Секс – адамзат жашоосунун ажырагыс бөлүгү. Аял менен эркек жуурулушуп, бир бүтүн жанга айланып, мамилелери бекемделет. Баарынан да кызыгы – аны ар ким ар кандай кабыл алганында. Мисалы, ырчы-куудулдардын жашоосунда секс кандай роль ойнойт, байкап көрөлү.
Эрмек Маматов
– Мен үчүн секс – жанга жакын адамың менен бир болуп, керемет рахат алуу. Менимче, эркек болобу, аял болобу, секс жаатында маданияттуу болуусу керек. Ошондо гана үйбүлөлүк ынтымак бекем болот.
Мирбек Атабеков
– Аял менен эркектин ортосундагы ысык мамиле деп түшүнөм. Анын көп түрлөрү болсо керек. Мисалы, көңүл ачуучу, тукум улоочу дегендей. А мен келечекте сүйгөн жубайым менен туруктуу сексти баштан кечирсем деп тилейм.
Роза Шакирова
– Ачыгын айтсам, секске көп деле маани бербейм. Тагыраак айтканда, менин жашоомдо секс биринчи орунда эмес. Ал айрымдарга өтө маанилүү, айрымдарга көндүм көрүнүш. Ал эми мен үчүн эң негизгиси, сүйгөн адамым жанымда болсо болду.
Бактыгүл Бадыева
– Бул суроону мен күйөөгө чыккандан кийин сурасаңыздар, шашпай, кенен жооп бермекмин. Азырынча турмушка чыккандардан сурай туруңуздар, макулбу?!
Алина Жетигенова
– Орустардай болуп ачык айта албайм. Анткени кыргыз болуп туруп “лап” эттирип айтып салуу уят. Сексти жаратылыш тартуулаган нерсе катары кабыл алам.
Бакыт Байсариев
– Каалайсыңбы, каалабайсыңбы, бул турмушта боло турган “иш”. Сексти ар ким ар кандай кабыл алат. Мен сексти укум-тукум улоого керектүү нерсе катары карайм.
Айжан Газиева
– Секс – жашоодогу эң негизги нерсе. Негизи, секс – эркек менен аялдын ортосундагы көпүрө десем жаңылышпайм. Менимче, сүйүшкөн адамдардын ортосундагы өз ара түшүнүүчүлүк болуш керек. Эң негизгиси, жыныстык мамиледе сүйгөн адамыңа таза, туруктуу болушуң керек.
Замир Арыкбаев
– Секс бардык адамга суудай керек. Бул нерсе аркылуу сүйүүңдү арнайсың. Албетте, муну түз маанисинде кабыл албашыбыз керек. Бул – аял-эркектин ортосундагы урмат-сый, жубайыңа болгон жакшы мамиле. Сексти көңүл ачуу деп карабоо керек. Анткени бул ысык мамиледен балдар жаралат. Ортодогу мамиле туруктуу бойдон сакталышы да шарт.
Сакиш (Айнура Турганбаева)
– Кандай? Секс дейсиңби? Ха-ха... Ой, Кудай, түшүмө кирбеген суроону айтып чочутасыңар да. Кыргыздар айтып коюшат эмеспи, “эметкенден көңүл калбайт” деп. Бул сөз бекеринен айтылган эмес да. Анын үстүнө, анын пайдалуу жактары да толтура. Мисалы, психологдордун айтымына караганда, секс баш ооруну жазат, маанайың чөгүп, ызаланып турганда кадимкидей көңүлдү көтөрөт. Андыктан секстин биздин жашообуздун маанилүү бөлүгү болуп турганы жакшы го.
Голливуд жылдыздары эмне дешет?
Эгерде сиз Ирландияга саякаттап барып калсаңыз, актриса Дрю Бэрримордун эгин талаада жыпжылаңач болуп чуркап жүргөнүнө күбө болуп калышыңыз ыктымал. Анткени ал ушундай кебете менен табиятка ширелишип, кадимкидей рахат аларын маалымдаган. Ал эми калган Голливуд жылдыздарычы?..
Скарлетт Йоханссон “секссиз бир да күн кызыксыз” деп эсептейт. Өзгөчө ал машинанын ичинде секс менен алектенгенди жактырат. Мисалы, жактырган адамы менен жол жүрүп баратканда делебеси козголсо, машинаны туш келди жерге токтотуп, арткы отургучта кумарга батмайынча жаны жай албайт. Мындай экстремалдык секстин түрүн жактыргандар өтө темпераменттүү айымдарга киришет.
Кейт Бекинсэйл бош убактысында сүйүктүүсү менен ар кандай төшөк оюндарын ойногонду жактырат. Ал мырзасынын акылга сыйбаган буйруктарын чын дилден аткаргандыгы менен өзгөчөлөнөт. Кыскасы, бул айым төшөктө ар түрдүүлүктү жактырат.
Сулуулугу менен өзгөчөлөнүп турган
Анжелина Жоли секс учурунда укмуштуудай үндөрдү чыгарып, акыштаганы менен айырмаланат. Жолдошу Брэд Питт экөө мейманканалардын биринде секс менен алектенип жатышып, андагы кызматкерлерди таң калтырышкан. Маалыматтарга караганда, бөлмөдөн катуу жаракаттан улам өлүп бараткан жаныбардыкына окшош ачуу үн угулган. Чыдабаган кызматкерлер эшикти такылдатышса Брэд Питт эшикти ачып, баары жайында экендигин айтып таң калтырган. Көрсө, Анжелина айым түрдүүчө акыштоо жагынан эч кимди алдыга чыгарбайт тура.
Кристина Агилера сексти «жашоонун маңызы» деп билет жана төшөктө ачык-айрым болууну жактырат. «Айым төшөктө темпераменттүү болсо эле эркектер аны сойку катары кабыл албашы керек»,- деп билдирет ырчы. Ал сүйүктүүсү менен ар жекшембиде үйдө жыпжылаңач жүрүүнү жакшы көрөт. Бул күнү секстен алган “заряды” кийинки жумага чейин толук жетет экен.
Астра Айдарова
erotika@super.kg