«Айтпа, айтпа, айтпа мага кызың жөнүндө» деп бир кездерде ырдап жүргөн Мээри Шакулина эсиңиздерден чыга электир. 2009-жылы ал кесиптеши Эдил Маматов менен турмуш жолуна аттанган. Андан бери чыгармачыл жаштар ырчылыкты өркүндөтпөсө да, эки уулду эрмектеп өстүрүп келатышат. Жакында алардын кичинекей мамлекети ширин кыз менен толукталды. Наристеге чоң энеси Сумая деген ысымды ыйгарганын айтат атасы. «Азыр Мээри балдар менен үйдө, чыгармачылык аксай түшкөнүнөн бук болуп жүргөн кези. Буюрса, жаңы ырларды жаздырып, клип тарттырып букту да чыгарабыз»,- дейт жолдошу Эдил Маматов.