Мурунку сандарыбызда жарыяланган Баткен жана Талас облусунун чек арасындагы айыл-кыштактар тууралуу фоторепортаждар сериясына күбө болгон чыгарсыз. Бул сапар Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Үч-Кошкон айылы боюнча чакан саякатыбызды сунуштайбыз.
Жети-Өгүз районунун Ак-Шыйрак айыл округуна караштуу Үч-Кошкон айылы Кыргызстан менен Кытайдын чек арасынан 30 чакырым алыс жайгашкан. Айыл 1957-жылы түптөлүп, анда 56 түтүн бар. Каттоо боюнча 462 киши турганы менен, учурда 102 гана адам жашайт. Ак-Шыйрак чек ара тозотунун капитаны Айбек Мамбетсейитовдун айтымында, айыл тургундары менен аскер кызматкерлеринин мамилеси жакшы, кандай маселе жаралбасын, бири-бирине жардам берип турушат. Буга 1996-жылы үч кытай жараны чек арадан мыйзамсыз өтүшүп, кийин алар жергиликтүү жашоочулардын көмөгү менен колго түшүрүлгөнү далил.
Үч-Кошкон айылында таза суу чыгаруучу түтүктөр орнотулган. Бирок кыш узакка созулуп, түтүктөр тоңуп калгандыктан, жергиликтүүлөр жылдын алты айында гана таза суу иче алышат. Калган убакытта тоо этегинен суу ташып келүүгө туура келет.
Айылда жалгыз гана Коомдук телеканал тартат. Ал да бирде үнү чыкса сүрөтү жок, сүрөтү болсо үнү чыкпай калат экен. Жашоочулар аргасыз DVD-дисктерди көрүшөт. Уюлдук байланыш да тартпайт. Жергиликтүүлөр туугандары менен азыркыга чейин кат жазып кабарлашышат.
Бул айылга жайдын саратанында дагы кар жаашы мүмкүн. Жол каттамынын начар болгонунан улам да кыштакка көмүр эмес, азык-түлүктү кыйынчылык менен алып келишет. Андыктан ар бир үйдүн жанынан жык-жыйма тизилген тезектерди көрүүгө болот. Жайында дарыядагы суунун деңгээли көтөрүлүп, айыл тургундары шаарга баруу үчүн 70 чакырым жерди айланып, көпүрөнүн жоктугунан автоунаалар дагы, жылкы минген айылдыктар дагы тобокелге салып чоң сууну кечип өтүшөт. Көпүрөлөрдүн абалы болсо ушул...
Туруктуу иштин жоктугунан айылдагы кыз-келиндер уй саап, айран уютуп, курут жайып кургатышат. Андан тышкары айыл тургуну Чолпон Турганбаева онго жакын аялдардын башын бириктирип атайын уюм түзгөн. Алар кол өнөрчүлүк менен алектенип, кийизден шырдак, бут кийим, көз айнек салгычтарды жасап, чет өлкөдөн келген эс алуучуларга сатышат.
Айыл деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте жайгашкандыктан, эч бир өсүмдүк өспөйт. Андыктан жашоочулардын дээрлик бардыгы мал багып күн көрүшөт. Ар бир үйдөн топоз, уй жана жылкыны кезиктирүүгө болот. Анан да карышкыр көп, бир жылда жок дегенде айыл боюнча 20дай бодо мал бөрүлөргө жем болот. «Майда жандыктарды көп эле алдырабыз, аларды эсептебей деле калдык» дешет тургундар.
Айылдык округ Каракол шаарынан 400 чакырым алыстыкта жайгашкан. Башка чек арадагы аймактардан айырмаланып, Ак-Шыйракта жайыт кенен. Ак-Шыйрак чек ара тозоту менен Кытай чек арасын кар баскан мөңгүлөр, ашуулар бөлүп тургандыктан, чек ара бузуулар көп катталбайт. «Чек арада, Кудайга шүгүр, абал туруктуу, элибиз тынч өмүр сүрүүдө»,- дешет айыл аксакалдары.
Тогуз жылдык билим алууга шарт түзүлгөн айыл мектеби 1988-жылы ачылган. Анда 15 жыл директорлук милдетти аркалап, учурда дене тарбия сабагынан берген мугалим Кудайберген Орозобеков мектеп тууралуу буларды айтып берди:– Мурунку мектептин эскилиги жеткендиктен, 2010-жылы айылыбызга жаңы мектеп курулган. Мектепте 1-3-класстар, 2-4-класстар, 5-6-класстар,7-8-класстар боюнча бирден класс бар, анан 9-класс өзүнчө билим алышат. Ошондо тогуз класстын ордуна беш класста 52 окуучу бар.
Айзат Анарбекова
koom@super.kg