17-июнь күнү Бишкек шаардык соту «ата журтчу» депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду бардык беренелер боюнча актады. Эске салсак, алар «күч менен бийликти басып алуу» жана «конституциялык курулушту күч менен өзгөртүүгө чакыруу» аракеттери боюнча айыпталып жатышкан болчу. Актоо чечимин Курманкул Зулушев (төрага), Сания Бранчаева жана Медетбек Сатыевден турган соттук коллегия кабыл алган.
Тогуз айдан ашуун УКМКнын СИЗОсунда камакта жаткан эл өкүлдөрү 3-октябрда «Ала-Тоо» аянтында «Кумтөр» кенине байланыштуу митингге чогулушуп, топтолгон адамдар менен бирге Ак үйдү басып кирүүгө аракеттенишкен болчу. Мындай ниетти жок дегенде эле «Ала-Тоо» аянтында айтылган чакырык, алардын тосмодон ашып түшүү далалаты далилдейт. Бирок Камчыбек Ташиев: «Бизден мүчүлүштүктөр кетти, аны мойнубузга алабыз. Ооба, тосмодон ашып түшкөнүбүз далил, бирок ал далил менен эле бизди камап коюуга болбойт болчу»,- деди.
«Эң туура чечим чыкты». «Жок, соттор сатылып кетти...» Коомчулук учурда ушундай бири-биринен кескин айырмаланган эки пикирдин кучагында. Соттордун депутаттарды акташына эмне себеп болду деген суроо да көпчүлүктү түйшөлтүүдө. 17-июнда отурумду бир аптага кийинкиге жылдыра коёбуз дешкени үчүн депутаттардын тарапташтары судьяларга бут кийим, желим бөтөлкөлөрдү ыргытышып, шаардык соттун имаратына кирүүчү дарбазаны талкалап салышты. Андыктан «мындай чечим басымдан улам чыкты» деген пикирди көпчүлүктүн мээсине куюуга аракеттер өкүм чыккан күндүн эртеси эле башталды. Башкы прокуратура ошондой тариздеги маалыматын таратып, Жогорку Сотко апелляциялык арыз менен кайрылышарын билдирди. «Судьялар актаганы үчүн 300 миң доллар пара алышты» деген кеп да желдей тарап, атүгүл алардын биринин дарегин дубалдарга килейтип жазып, «бул жерде коррупцияга баткан, сатылма судья жашайт» деген көрүнүштөр пайда болду. Буга байланыштуу Садыр Жапаров: «300 миң эмес, азыр жанымда 3 миң доллар жок. Мен керек болсо, ал үчүн 3 доллар бермек эмесмин»,- деди.
19-июнь күнү Жогорку Соттун басма сөз кызматы үч депутаттын кылмыш ишин караган судьялардын кайда экендиги белгисиз экенин, 17-июндан бери жумушка да чыкпай жатышкандыгын кабарлады. Судьялардын дайынсыз жоголушуна 18-19-июнь күндөрү шаардык соттун алдында «Мекен шейиттери», «Айкөл Ала-Тоо» жана «Апрель байрагы» кыймылдарынын өкүлдөрү чечимге каршылыгын айтышып, митингге чыгышкандыгы себеп болду көрүнөт.
Көп өтпөй судьялардын бири С.Бранчаева үч «ата журтчу» депутатты бошотууга каршы чыкканын билдирген видео интернетке жайылды. 20-июнь күнү К.Зулушев менен М.Сатыев ачыкка чыгып, дайыны билинбей кеткени тууралуу: «Бизге жана бала-чакабызга карата коркутуулар болду, андыктан ушул күнгө дейре жашырынууга мажбур болуп жатабыз. Чечим чыгарууда эч ким басым кылган эмес жана пара да алган жокпуз. Учурда коопсуздугубузду ойлоп, укук коргоо органдарына кайрылдык»,- дешти.
22-23-июнь күндөрү бошотулган депутаттардын жердештери соңку тогуз айдын ичиндеги түн-күндү билбей митинг өткөрүү, жол тосуу, администрациялык мекеме басып алуу сыяктуу түйшүктүн жеңишин майрамдаганы жатышат. Айтымдарына караганда, Ош менен Жалал-Абад облустарында жылкы союлуп, боз үй тигилип, элдик сейилдөөдөн башталган шаан-шөкөт салют аттыруу менен аяктайт экен.
Ал эми депутаттардын өздөрү СИЗОдо жатышканда улам ачкачылык жарыялап турганы жана бир катар оор дарттары бар экенине карабастан, мындан ары ишмердүүлүгүн улантарын айтышты. Атүгүл Камчыбек Ташиев: «Кудай буюрса, мен мыйзамдуу жол менен Кыргызстандын президенти болом»,- деди.
Эльвира Караева
politika@super.kg