Чет өлкөдөн бакыт издеген мекендештерибиздин саны жылдан жылга өсүүдө. Арасында өз укугун, бара жаткан өлкөнүн тилин билбегендери жана селсаяк болуп кеткендери да бар.
«САБАП КЕТИШИП, КӨЗҮМ КӨРБӨЙ КАЛДЫ»
Орусияга иш издеп барып, тилекке каршы, ойлогон ою оңунан чыкпай, көп жылдан бери селсаяк болуп күн кечирип келген БАХАДЫР ХАКИМЖАНОВ 2013-жылдын 8-июнунда мекенине кайтып келди. Ал башынан өткөн күндөрүн баяндап берди:
– Мен Ош облусундагы Өзгөн шаарынын тургунумун. 2005-жылы иштеп акча таап келейин деп Татарстанга кеткем. Бирок жолдон бир таанышым мага Орусиянын Тюмень шаарында жакшы жумуш бар деп айтканынан ал жакка кетип калдым.
Башында аны менен чогуу жашап, ар кайсы жумуштарда иштеп жүрдүк. Көчө шыпырдык, эмгек биржасында иштедик. Кыргызстанда келинчегим, 1 уул, 1 кызым калган. Кызым мен Орусияда жүргөндө турмушка чыгыптыр. Тапкан акчамды үй-бүлөмө салып турдум. Анан досум дайынсыз жок болуп кетти. Кайда кеткенин билбейм. Ал кеткен соң куруучу болуп иштеп жүрүп паспортумду жоготуп алдым. Ошол күндөн тарта кыйнала баштадым. Орусча да билбейм, паспортсуз ишке орношо албайсың. Полиция кызматкерлери келип документиңди сурайт. Жок болсо суткалап камап, кайра коё беришет. Балдарым телефон чалса «иштеп жатам, баары жакшы» деп коюп жүрө бердим.
Акыры бир мектепке кароолчу болуп орноштум. Мага атайын бөлмө бөлүп беришти. Кезектешип иштейбиз. Тапкан акчам ичкен-жегениме араң жетип турду. Чынын айтсам, кээде ичип коём. Кыштын ызгаарында жата турган жер таппай көчөдө калган күндөр да көп болду. Ошентип жүрүп ден соолугумдан ажырадым. Мындан он күндөй мурун сол көзүмдөн айрылдым.
Бир жолу кечинде дүкөнгө келгем. Эшиктин алдында 3 орус бала арак ичип отурушкан экен. Анан мени көрө сала «тамеки, сыра албайсыңбы» деп тийише башташты. «Акчам жок» десем, үчөөлөп сабап салышты. Сол көзүм мурда ооруп жүрчү, дагы катуу сокку тийген экен, минтип көрбөй калдым. Мени Тюмендеги ооруканага жаткырышты. Ал жактан врачтар «көзүңүзгө операция жасаш керек, бирок документиңиз жок экен, биз жасай албайбыз» деп коюшту. Ооруканада 3 күн дары-дармек берип, көзүмө тамчылатма дары куюп, андан соң чыгарып коюшту.
Бир күнү Тюмень шаарындагы кыргыз диаспорасында иштеген аял мени байкап калыптыр. Ошентип, ал жактагы кыргыз диаспорасы жана «Замандаш» ассоциациясынын жардамы аркылуу мекениме кайтып келдим. Алар убактылуу паспорт жасатып, жол киремди төлөп беришти.
Чынын айтсам, үйгө кантип барарымды билбейм, үй-бүлөмдөн, туугандарымдан уялып турам. Меникиндей тагдырды башкаларга каалабайм. Азыр да чет өлкөлөргө жаштар көп кетип жатышат. Аларга айтарым, документиңерге сак болгула. Тилди сөзсүз билип жана бара турган жагыңда таанышың болуш керек экен. Азыр мени тосуп алгандар Өзгөнгө салышат. Ал жактагы тааныштарына чалышып, медициналык жардам көрсөтөбүз деп убада кылышты. Үй-бүлөмдү аябай сагындым, экинчи башка өлкөгө кетпейм.
«КААРМАНЫБЫЗ АВТОУНАА УУРДАЙ КАЧКАН»
Кээде мигранттар кыйын тагдырга кабылуусуна ичкиликтин же жосунсуз жүрүм-турумдарынын айынан өздөрү да күнөөлүү болушат. Каарманыбыздын бизге
айтпай жашырып койгон жоруктары тууралуу «Замандаш» ассоциациясынын басма сөз кызматкери ЭРКИН УРМАНБЕТОВ буларды билдирди:– Биз чет өлкөдөгү кыргыз диаспоралары менен тыгыз байланышта иштеп келебиз. Маалыматыбыз боюнча, Бахадыр Хакимжанов Орусиянын Тюмень шаарында селсаяктык күн кечирип келген. 2013-жылдын 19-мартында бул адам мас абалында ВАЗ 2104 автоунаасын уурдай качкандыгы үчүн полиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Сотто ал кылган күнөөсүн толугу менен мойнуна алган жана «жаш балдарым бар» деп күнөөсүн жеңилдетүүнү суранган. Жыйынтыгында сот жабырлануучу тарап арызын алып койгонуна байланыштуу каарманыбызды 30 миң рубль айыпка жыккан. Бирок ал бул акчаны төлөй албай 2 ай камакта жаткан.
Кыргыз диаспорасы ага документ жасоодо мына ушул жоруктары тоскоолдук жаратты. Бирок акыры мекендешибизди Кыргызстанга салып, биз аны тосуп алып, Өзгөнгө такси менен салып жибердик. «Жеткенде байланышып коюңуз» деп байланыш телефондорубузду бергенбиз. Ал үйүнө жеткен-жетпегенин бизге айткан жок.
Жогорудагы каарманыбыздын тагдыры башкаларга сабак болор. Мекендештерибиз чет өлкөгө чыгарда сөзсүз түрдө тиешелүү мекемелерге кайрылып, алардан кеңеш алышса, мындай көрүнүштөр азаймак.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg