы кылган
Усубалиевдин бийлиги болгон. Усубалиев кетери менен мамлекеттик гезиттер аны тепкилеп жатып калышты.
Масалиев кеткенде, Акаев деле аны жакшы көргөн эмес. Акаевди деле көрдүк. Эң жаман тагдыр ошого туш болду. Ошон үчүн Курманбек Салиевичке Көк жайыкка болобу, Манас атанын күмбөзүнө болобу кадырман аксакалдарыбызды, мыкты илимпоз-академиктерибизди, Назарбаев сыяктуу боордош мамлекеттердин жетекчилерин чогултуңуз да, мал союп, майрам жасап, Раззаковдун кызын, Масалиевдин баласын, Усубалиевдин көзү тирүү, аны, Акаевди чакырыңыз. Ошол жерден журт атасы экендигиңизди, кечиримдүү экендигиңизди билдириңиз дегем. Акаев келсе эмне экен, саясый оюндарды уюштуруп, президенттикке ат салышмак беле. Ушул нерсени жасаш керек. Себеби эртеби-кечпи, Курманбек Салиевичтин да кетер мезгили келет.
Улам жаңы шайланган журт атасы эле мурдагысын жаманаттылап, жектеп жатып калганы жакшы көрүнүш эмес. Ушул оюмду ажого билдирсем, ал киши “аябай кызык сунуш экен, бирок азырынча эрте го. Эл да, коом да, чакырыла турган адамдар да даяр эмес, кичине коё туралы” деп айткан. Менимче, убакыт бышып келатат. Эл эл болушу, улут улут болушу үчүн башыбыз биригиши керек. Азыр музыка, сүрөт, кино дүйнөсүндө жаштардын жаңы толкуну келатканын туюп жатам. Азыр дүйнө ушунчалык жаман окуяларга кетип баратат. Ыймандык, каржылык кризистин кырдаалында кыргызды сактап кала турган бул – биримдик аркылуу улуттук кайра жаралуу.
– «Оппозицияга жаңы күчтөр келиши керек» дедиңиз. “Жалын”, “Канжар” өңдүү радикал жаштар тууралуу эмне айтасыз?
– Негизи, биз ошол тепкичтен да өтүшүбүз керек болчу. Ноябрь, апрель митингдерин да чийип салганга болбойт. Мамлекет, коом ошол оорудан, ошол этаптан өтүшү керек эле. Кудайга шүгүр, андан кан төгүлбөй, жаман окуяларга дуушар болбой өтүп кеткендигибиз дагы эле болсо президентибиздин чыдамкайлыгынан. Эмне үчүн мен азыр Бакиевдин командасындамын, эмне үчүн шайлоодо ал кишини колдоп жатам? Себеби андайга чыдаш мүмкүн эмес болчу. Атамбаевдин, Текебаевдин, атүгүл азыр маңдайыңда какшап отурган Эшимкановдун ошого чыдап, бир кырсыкка жол бербей өткөнүн элестете албайм. Ойлосоң, бетиңе түкүрүп, оттон алып сууга салып жатса. Анан ошондой кишилерге колун сунуп: “Ай, Эшимканов, Бабанов, Карабеков, Субаналиев, келгиле, өзүңөрдү иш менен көрсөткүлөчү”,- деп шанс берип жатпайбы. Менимче, бул баарыбыз үйрөнө турган айкөлдүк сапат.
– Акыркы кезде айрым оппозициячыл гезиттер сизди “төө бастыга” ала башташты. Президентти колдогонуңуз үчүнбү?
– Атамбаевге таандык гезиттер десең болмок. Алмаз байке гезиттерден мага көп эле жолу тийишип келди. Ушул кезге чейин унчуккан жок элем. Мага карата “сатылды” деген сөздү көп айтат. Макулмун, мен сатылдым. Мага жаман киши деп кара крест коюп койгула дагы, жек көрүп жүрө бергиле. А эмне, ал министр болуп жүрүп оппозицияга кетип, беш айдан кийин кайра келсе, сатылганга жатпайбы? “Премьер-министрликке элди сакташ үчүн, көпүрө болуш үчүн келдим” дейт. Биз эмне, текей оттош үчүн келиптирбизби? Биз деле көпүрө болгубуз келет. Биз деле жардам берели, мамлекетке иштейли деп келдик. Же биз Курманбек Салиевичтин жеке фирмасына иштеп жатабызбы? Ата Журтубузга иштеп жатабыз. Өз башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөпкө асылган болбойт да.
– Илгери такай футбол ойночу элеңиз. Азырчы, спорт менен машыкканга убакыт таап жатасызбы?
– Ак үйдөгү жыйындан баш тартсам дагы, башка күйүп жаткан иштерим болсо дагы экинчи, төртүнчү күнү тоголонуп, кыйкырып футбол ойногон адатым кала элек.
Андан сырткары, жумасына бир ирет 4-5 сааттап тоо аралап, бийик чокуга чыгып, суу бойлоп басып келмей адатым бар. Менин мүнөзүм ушундай: бардык нерсеге жетишкенге аракет кылам. Бир гана арманым – мамлекеттик кызмат мени дербиштик турмуш образымдан, Кубат акеден бир аз алыстатып койду.
– Келинчегиңиз да теледе иштейби?
– Билет болушуңар керек, мен экинчи жолу үйлөнгөм. Азыр неберелеримди сагынып жатам. Телефон аркылуу Америкадагы кызым менен сүйлөшүп калам. Менин черимди жазып, болгон ачуумду тараткан – эки жаштагы
Миэлла аттуу кызым. Уулум Адам төрт жашка чыкты. Экөөнүн мүнөздөрү да, тентектиги да меники. 17деги Тотошам (Төлөгөн) мектепти бүтүп, Англияга окууга өтүп, кетүүгө даярданып жүрөт.
“Жакшы кыргыз аялын мактабайт” дейт. Бирок Аселге жолукканым мен үчүн зор бакыт деп эсептейм. Менден он беш жаш кичүү болсо дагы кыйынсынбаган, момун, эмне каалаганымды кабак-кашымдан, кирпигимдин ирмелишинен түшүнгөн жароокер жан.
Асылбек Жумакадыров