«ДОСТУК-2013» БАТАЛЬОНДУК- ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ БОЛУП ӨТТҮ

Баткен шаарында КРнын аскерлерди даярдоо планы менен Орусиянын жана КРнын Коргоо министрликтеринин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкка ылайык, «Достук-2013» биргелешкен батальондук-тактикалык машыгуу болуп өттү.
Бул машыгууну коргоо министринин орун басары, полковник Жаныбек Капаров жетектеди. Ал: «Машыгуунун негизги максаты – аскердик башкаруу органдарынын ишин бирдиктүү тартипте өркүндөтүүгө операцияларды даярдоо менен жетишүү операцияларды өткөрүү, камсыздоонун бардык түрлөрүн уюштуруу менен штабдын ишин жөнгө салуу. Ошондой эле өзгөчө кырдаалдагы абалдарды жана аймактагы коопсуздукту камсыздоону бирдиктүү иштеп чыгуу»,- деди. Машыгуунун күжүрмөн атууларды камтыган акыркы жыйынтыктоочу этабы 7-июнь күнү болуп өттү. Анда Баткен шаарындагы 30630-аскер бөлүгүнүн полигонунда кыргыз жана орус аскер кызматкерлери өзгөчө шарттагы мыйзамсыз куралчан аскер түзүмдөрүн талкалоо жана блокадага алуу боюнча биргелешкен операцияларды киргизүүнү жүзөгө ашырышты. Иш-чаранын кийинки бөлүгү машыгуунун мыкты катышуучуларын сыйлоо жана концерттик программа менен улантылды.

 

Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 554, 14-июнь-20-июнь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан