Акыркы жылдары популярдуулуктун туу чокусунан түшпөй келе жаткан Урмат жалпы элдин, айрыкча жаштардын сүйүктүү ырчысы экенин өзүнүн концерти дагы бир жолу тастыктады.
Концерттин ачылышында Урматты коштогон цирктин клоундары, сахнанын өйдө жагынан жааган шарлар, жылтырактар, сахна жасалгасы көрүүчүлөргө күтүлбөгөн «сюрприз» болду. Ушундан улам концерттин уюштуруу жагы жогорку деңгээлде даярдалганы алгач эле көзгө урунду. Бул ырчынын продюсери Ассоль айымдын эмгегиби же Урматтын концертке чоң жоопкерчилик менен караганынанбы, айтор, уюштуруу жагы оригиналдуулугу менен жогорку баага татыды. Концерттин эки тизгин бир чылбыры атактуу Ассоль айым жана «жаактууга жай бербеген» ди-джей мырза Арстанбек Абдымановго тапшырылган экен. Эл алдында чыгып көнгөндөнбү, экөөнүн куйкум сөздөрү, алпаруучулук чеберчилиги да концертке көрк кошо баштады.
Алгачкы номерде Урмат көптөн бери күйөрмандарын сагындырган сахналашы Айя Садырова менен «Караш» дуэтин ырдап чыкты. Андан соң Урмат эл арасына кеңири белгилүү болгон бир катар ырларын аткарып берди.
Ошондой эле бул концерттин меймандары белгилүү жаш ырчылар Султан Садыралиев, Мирбек Атабеков, Мирбек Иманбеков, Неля, Бактыгүл Бадыева, «Дельмар» тобу жана башка көптөгөн жаңы чыгып келе жаткан ырчылар кеченин көркүн ачышты.
Болгону жаш ырчылардын «төл башы» болгон Темир Назаровдун бул концертке келбей калышы Темирдин күйөрмандарын өкүндүрбөй койгон жок.
Ошондой эле Урматтын формалары да көңүлгө арзырлык болду. Ар бир ырынын маанисине жараша жана дуэт ырдаган коллегаларынын кийимдерине карап окшош кийим кийип чыккан Урмат чындыгында эле жаш ырчылардын «мачосу» деген атка татыды.
Бул концерт ошондой эле ар тараптуу таланттардын өнөрүнө бай болду. Классикалык музыкадан баштап жаз стилиндеги ырлар, ар бир ырды коштогон бир канча бийчилердин тобу концертке өзгөчө шаң берип турду.
Айта кетсек, таланттуу скрипкачы кыз Аида Баякова, жаз стилинде ырдаган Айжан Газиева, орусча ырдаган Салкынай Алиева жана бийчи Бакыт Байсариевдер өзгөчө оригиналдуу аткаруулары менен эл көңүлүн бура алышты.
Ошентип, жарыяда убада кылынган «шоу-концерт» сөздүн түз маанисинде аткарылды деп айтсак калп болбостур. Элди зарыктырып бир сааттай күттүргөнү болбосо, Урматтын жеке концерти жогорку деңгээлде өткөнүн баса белгилеп кетмекчибиз.
Толик Сынчы