ЮРИСТТИН КЕҢЕШИ

«ПОЧТА МЕНИ СОТКО БЕРЕ АЛАБЫ?»
– Мен почта кызматкеримин. Жакында иш учурунда менин шалаакылыгымдын айынан 30 миң сом акча уурдалып кетти. Жетекчибиз мени урушуп, милиция чакыртууга тыюу салды. Анан мени зордоп «30 миң сомдун ордун толуктап берем» деген тил кат жаздырып алды. Бул акчаны төлөп берүүдөн баш тартып жатам. Жетекчи болсо «сотко берип, соттотом» деп коркутууда. Эгер почта мени сотко берсе, мен кандай жаза алам? Же милицияга кайрылып, арыз жазсам, акча төлөбөй кала аламбы?
Динара, Бишкек, 27 жашта
– Акча уурдалар замат милицияга арыз жазуу керек болчу. Сиз жазып берген тил кат боюнча мекеме сизди сотко бере алат. Бирок эми да кеч эмес, милицияга акчанын уурдалгандыгы жана жетекчиңиздин зордоп тил кат жаздыргандыгы тууралуу арыз жазыңыз. Бирок зордоп жаздыргандыгын далилдеп беришиңиз керек, муну сот карап чыгат.
«ЗЫЯНДЫН АКЧАСЫН КИМ ТӨЛӨЙТ?»
– Жакында эле Бишкектин бир көчөсүндө баратып, ачык турган люкка түшүп кетип, катуу жаракат алдым. Башкача айтканда, колум чоң тилинип, бутумдун сөөгүнөн жарака кетти. Дарыланганга убакыт да, акча да короду. Эми кимди сотко берип, келтирилген моралдык жана материалдык чыгымды өндүрө алам?
Замирбек, Бишкек, 30 жашта
– Сиз түшүп кеткен люк кайсы муниципалдык мекемеге тиешелүү экенин биринчи билүү керек (мисалы, «Бишкексууканалы», «Бишкекжылуулук тармагы»). Андан кийин жаракат алгандыгыңыз тууралуу врачтан тактама жана сатып алган дарылардын чектерин алып, ошол мекемеге ден соолукка келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча кайрылуу жасаңыз. Эгерде маселе чечилбесе, сотко кайрылууга болот.
Суроолорго юрист Айнура Сыдыкова жооп берди.
«Юристтин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы.
Суроолорду (0312) 32-33-27 номери аркылуу берсеңиздер болот.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
тообо козуно карап базсаныз болот беле?
beka88,
Козуно карап эмес, жерди козунду чооон ачып, карап бас дейт...:)))
beka88, ошол козуно карап, жолду карабай тушуп кетти да))
Озубуздун куноону башкадан издегенге жаман конуп алдык го, пейлибизди ондойлучу туугандар?!
кайсы бир мамлекетте машиналар сузушсо аллахтан баары дейт да кетет сиз да ошентин эмм
fiura, owol jerde senin butun synsa owentip aityp koiup ele ketip kalaaryndy korot elem...
"Соттордун чонтогуно акча тушсун" десенер кайрылгыла сотторго арыз менен.
тообо озунун куноосуда жолду карап баспайбы ачык жерди корбойбу же мас адамбы ушундай да адамдар бар экен.
albette sotko bergeni dele tuura... municipialdyk ishkerler emneni karap oturushat. elden nalog alaaryn alyp jata berishebi. jyrtyktardy butoshu kerek.. bir kunu oshol jyrtyka jash baldar da kirip ketishi toluk iktimal..
Орустардын кемпирлери тайып жыгылса деле дворниктерди куноолойт го,жакшы тазалабаптыр карын деп. Значить адам укуктарында каралган да,ушуга окшогон кокустуктар.
урматтуу супер инфо жааматы менин сиздерге отунучум бул суроому адистин кенеши рубрикасына берип коесуздарбы менин тай эжемди 3 ай мурун гуйоосу кайнежеси болуп беш баласы менен эжем салган уйдон кууп чыкты азыр балдары менен тайенемдин уйундо андан бери сотко кайрылса уйду болуп берсин дегенине карабай бербей журот алименттен дагы баш тартып жатат кандай чара горсо болот
alenka, Саламатсызбы!
Өтүнүчүңүздү аткарууга аракет кылабыз.
саламатсыздарбы... менин досум рскюанктан акча которгон.. которгон учурда 30 сом кызматын алышкан.. алуучу жактагы банктын компьютерлери иштебей калган кайра алып башка банктан которолу десек алган кызмат акыны кайтарып бербеди.. бул нерсеге ким куноолу болот
gulisa8087,
Сизге купуя кат жөнөтүлдү.