Оңой оокатка кызыгып, арам акча табууну көздөгөн кылмышкерлер колго түштү. МАИ кызматкерлери жол эрежесин бузган автоунааны тоспогондо дагы бир оор кылмыштын бети ачылбай калмак экен.
«КЫЛМЫШКЕРЛЕРДИ КУУП ЖЕТПЕЙ КАЛДЫК»
«Таксистти өлтүрүп, өзүнүн машинасына салып келе жатып кармалышыптыр» деген кеп өткөн аптада уу-дуу болду. Бул окуяга күбө болгон Чүй ОИИББинин жол көзөмөлдөө кызматынын кызматкери МУРАТ МОМУНАЛИЕВди кепке тарттык:– Үстүбүздөгү жылдын 23-июнга караган түнү болжол менен саат 01:45 чамасында Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Ленин айылынын тушунда, Бишкек-Кордай жолунда кесиптешим экөөбүз өз кызматыбызды өтөп жатканбыз. Аңгыча жол эрежесин бузгандыгы үчүн күмүш түстөгү Мазда-626 үлгүсүндөгү автоунааны тоссок, токтобой качып жөнөдү. Артынан куудук. Анан Аламүдүн айылына жеткенде качып бара жаткан автоунаа эки жолу чимирилип кетип, айлана чаңдап эле калды. Машинадан болжол менен 20-25 жаштардагы азиат түспөлүндөгү 2 жигит түшө качышты. Бири кызыл түстөгү, экинчиси чатыраш көйнөкчөн экен. Аларды кууп жетпей калдык. Автоунааны текшерүүгө алганыбызда, артындагы жүк салынган жерден бети-башы канга боёлгон, бир кулагы катуу соккудан улам айрылып кеткен азиат түспөлүндөгү жаш жигиттин жансыз денесин көрдүк. Бул тууралуу ошол замат Аламүдүн РИИБине кабарладык.
«ООРУКАНАГА АЛЫП БАРАТКАНБЫЗ»
Окуя болгон жерге ыкчам иликтөө кызматкерлери келип текшергенде унаанын ичинен 24 жаштагы Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев айылынын тургуну Тилектеш Түлөбердиевге таандык Мазда-626 үлгүсүндөгү автоунаанын техпаспорту жана канга чыланган желим таяк табылган. Ошондон улам маркум автоунаанын ээси экендиги такталган. Бул иш боюнча тез аранын ичинде кылмыш иши козголуп, жыйынтыгында кылмышка шектүү деп окуя болгондун эртеси күнү 23 жаштагы классташтар ДАНИЯР СРАЖИДИН УУЛУ жана ЧЫҢГЫЗ ШҮКҮР УУЛУ кармалышкан. Алдын ала божомолдор боюнча, алар маркумдун сөөгүн эч кимге билдирбей ээн талаага таштап, андан соң автоунаасын өздөрү айдап кетүүнү көздөшкөн. Тергөө учурунда ДАНИЯР СРАЖИДИН УУЛУ жасаган кылмышын мындайча баяндап берди:– Орусиядан келгениме 3 эле күн болгон. Чыңгыз деген дос балам экөөбүз «Аламүдүн» базары жактан такси кармап, Виноградное айылына чейин 1000 сомго жеткирип коюуга сүйлөштүк. Жетчү жерге жеткен соң таксист «алыс экен, үстүнө дагы 500 сом кошосуңар» деди. Биз «сен өзүң макул болгонсуң, кошпойбуз» дедик. Ошентип, уруш чыгып кетти. Тиги машинасынан желим таяк алып чыгып мени чаап жиберди. Ошого жинибиз келип, анын колунан таягын тартып алып, өзүн сабап, өлтүрүп алдык.
Кылмышка шектүү ЧЫҢГЫЗ ШҮКҮР УУЛУ:– Бишкекте куруучу болуп иштечүмүн. Данияр экөөбүз жолугуп, анын кайненесинин үйүнө бармакчы болуп такси кармадык. Жолдон токтоп, дүкөндөн конфет, сыра жана бычак сатып алдык. Бычакты телефондон Даниярдын кайненеси ала келгиле деген. Биз мас болчубуз. Жеткен соң чыр чыгып, мушташа кеттик. Досум желим таякты таксисттин колунан тартып алып, 2-3 жолу чаап салды. Ачуубуз тарап, таксистти карасак өлө элек болчу. Ооруканага жеткирели деп машинанын ичине салсак батпай койду. Анан ыңгайлуу жатсын деп машинанын артындагы жүк салуучу жерине жайгаштырдык. Оорукананы көздөй айдап баратсак, бизди МАИ кызматкерлери тосконунан качып, бир жерге машинаны таштап кетип калдык.
«ТЕРГӨӨ ЖҮРҮҮДӨ»
Бул факт тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын ага тескөөчүсү АЙБЕК АРЗИМАТОВ буларга токтолду:
– Жогорудагы кылмышка тиешеси бар деп шектелип 1990-жылы Ош облусунун Ноокат районунда туулган Чыңгыз Шүкүр уулу жана Данияр Сражидин уулу аттуу 2 жаран кармалды. Учурда алардын үстүнөн Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренесинин 2-пунктунун 6-бөлүмү (өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери улантылууда.
«ИНИМ УШУЛ КҮЗДӨ ҮЙЛӨНМӨК»
Уулун жоготкон ата-эненин күйүтү канчалык күчтүү экендигин айтпасак да белгилүү. Ал эми бир тууган эжеси НУРИЛЯ ТҮЛӨБЕРДИЕВА иниси тууралуу мындай эскерет:
– Тилектеш бир туугандардын арасында жалгыз уул болчу. Ата-энемдин тиреги эле. Ата-энем иним үчүн бардыгын жасап, ал үчүн жашап келишкен. Инимдин өлүмү аларга аябай оор болду. Атам иштебейт, апам автокырсыктан улам майып болуп калган. ЖОЖдогу окуусун аяктагандан кийин иним 2 жылдан бери такси айдап, ата-энебизди багып жүрчү. Күндүз бир ишканада эсепчи болуп иштеп жүргөн. Ушул жылы күзүндө үйлөнтөбүз деп камынып жаткан элек. Кыздардын арасында өскөнгөбү, айтор, аябай жоош бала болчу. Анан тамашакөй болгондуктан, элдин баары менен тил табышып кетчү. Бир да жолу анын тамеки чегип, арак ичип, сөгүнгөнүн көргөн эмесмин. Достору жаман жактарын көрбөгөнүн айтышса, байкуш иним үйдө эле эмес, көчөдө да жоош экен деп ойлоп койгом. Кылмышкерлерге мыйзам чегинде катуу жаза берилет деп ишенебиз.
Ошентип, бейкүнөө жигиттин кырчындай өмүрү кыйылды. Эми маркумдун жакындарынын «жалгыз уулубузду өлтүргөндөр татыктуу жазасын алышсын» деген талабы орундалып, сот акыйкат чечим чыгарарынан үмүтүбүздү үзбөй туралы.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg