АТ-БАШЫЛЫКТАР БИШКЕК-ТОРУГАРТ ЖОЛУН ЭМНЕГЕ ТОСУШТУ?

6-июль күнү Ат-Башы районунун Кызыл-Туу, Кара-Булуң, Казыбек айылдарынын 100гө жакын тургуну Бишкек-Торугарт жолун 4 саатка жакын тосушту. Жол тосууга “Ак-Сай, Арпа жайлоолорунун бир тарабы 49 жылга Кытайга ижарага берилип жатыптыр” деген кеп себеп болгон. Мындай маалымат кайдан келип чыкты? Чындыкпы же шайлоо алдындагы саясый оюнбу? Ушул суроонун негизинде окуянын чоо-жайын иликтөөгө аракет кылдык.

Белгилүү болгондой, маалыматтын чыгышына Кыргыз-Кытай чек арасындагы Торугарт бажы көзөмөл бекети Кыргызстандын аймагына ичке карай 50 чакырымга жылдырыла баштаганы себеп болгон.
Аталган бекет ичкеридеги Коргон-Таш аймагына көчүрүлүп, ал жерге кытайлык куруу-
чулар Кыргыз бажы бекетин бекер куруп бере баштаганы жергиликтүү калкты чочулаткан.

Тосулган жолду КРнын Вице-премьер-министри Өмүрбек Бабанов барып ачты

Жол тоскондор менен сүйлөшүп, маселени чечүү максатында КРнын Өкмөтүнүн атынан биринчи вице-премьер-министр Ө.Бабанов жана Нарындын мурдагы губернатору, учурда ЖКнын депутаты Аскар Салымбеков Ат-Башыга барышкан. Алар жол тоскондор менен жолугушуп: “Эч кандай жер ижарага берилген эмес. Бажы бекети да жылбайт. Айтылган сөздөрдүн баары ушак”,- деп эл аралык унаа жолун ачып келишкен. Аталган райондун тургундары 10-июлга чейин өкмөттүн аталган чек ара иши боюнча так маалымат берүүсүн талап кылган.

Шамал болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт...

“Эл оозунда элек жок” демекчи, учурда бул иш боюнча ар кандай кептер айтылып жүрөт. Такталбаган маалыматтарга караганда, Нарындын темир кени жайгашкан Жетим-Тоо аймагы учурдагы депутат А.Салымбеков губернатор кезинде эле Кытайга ижарага берилип, аны кытайлык “Тянь-Линь” аттуу компания 49 жылга ижарага алгандыгы айтылып келет. Аянты 100 миң чарчы гектарга жакын болгон бул жердеги 5 айыл өкмөтүн да башка жакка көчүрүү каралган имиш. Аталган темир кенин кытайлыктар келерки жылдан тартып казып баштаары, бул кендин запасы дүйнөдө 3-орунда тургандыгы да айтылууда.

Жергиликтүү калк эмне дейт?

«Жол тосууңарга эмне себеп болду, та­лаптарыңарга жооп ала ал­ды­ңарбы?»- деп Ат-Башы районунун тургуну Д.Керимовго кайрылдык. Ал:
– Мунун азыр калп-чынын билбейм. Бирок Ак-Сай, Арпанын ижарага берилиши чын болсо, анда ал “Ат-Башы бүтүндөй эле Кытайга кетти” деген сөз. Ат-Башы – ыйык жер. Ала-Тоо аймагындагы кыргыздар бүт чабылып, көчө качканда да Кошой бабабыз коргон куруп, ал жерден көчкөн эмес. “Бул кеп чын болсо, биз шайлоого да барбайбыз” деп сүйлөшүп жатабыз. Жолду казып, унаа өткөрбөй коёбуз. Жакынкы күндөрү “Жан берели Ата Конушка” деген акция өткөрөлү деп турабыз. Жерди бергенче, ошол жерде атышып өлгөн артык эмеспи.

Чек ара кызматычы?..

Аталган кызмат менен байланышканыбызда “Кыргызстан менен Кытайдын чек арасы 2002-жылы делимитацияланып, демаркацияланып бүткөн. Кыргыз-Кытай чек арасынын жалпы узундугу 1111 чакырымды түзөт. Бардык чек ара көзөмөл бекеттери мурункудай эле иштеп жатышат. Эч нерсе эч жакка жылган жок. Эки тараптуу макулдашуу, келишимдерсиз кандайдыр бир компаниялардын чек араны жылдырууга акылары жок. Ошондуктан Нарында чек ара боюнча кооптоно турган маселе болгон жок” деген жооп узатышты.

Окуяга аты аралашкан А.Салым­бе­ков эмне деди?

Нарындын мурдагы губернатору, учурда ЖКнын депутаты Аскар Салымбеков аталган окуяга байланыштуу мындай жооп узатты:
– Айтылгандардын баары карандай калп. Чек арадагы бажы бекеттерин жылдыруу маселеси Кыргыз-Кытай бажы кызматынын сүйлөшүүлөрүнүн негизинде болгон. Эки өлкө­нүн бажы бекеттери турган аймактар өтө суук, аба шарттары ыңгайсыз болгондуктан, эки тарап тең өз аймактарын ичине карай жылдыруу боюнча макулдашкан. Учурда Кытай бажы бекети өз аймагынын ичине карай 100 чакырым Торо деген жерге жылдырылган. Кыргыз бажы кызматы да Арпа жайлоосун карай көч­мөк эле, бирок бул жер да суук болгондуктан, өкмөттүк атайын комиссия келип, бекетти Торугартта калтыруу чечимин чыгарды. Ал эми темир кенине келсек, мен губернатор болуп турган кезде эч кандай жер ижарага берилген эмес. Мындай кеп-сөздү таратуу менен айрым көрө албагандар мени каралоону самап жатышат.

Чыныгы жоопкер Бажы кызматыбы?

КРнын Бажы кызматынын басма сөз жетекчиси А.Малдыбаев Торугарт бекетине байланыштуу буларды айтты:
– 17 жылдан бери Ат-Башынын эли “жолдорду Кытайдын жүк ташуучу унаалары бузуп жатат. Чек арага жакын жерге терминал курулса, бизге да жумуш орундары ачылат эле” деп айтып келишкен. Бажы кызматы ал жерге эч кимдин барбасын, аба шарттарынын ыңгайсыздыгын айтып, буга каршы экендигин билдирген. Бирок 1 жылдан бери Азия Өнүктүрүү Банкы бажы бекеттерин мобилизациялоо максатында бул сунушту колдогон. Кытай тарап өзүнүн бажы бекетин жылдырып, биздин да жылдыруубузду өтүнгөн жана керектүү жайларды салып беришерин убада кылган. Ошондон улам биз да макул болуп, бул кадамга барганбыз. Эми Ат-Башынын эли өздөрү коюп келген талаптан кайтып, “жер ижарага берилди” деген ушактан улам терминал куруу маселесине каршы чыгууда. Аталган аймакка атайын өкмөттүк комиссия барып, бул маселеге чекит коюп келди. Эч нерсе салынбайт жана бажы бекети да жылбайт.

Мына ушундай, замандаш, маселени иликтеп, чындыкты сиздерге жеткизгенге аракет кылдык. Көрүнүп тургандай, тиешелүү мекемелер бири-бирине шылташса да, ынанымдуу жооп бергенге аракет кылышты.

“Кыңыр иш кырк жылда» демекчи, бул кептин чындыгы да эртеби-кечпи, баары бир ачыкка чыгат дегенден башка айтарыбыз жок.

Айбек Кочкоров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 350, 17-23-июль, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан