ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (24-июндан 30-июнга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптадагы маанилүү маселе бул – сүйүктүүңүз экөөңүздөрдүн ортодогу мамиленин абдан чыңалып кетиши. Үчүнчү адамдын пайда болушу менен мамилелердин аягына чекит коюлушу мүмкүн. Шаршемби – компьютер же чөнтөк телефон сатып алууга ыңгайлуу күн. Жума күнү чыгармачылык иштер жемиштүү болот. Ишембиде жасаган жумуш алымсындырбайт, андыктан эс алганыңыз туура.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Тааныштардын, туугандардын жаңы сунуштарын угуп, пайда апкелчүсүн иргеп алыңыз. Шаршембиде бирөөлөрдүн кийимин кийбеңиз жана сактоого буюмун албаңыз. Майда кырсыктан улам төлөмөр болуп калууңуз мүмкүн. Бейшембиде достор менен эс алыңыз, чер жазыңыз. Жума күнү азгырыкка берилбей, убактылуу роман куруудан качыңыз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Эски тааныштар жолугуп, мурунку жашооңузду эске салат. Жеке жашоодо сүйүктүүңүз менен эки башка жолго түшүүнү чечесиздер. Шейшембиде жетекчилер менен сүйлөшүү сиздин пайдаңызга чечилбейт. Бейшембиде жашооңузга өзгөртүү киргизүүчү таанышууларга кез келесиз. Жекшембиде тамак-аштан ууланбайын десеңиз, балык азыктарынан абайлаңыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптада бир топ акчаны куру бекер жумшап жиберүүңүз мүмкүн. Көңүлгө жага бербеген нерселерди алгыча акчаңызды топтоп, чоң буюм алууну ойлоңуз. Шаршембиде тилиңизди тишиңиз менен басып, сырларыңызды сыртка чыгарбаңыз. Ушул эле күнү жагымдуу адамдар менен кечти бирге өткөзөсүз. Жума күнү кыймылсыз мүлк маселелери оңой чечилет.

АРСТАН (23.07-23.08)
Жаңы ишкананы каттатууга, сүйүктүүңүздүн колун суроого эң ыңгайлуу апта. Бардык иште демилгелүү болуп, аброюңуз өсөт. Кол үзүшкөн адамыңыз кайра табышууга аракет кылат. Апта ортосунда балдардын талаптарын орундатуу менен алек болосуз. Жума – майда кырсыктар тооруучу күн. Дарыя, көлгө түшүүдө, айнек менен иштөөдө этияттык жана сактык керек.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Соода жаатында иштегендер ишенген адамдарынын жаман жоруктарына туш болуулары ыктымал. Дүйшөмбүдө сынга кабылбоо үчүн чөйрөдөгүлөргө идеяңызды таңуулабаңыз. Шаршембидеги аян түшкө маани берген оң. Ал байлык жана даңктын жакын калганынан кабар берет. Жума күнү суукка урунбоонун алдын алып, муздак душка түшпөңүз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптанын башында күтүлбөгөн окуя жашооңузга шаң кошот. Бирок жакын адамыңыз ортодогу маселени чечпей, бир топ түйшөлтөт. Шейшембиде жакындарыңызга жардам бересиз. Бейшембиде унаанын бузулганынан же жол тыгынынан улам маанилүү жолугушууга кечигүүңүз ыктымал. Жекшембиде ууру-кескилердин көңүлүн бурдурбай, капчыкты бекем катуу кажет.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Күтүлбөгөн кырдаалдан улам аптада жетекчинин ролун аткарууга туура келет. Коркпоңуз, баары сизди угушат. Шейшембиде жол жүрүүдө кийимиңизди булгап же жыртып, ыңгайсыз абалда калууңуз мүмкүн. Бейшембиде тойдун күбөсү болууңуз күтүлүүдө. Жума күнү сизди алдоого аракет кылышат, эч нерсе сатып албоо керек. Жекшембиде майда курулуш жана үй иштери убактыңызды алат.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптада телефон чалуулардын көптүгү, күтүлбөгөн коноктордун келиши жана кокустан жолугушуулар шаштыңызды кетирет. Уулануунун алдын алуу үчүн колдон жасалган азыктардан баш тартыңыз. Шейшембиде үй-бүлө мүчөлөрүнүн биринин маселесин чечүү керектелет. Шаршембиде капчыгыңыз акчага кампаят. Жума күнү жакын адамыңыз жакшы мүнөттөрдү тартуулайт.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Жеке жашоодогу маселе алдыңкы планга чыгып, башка иштерди бүткөрүүгө тоскоол болот. Ичте жыйналып жүргөндөрдү сыртка чыгарып, жолдошуңуз (же мамиле түзгөн адамыңыз) менен ачык сүйлөшкөнүңүз оң. Карызга акча бербей туруңуз, жакында өзүңүзгө керек болот. Апта аягында жаныңыздын тынчын көздөп, жекече эс алууну туура көрөсүз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Апта жеке жашооңузда күтүлбөгөн өзгөрүүлөрдү алып келет. Социалдык абалды жакшыртуу жаатындагы ойлор да тынчтык бербейт. Шейшембиде тааныштардын убадасына ишенсеңиз, талаада каласыз. Жума күнү болор окуя сизди жашоого башкача көз караш менен кароого түртөт. Жекшембиде мал сатып алууну көздөгөндөрдүн тилеги ишке ашат.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Жашооңуздун жаркын тилкелери башталат. Каржылык абал оңолот. Андыктан кыймылсыз мүлк, ири буюм сатып алууга, сүйүктүүңүз менен мамилени ширетүүгө киришиңиз. Шейшембиде пайдалуу сунуштан баш тартпаңыз. Бейшембиде юристтин кеңешине кайрылууңуз мүмкүн. Апта аягында электр буюмдарын сатып алуу сунушталбайт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 555, 21-июнь-27-июнь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан