7000 АЯЛДУУ ЧЫҢГЫЗХАН
Евразияны багындырган Чыңгызхан бир эмес, 7000 айымды аялдыкка алууга жетишкен. Баарынан кызыгы, ал ошончо аялдарын төшөк кумарына батырууга кантип үлгүргөн? Бул суроого жооп төмөндө.
Укум-тукумдуу Чыңгызхан
Оксфорд институтунун антропология жана генетика бөлүмүнүн изилдөөсү боюнча, жер жүзүндөгү 17 миллион 435 миң 217 адам бир атадан тараганы маалым болду. Анын аты – Чыңгызхан. Ал адам баласынын тарыхында эң көп укум-тукумдуу инсан катары «Гиннестин рекорддор Китебине» катталган. «Кантип жана кандай жол менен мындай ийгиликке жетише алды?» деген суроо туулбай койбойт.
Маалыматтарга караганда, Чыңгызхандын аялдары менен төшөк күңдөрүнүн саны 7 000 болгон. Ал биринчи жолу коңшу меркит уруусундагы Борте аттуу бийкечти жубайлыкка алган. Тилекке каршы, Борте душмандардын колуна түшүп, кийин бошотулуп келгенде боюнда бар экени билинет. Арадан убакыт өтүп, Борте уул төрөп, атын Жучи коюшат. Анын атасы душманбы же Чыңгызханбы, бул күмөн жаратат. Ошондон улам Чыңгызхан өмүрүнүн акырына чейин Жучинин өзүнүн уулу экенине күмөн санап жүрүп өткөн дешет.
Бул иш дүйнөнү багынткысы келген Чыңгызхандын аброюна шек келтирбей койгон эмес. Алардан өч алуу максатында меркиттердин ханынын айдай сулуу Кулан аттуу кызын жубайлыкка алган. Кулан төшөктө балыктай туйлаган, мыкты өнөктөш болгон. Ал өзүнүн мырзасын көтөн чучугу аркылуу да кумардын туу чокусуна чыгара алган.
Күндөш эже-сиңди
Чыңгызхан татар хандыгын басып алып, хандын Есуган аттуу кызын жубайлыкка алат. Алп баатырды бир көрүп сүйүп калган Есуган нике түнү Чыңгызханды болуп көрбөгөндөй рахатка бөлөйт. Ал таңга маал ханга кайрылып: «Сиздин жубайыңыз болуу мен үчүн чоң сыймык. Бирок эжем Есуй менден өткөн сулуу. Төшөк жаатында мага караганда көп нерсени билет»,- деп айтат. Хан муну кулагы чалары менен Есуйду алдырып, аны да жубайлыкка алган.
Кыскасы, императордун хан сарайда эже-сиңдилер менен түндү чогуу өткөргөн учурлары далай болгон. «Эки байталды бир минүү» деп аталган бул ыкма хандын эң жакшы көргөн төшөк оюндарынын бири эле.
Чыңгызхандын аялдары
Борте, Есуган, Есуй жана Кулан атактуу хандын улуу, урматтуу аялдары болушкан. Алар мамлекеттик келишимдерди чечүүгө да аралашып, өз кеңештерин беришкен. Биринчи аялы Бортеден төрөлгөн балдары гана Чыңгызхандын мураскерлери болушкан. Ал эми калган аялдары үч топко бөлүнгөн:
Биринчи топтогулар
Бул топко саясатка байланышы бар аялдар кирген. Тагыраак айтканда, хандардын, бийлик төбөлдөрүнүн татынакай кыздары эле. Монголдор менен болгон мамилени бекемдеш үчүн аталары кыздарын ханга атайылап беришкен. Алардын көпчүлүгү менен Чыңгызхан нике түнү гана жыныстык катнашка барган.
Экинчи топтогулар
Бул топту кытай элинин келишимдүү кыздары түзүп, алар «тажрыйбалуулар» деп аталышкан. Хан бул топтогу аялдары менен болгон түндү абдан жактырчу. Себеби ар бир түндө чыныгы эркекке айланарын көп айткан. Көрсө, кытай кыздарынын сексуалдык ыкмалары ханды лаззаттын жетинчи кабатына чыгарып, эсин оодарганга чейин жеткирчү экен.
Үчүнчү топтогулар
Үчүнчү топту жалаң төшөк күңдөрү түзгөн. Басып алынган өлкөлөрдөгү сулуу кыздардын баары атактуунун төшөк күңдөрүнө айланышкан. Алар менен өзү каалаган учурда гана жыныстык катнашта болгон. Мисалы, алардын бири Индиянын Нашпур шаарынан алынган Сами аттуу бийчи көз талдырткан сулуу болгон. Ал төшөктө да өтө темпераменттүү келген. Ушунча жубайларынын ичинен бир гана Сами ханга: «Төшөктө канааттанбай жатам»,- деп бетине айткан. Башчы: «Самини тойгузгула!»- деп буйрук берет. Кол алдында кызмат өтөгөн кечил (монах) нефриттен жасалган жасалма жыныс мүчөнүн жардамы менен бийчини бир нече жолу оргазмга жеткирген. Бул окуя Чыңгызхандын көз алдында өткөн. «Мындай күтүлбөгөн рахатка жеткен бийчи жүрөгү жарылып өлгөн» деген маалыматтар да бар.
Делебени козгоочу чөп
(уламыштан)
Чыңгызхан жан жөкөрлөрү менен мергенчиликке чыгып, кийик уулап жүрөт. Ал бир үйүр кийикти сыртынан аңдып жатып, күтүлбөгөн көрүнүшкө туш болот. Тагыраак айтканда, бир кулжа бир чөптүн тамырын жалап келип эле улам бир аркарга ашып жаткан болот. Чыңгызхан абдан таң калып, ал кийик жеген чөптү алдырып, татып көрөт. Бир маалда эле дүүлүгүп, аял каалап калат. Хан мергенчилигин да унутуп, сарайын көздөй шашып жөнөйт. Өз максатын ишке ашырган соң гана жаны тынчыйт.
Көрсө, ал делебени козгоочу чөптүн тамыры экен. Бул мээр чөп хан бир топ жашка чыккыча жардам берген дешет.
Мына ушундай, окурман, атактуу инсандын укмуштуудай темпераменттүүлүгүнөн улам анын тукуму дүйнө жүзүн каптап кеткендей.
Карманган мыйзамдары
- «Эркектин чексиз кумарга батып туруусу жеңишке сөзсүз жеткирет».
- «Багындырып алган жерлердин эркектерин ээрден кулатып, аялдарын салындыга айланткыла. Сулуунун оттой ысык «алигисин» өпкүлөп, кулпунайдай таттуу эриндерин соргула».
Астра Айдарова
erotika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
Барс, кыстала-ак деген эмне?
ошол дуулуктургон чоптун аты эмне экен?Билсенер жазып койгулачЫ janadil-89@mail.ru Бизда Кыргыздын уругун кобойтконго салым кошолу
мээр чопту канчадан бери издеп журом таппай келем, ушул чоп биз тарапта жок окшойт кыргызстан жеринде
alimyrza93, алайга бар,табасын. Каалашынча терип аласын. Мен коргозуп койом:-)
Андай Нерселер Кыргыздын жигиттеринин деле колунан келет
менин атымда Чынгызхан бирок 7000минге жетпесем да 100кыздын кыздыгын алдым
Chyngyzhan01,100 дечи бир аз ишеничтуу чыкпай калды да.
Chyngyzhan01,азмаз камайтип койбопсунда апыртмга койсонда 20 десен жетишет
Эй азыраак апыртсан.Кудай алдында жооп береринди унутпа.А меер чоп Кыргызстандын баардык бийик тоолорунда бар.
Кыргызстанда светти кообурок очуруш керек айла жок зеериккенинен кобойшот
Сами бийчини зордоп эле олтурушуп койсо керек солдаттары, кайф алып атып олбойле