«АПАМДЫН ЖОГОЛГОН СҮРӨТҮ»

Каракол шаарындагы балдар үйүнүн тарбиялануучусу, 17 жаштагы Кубан өзүнүн оор турмушун айтып берди. Айрыкча апасы жөнүндө улутунуп көп айтты...
– Кичине кезимде ата-энем ажырашып кетишип, мен апамдын колунда калыптырмын. Кийин атам каза болуп калды деп уктум. Бирок мен ишенбейм. Бир күнү «сенин атаңмын» деп кимдир бирөө издеп келчүдөй күтө берем. Апам байкуш кыйын күндөрдү башынан кечирди. Эркелеткен эрмеги, караан тутуп таянары мен элем. Шаарда батирде апам экөөбүз жашачубуз. Мен билгени апам Караколдогу автобекетти шыпырып иштеди. Жайы-кышы дебей мени жанына ээрчитип алып көчө шыпырчу. Мен болсо чоң-чоң таштандыларды терип жардам берчүмүн. Апам бир күнү «сен эми мектептен окуйсуң, азыр айлык алып, сага базардан кийим сатып берем» деди. Эртеси күнү базарга барып, мага шым-костюм, аппак көйнөк, бутума туфли кийгизип, сумка алып ичине дептер, карандаш салып, аркама асынтып койду. Өзү да кубанып жүрөт. «Эми тамак ичебиз» деп бир кружка чай, ысык пирожки алып берди. Жаңы кийим кийгениме кубанып, анын үстүнө курсагым да ачып калган эле, тамактанып баштадым. Пирожкинин жарымын жеп бүтүп апамды карасам, эч нерсе жебестен мени сүйүнүп карап отуруптур. «Апа, өзүң жебейсиңби?» десем, «ачка болгон жокмун» деп койду. Көрсө, апам болгон акчасына мага тамак алып берген экен…
Эсимде, 1-класска апам жетелеп алып барган. Ар күнү мени мектепке жеткирип коюп, өзү жу­мушка кетчү. Сабактан чыксам, мектептин алдында күтүп турар эле. Бир жолу мен болгон жа­ңы­лыктарымды айтып, балмуздак жеп келе жаткам. Бир маалда апам мени карап, каткырып күлүп калды. Көрсө, бе­тиме балмуздак жабышып, мурутка окшоп калып­тыр. Бетимден өп­күлөп, анан сү­рөткө ошол бойдон түшкөнбүз. Апамдын ошондой күл­күсүн мына ошондо биринчи жана акыркы жолу көрдүм.
Ошентип иштеп жүрүп апам үй алды. Бирок мен мектептен 5-класска чейин эле окуп калдым. Мугалимдер «документтериң туура эмес экен» дегенинен апама айтсам, «тактап берем, кайра окуйсуң» деген эле. Ага жетпей жү­рөгү ооруп, төшөккө жатып калып, көп өтпөй каза болду. «Бир үйдө кантип жалгыз жашайсың?» деп таежем мени өз үйүнө алып кетти. Бир күнү таежем апам экөө­бүз жашаган үйгө барып, оокаттарды жыйнаштырып келгенин көрдүм. Көрсө, биздин үйдү сатып жибериптир.
Апамдын сүрөттөрү абдан көп болчу. Кийин алардын бирин да таппай калдым. Таежеме катуу таарынып, андан ары алар менен жашай албасымды билип, балдар үйүнө келдим. Жакында апамдын сүрөтүн таап алдым. Шаардык социалдык кызматкерлер чакырып, апамдын сүрөтүн беришти. Ошондон бери анын сүрөтүн күндүз чөнтөгүмдөн түшүрбөй, түнкүсүн жаздыгымдын алдына коюп уктайм. Менин ага арнап куран окушумду күтүп жатат го деп боолголоп куран окуганды үй­рө­нүүдөмүн.
Бош убактымда спорт менен машыгам. Келечекте күрөштүн чебери Данияр Көбөновдой болсом деп тилек кылам. Жакшы жумушта иштеп, акылдуу, сулуу аялга үйлөнөм. Бир кыз, бир уулга ата болуп, аларды мыкты тарбиялап, татыктуу бага алсам, арманым болбос эле. Өзүм жетим өсүп, ата-энесиз күндөрдү баштан кечирдим. Өз балдарымдын көз жашын агызбайм деп өзүмө-өзүм сөз берем!

Айзат Анарбекова
karakol@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (72)
shazi
2013-06-21 13:55:22
Жүрөгүм ооруп, көз жашым агып кетти. Эне деген айта алгыз керемет, мээримдүү зат. Ылайым тилениңе жет, аллах жакшылыгын аябасын сенден, келечегиң алдыда,ыймандуу балдардан бол.
0
azile8691
2013-06-21 14:48:51
кудайым сага жардам берсин. тилеген тилегине жет. бактылуу бол
0
altysha
2013-06-21 15:42:45
Ылайым эле озун энсегендей,тилегендей кызга жолуктурсун бактылуу бол!
0
ajxana
2013-06-21 18:40:13
кудайым тилегинди орундатып,акылдуу билимдуу, жаштардан бол.Ааламга кетчу жол айылдан башталат да ааламга жол ачкан акылман жигит бол.
0
shax90
2013-06-21 21:24:06
кудайым ыйман ынсап сабыр илим билим атаа этсин тилегенине жет.
0
Alai_kyzy
2013-06-22 01:28:33
okup alyp yiladym. Ayabai okunuchtuu. Baktyluu bol.
0
dsamidinov
2013-06-22 14:34:04
омурун узун болсун ойлогон ой максатына жет азаматсын.
0
Dolbooruwka
2013-06-22 16:45:24
Baktyluu bol, oilogon oilorum kudaim iwke awyrsyn, apana arnap tez tez kuran oku. Okup alyp iylap da aldym.
0
miniusha
2013-06-22 19:25:06
Алдына койгон тилектерине жет, кудай жардам берет, Алла ыраазы болсун сага!
0
borodach
2013-06-22 19:43:39
myndan kiyinki jawoondoo jagymduu nerseler kop bolsun inim
0
baky1991
2013-06-23 00:31:29
Ар дайым жолун ачылсын иним, жаратканыбыз жакшылыгын сенден аябасын.
0
Merin
2013-06-23 13:53:26
((( ыйлагым келип кетти, омурун узун, бактылуу болуп тилеген тилегине жет, эне - ыйык, эне баласы учун баарына даяр! таэжеси туура эмес кылыптыр, тууган болуп карап койгондун ордуна уйун сатып жиберип (((((
0
isamurai
2013-06-24 03:23:06
таежесин сотко бериш керек
0
pumba.timon
2013-07-01 04:01:49
Кубан тилегине жет,кагылайын!аман болуп ой максатына жетип,тилегениндей бактылуу балдардын бактылуу атасы бол!
0
kultaev
2013-09-29 13:15:01
Маладец Кубан осуп онук.ойлогон ой максатына жет бар бол ден соолугун чын болсун
0
№ 554, 14-июнь-20-июнь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан