АЙТТЫ ДА КОЙДУ...

ИРИНА КАРАМУШКИНА,ЖКнын депутаты:
«Өзүн баатыр сезген үч депутат, Алмазбек Атамбаевге рахмат айткыла. Бакиевдин кезинде ушундай кадамга барсаңар, жок дегенде 20 жылга камалмаксыңар».


 


ӨМҮРБЕК АБДРАХМАНОВ,ЖКнын депутаты:
«Вице-премьерликти жоюу керек, айрыкча жыртык бюджеттин учурунда алардын кереги жок. Эгерде Мамытов ошончолук эле алмашкыс болсо, анда аны премьер-министр кылалы».

 



КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ, ЖКнын депутаты:
«Түрмө – келечек үчүн пайдалуу тажрыйба болду. Абак – курорт эмес экен».

 


 

НАДИРА НАРМАТОВА, ЖКнын депутаты:
«Тайырбек Дүйшекеевич, сиз жооп берүүгө шашып жатсаңыз да, бери дегенде жөнүн сурап алыңызчы. Чек арага деле, экономикага деле сиз жооптуусуз. Аял төрөй албай калса дагы сиз жооп бересиз!»

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
best-life
2013-06-24 11:19:59
ушул карамышыкина куйдурот да, кыргыздарга асылганы асылган.Бирде гимн ырдалып жатса тоготпой колун койбой журогуно ж.б жоруктарды жасап. Жон эле олтура бербейби десен...
+3
PROS
2013-06-24 13:19:01
best-life, ))))))))карамышыкина дегенинди окуп алып эки саат боорум эзилбедиби.
+2
Debi
2013-06-24 12:25:49
Карамушкинаныкы ак соз. Атамбаевдин арты менен көөп жатышат. Бакиевдин тушунда ата-журт үчүн ушунча "жалындап" күйгөндөр жүрүшчү эле коюн-колтугуна кирип, тымпыйып.
-4
sgk_85
2013-06-24 12:39:03
Эл оозунда элек жок деген макал карапайым элге эмес, депутаттарга топ келген макал. Жети олчоп, бир кескен жокко буларда.
0
ХАНЗАДА
2013-06-24 15:17:37
надира нарматова деген аял ушинтип эле кур кыйкырык жасай берет. Эми аял торой албай калса да сиз жооп бересиз дегенин кандай тушунсо болот?
+2
PROS
2013-06-24 17:53:14
Н. Нарматова: аял торой албай калса да сиз жооп бересиз. Эмне деген аял бул? Же эмне Сарпашев акушер-гинеколог бекен, тообо?
+1
ormotoy
2013-06-24 19:55:50
Нарматова каякка болсо эле башынды тыга бересин маанисинде айтып жатса керек.
0
turatbek-92
2013-06-25 18:58:11
Karamushkina emne deyt atambaevden olup baratsa da 3 deputat kechirim surabasa kerek
0
turatbek-92
2013-06-25 18:59:15
oi rahmat
0
Rake
2013-06-26 01:47:05
Дубалды аттай секирип, ойлонбой иш кылган женил ойлуу адам Президент болом деп жатса, аны улуттук баатырдан бетер кыргыз туугандарым которо чалып мактап жатса, демек кыргызымдын болгон денгеели ушул болсо керек. Окунучтуу, бирок бул чындык
-1
Debi
2013-06-26 14:46:19
Rake, бул окуялардан эле кыргыз элинин деңгээлин өлчөп койгон болбойт го. Ырчыларды алып барып, малын союп, жоолугун берип жатса, айылда эриккендер деле барган чыгар, бекер концертке
-2
sanchos
2013-06-27 11:27:22
Rake, дубалдан секирген болсо кыргыз элим, Кумтор эл байлыгы, элиме иштесин д секирген болсо керек. Кумтор маселесине ошол окуядан кийин гана чон конул бурулду окшойт. Кыргызым д куйгон азаматтарды сизге окшоп терс кабыл алып жатса кыргызымдын денгээли ОТО ЖОГОРУЛАЙТ.
0
№ 555, 21-июнь-27-июнь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан