ЫСЫКТА ИЧИЛЧҮ ПАЙДАЛУУ СУУСУНДУКТАР
Сүт
Курамында аш болумдуу заттар жана витаминдер бар. Суусунду кандыруучу эң мыкты каражат.
ПОМИДОР ШИРЕСИ
Помидор ширеси суусунду гана кандырып тим болбостон, рактын, жүрөк ооруларынын жана вирустук инфекциялардын алдын алуучу мыкты каражат.

КАКАО
Маанайды көтөрөт, бакыт гормонунун – эндорфиндин көп бөлүнүп чыгышын шарттайт, кубат берет.
КӨК ЧАЙ
Курамына витаминдерди, пайдалуу микроэлементтерди жана организмдеги зыяндуу заттарды чыгаруучу антиоксиданттарды камтыйт.

АПЕЛЬСИН ШИРЕСИ
С витаминин камтыйт, иммунитетти бекемдейт, чарчоодон арылтат.
ГРЕЙПФРУТ ШИРЕСИ
Гипертонияда пайдалуу. Тынчтандыруучу жана ичтейди ачуучу касиетке ээ.
Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
Debi,
Саламатсызбы!
Ооба "аппетит"
kn0109, "аңкоо" дегенчи?..
мен да кок чай ичем ыссыкта.
табитим жок дейт , тамак ич десен ! анда вкусум жок десе боло берет экенда))
future_kg,
Саламатсызбы!
Маанисине карата которула берет.
future_kg, кызыксыз го. Аппетитим жок деп айтат. Качантан бери сөзмө сөз которулуп калды эле? Маанисине жараша которулат.
вкус - даам , табит мн ичтей синоним соз болсо керек
future_kg, "вкус"деген сөздүн эки мааниси бар. Тамактарга - "даам", эстетика жактан - "табит". Мисалы, тамактын даамы жок экен (тамакка)
Сенин табитиң жок экен (эстетика).
Түшүндүш?
Билбейм грейфрутту кандай адам ичет, мен учун ото эле кычкыл сезилет.
мен грейпфрутту жакшы көрөм,апельсин экөөн..
Без газ суу дагы жакшы суусундугунду басат
Кок чай анан лимон апелсин суусу ото пайдалуу чарчоону баш ооруну да басат