Кайрат: “КАЙНЕНЕМДИН КОЛУН КАРМАП, ЖАЛДЫРАП ЖИБЕРГЕМ”

Эгиз козудай ээрчишип, бири-биринин колдорун бекем кыса кармашкан жаш жубайлар жаркырап эле редакциябызга кирип келишти. Экөөнүн тең жүздөрүндө кубанычтын белгиси турат. Бакытка балкып турган бул эки жаш ырчы Кайрат Примбердиев менен жубайы Айзада.

«Таңкы күн нурларынан салам айттым,
Көздөрүң ачылганда айта барат.
Сыдырым желге болсо сүйүү катым,
Жүрөгүм соккон сайын сени туюп.
Миллион арасынан издеп табат...»
үйлөнгөнүнө 4 күн болгондо Кайрат ушинтип ыр жазган.

– Кайрат, Айзада, куш бооңор бек болсун! Кандай жашап жатасыңар?
Кайрат: – Рахмат. Биздин кубанычты сиздер бөлүшүп жатканыңыздарга ыраазычылык. Кудайга шүгүр, биз абдан бактылуубуз. Үйлөнгөнүбүзгө бир айдан ашты. Айзадага сөйкө салып, салт боюнча үйлөндүм. Учурда батирде турабыз. Куттуктап келгендердин аягы дале тыйыла элек.
– Кайрат, биз сени “Тамаша торго” салып Лейлекке күйөө бала кылалы десек, сен минтип...
– Ошол “Тамаша тордон” кийин үйлөнөйүн дедим дебейимби. Тамаша. Лейлекке күйөө бала болбой, Нарындын күйөө баласы болдум.
– Айзада, ырчыга турмушка чыгам деп ойлодуң беле?
– Кайраттын “Сагынганда” деген ыры жаңы чыгып жатканда эмнегедир ушул ырды көп укчумун. Бир күнү клибин көрүп отуруп “ий, жакшынакай жигит экен” деп койгом. Сыягы, ошондо эле жүрөгүм сезген окшойт. Өткөндө байкем “сен ошондо эле Кайраттын ырын көп укчусуң” деп күлөт. Тагдырыбыз бир экен. Минтип үйбүлө отун тутандырдык. Бирок мен Кайратты ырчы эмес, жөнөкөй адам катары адамдык сапатын баалап, анан колун кармадым.
– Кайрат, бир жолу биз сенден «үйлөнгөндө канча калың бересиң?» дегенибизде сен «тогуз төө, тогуз кара берем» деген элең. Чын эле калыңды айтканыңдай бердиңби?
– Негизи, анда кыргыздын салтын айткан болчумун. Анан эле таякем телефон чалды. “Э, Кайрат, эмне дегенсиң. Сен бир кыйын чыгасың го. Чын эле ошончо калың беребизби?..” деп жатпайбы. Мен күлүп, “таяке, беребиз да” десем каткырып калды. Калың берүүнү чоңдор өздөрү чечишти. Биз кийлигишкен жокпуз.
– Айзада, Кайраттын үйлөнүү жөнүндө сунушун кантип кабыл алдың?
– Оо, алгач телефондон айтты. Угуп алып тамашалап жатат го дедим. Кийин жолугуп айтса бир жума ойлоно берип кыйналып, арыктап да кеттим. Анан ойлонуп, Кайратты жакшы билгенимден макул болдум.
– Бири-бириңерди таарынтып алган учур болдубу?
– Кыз-жигит болуп жүргөндө бир жолу Айзада болбогон жерден таарынып калган. Ойлонуп отурсам, Юлдуз Усманованын “Атыр гүлүн” коюп калды. Артымды карап отургам. Ошол боюнча бийлеп кирдим. Анан эле Айзада келип “Атыр гүлүңдү угуп отура бер” деп колундагы калем сапты ыргытып чыгып кетти. Мен түшүнбөй буга эмне болду деп артынан чыктым. Көрсө, ал музыканы коюп, сүйлөйүн деп басып келатканда мен ага карабай, бийлеп кетиптирмин. Кичине тултуюп, кайра жарк дей түштү. Анан экөөбүз каткырып калдык. Ошентип, Айзада мени “Атыр гүлдөн” кызганып, урушуп кеткен. Азыр таарынышмай жок. Кээде Айзада бир чекитти караган боюнча көзүн ирмебей отуруп калат. Башта түшүнбөй э-у деп калчумун. Кийин билдим. Бир нерсени ойлонуп, анан курсагы ачканда ошентип отуруп кала турганын. Кээде өзүм да ошентип ойго чөмүлүп, кыялдарга батып кетем.
– Кудай окшоштуруп кошуп койгон го анда...
– Туура. Экөөбүздүн тең мүнөзүбүз окшош. Сүйлөшүп жүргөндө эле экөөбүздүн оюбуз бир чыгып калчу.
– Айзада, ырчынын күйөр­мандары болот да, алардан кызганбайсыңбы?
– Кыздар телефон чалса, мурда өлө кызганчумун. «Ушинтип канча кыз менен сүйлөшөсүң?» дечүмүн. Негизи, Кайрат эч бир адамга катуу айтпайт. Жок дей албаганын билем. Ошон үчүн туура түшүнчүмүн. Азыр эми моюнуна каамыт илинди деп койбоюмбу.
– Бирөөнүн бүлөсү болуш кыйын дешет...
Айзада: Көшөгөгө кирип, ак жоолук салынганда турмуш жолуна аттанганым чоң жоопкерчилик экенин билгем. Апамды, эжелеримди, дегеле кайындарымды сыйлайм. Таласка барып тамак жасаганда гана тузу кем болуп калбаса экен деп бир аз кооптонгонум болду. Бирок кайындарыма бат эле көнүп кеттим.
Кайрат: Мен апамды апа дейм, Айзада апасын мама дейт. Ошол ошол боюнча эле калдык. Мамам (кайненем) “Капканшоу” деген берүүдө коюн алдап мага саткан эже. Ошондо «эже, чынын айтыңызчы, сиздин деле мендей уулуңуз бардыр. Азыр эле сиз мага кой сатпадыңыз беле. Ошол эже сизсиз да, ээ?..» деп колунан кармап, жалбарып жибергем. Анда ал күлүп жиберген эле. Ошондо эле мамамдын (кайненемдин) алдай албаган, мээримдүү жан экенине күбө болгом. Казакстанга концертке барыш керек болуп калды. Дуэт ырдайлы деп Айзаданы да ээрчитип алдым. Анан үйүнө барып апасынан сурайын десем, апасы көзүмө жылуу учурайт. Сизди бир жерден көргөм десем. «Кой сатам» деп күлүп калды эле анан эске түшпөдүбү.
– Айзада, анан Кайрат сенин төшөгүңө эртең менен кофе алып келип жатабы?
Кайрат:Это уже слишком... айтылбай турган нерсе го (күлүп). Тамаша, келинчегимди уялтпай мен жооп берип коёюн. Экөөбүз тең туруп эле кофе ичкени барабыз.
– Кайрат, Айзада кармашкан колуңар үзүлбөсүн!

  • Кайрат Айзаданы колоколчигим, Жерим («Том жана Жери» мультфильминдеги каарман) деп эркелетсе, Айзада жаным го жаным деп эркелетет.
  • Экөө кафеде чогуу ырдашат.
  • Бир нерсени макулдашып, алдын-ала пландашат.
  • Тун наристеси кыз болуусун каалашат.

Бурул Исмаилова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 350, 17-23-июль, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан