ТАГДЫР ОЮНУ-3 (жаңы сериал)

Окурмандарга түшүнүктүү болуш үчүн чыгарманын 1-2-бөлүмүндөгү окуяны кыскача баяндай кетели. Депутат Аскар Токтосуновичтин жалгыз уулу Аскат табышмактуу түрдө каза болот. Уктап жаткан кезинде жүрөгүнө канжар сайылып, биринчи шектүү катары анын жакын досу Азамат кармалып, 7 жылга кесилет. Аскаттын өлүмү сүйлөшкөн кызы Бегимай үчүн орду толгус жоготуу эле. Бул учурда Бегимайдын курбусу Алина интернет аркылуу Малайзияда жашаган кыргыз жигит менен таанышып, тагдырдын табышмагы менен ал жигит Бегимайды кызыктырып калат. Таң калычтуу тартылуунун себеби бар болчу. Анткени Азирет Бегимайдын каза болгон жигити Аскаттын көчүрмөсү эле. Аскат менен Азиреттин окшоштугунун сыры тереңде жаткан. Аскар 21 жыл мурун Мариям экөө үйлөнүп, болочок перзентин күтүп жаткан кезде тагдыр аларды эки жакка ажыратат. Жалган жалаа менен Аскар бир топ жылга түрмөгө кесилип кетет. Түрмөдөн Аскардын акылдуулугу Көр Самат аттуу авторитеттин кулагына жетип, ал «сеникиндей башты түрмөдө чиритүү болбостур. Мен сени камактан чыгарам, бирок өмүр бою менин кол алдымда болосуң» деген макулдашуу менен абактан чыгарат.
Ал эми үчүнчү каарманыбыз Мариямдын да сыры бар. Балдар үйүндө өскөн жетим кыздын каранар-карманары жок, бир баласы Аскатты кайнене-кайнатасына таштап, экинчи уулу Азиретти өзү менен алып кеткенге мажбур болгон. Так ошол Малайзиядагы кыргыз жигит Аскаттын эгизи Азирет эле. Азиреттин келиши менен бардык сыр ачылат. Анткен менен каармандарды жаңы сыноолор күтүп турган. Азирет Кыргызстанга келип, агасы Аскаттын сүйүүсү, кара көз сулуусу Бегимайга көңүлү түшүп калат. Эгизинин өлүмүн иликтеп отуруп Аскатты өзүнүн өгөй энеси Аида өлтүргөнүн ачыкка чыгарат. Көрсө, ал көл жээгинен жаш жигит менен көңүл ачып жүргөнүн өгөй баласы көрүп калып, ал атасына айтып салат деп коркуп өлтүргөн экен. Кылмышын моюнуна алган Аида көп кабаттуу үйдөн боюн таштап каза болот.
Азирет сүйүүсүн ачык айтуу үчүн Бегимайга барып, экөө кумарлуу түндү башынан өткөрүшөт. Бирок Бегимайдын Аскатка болгон сүйүүсү, айрылуунун жарааты али бүтөлө элек эле. Андыктан Азиреттин сүйүүсүн кабыл ала албасын айтат. Ал эми ошол түнү Бегимайдын боюнда өзүнөн бала калганын Азирет билбейт. Боюндагы баланы жашырыш үчүн Бегимай чет өлкөгө сапар тартып, уулун ошол жакта төрөйт. Бегимайдын айткан сөздөрү намысына тийип, Азирет чукул убакытта Бегимайдын курбусу Алинага үйлөнүү сунушун киргизип, ага үйлөнүп алат.
Экинчи бөлүк Бегимай Түркияга көнбөй, кыйналып жүргөн кезинде тагдыр аны Мурат аттуу жигитке туш кылганынан башталат. Экөө үйлөнүп, Кыргызстанга келишет. Кокустуктан улам Азиреттин фирмасына Бегимайдын күйөөсү Мурат иштеп калат. Кайрадан эски жарааты козголгон Азирет Бегимайды издеп, экөө жалынсыз отко түшөт. Экөө тең үй-бүлөлүү. Азиреттин аялы Алина төрөттөн уулун жоготуп, аны менен кошо мындан ары эне боло албасын угат. Төрөт үйүнөн энеси таштап кеткен кызды асырап алып, бул сырды Азирет, Мариям үчөөнөн башка эч ким билбей калат. Бул учурда Мурат Бегимайдын баласынын атасы Азирет экенин билет да, Азиреттен алыстатыш үчүн Бегимайды кайрадан Түркияга алып кетет. Ал жактан жол кырсыгына учурап, баспай калат. Күйөөсүн сактап калуу үчүн Бегимай чоң курмандыкка барат: Аскат Азиреттин уулу экенин айтып, андан акча сурайт. Ошентип, уулун алып Азирет Кыргызстанга келип, Бегимай күйөөсүн Германияга барып айыктырат. Азирет менен Бегимай эки жолго түшөт да, сүйүүдөн жаралган айыпсыз бала бирде атасынын, бирде апасынын колунда чоңоёт.

3-БӨЛҮКТҮН БАШЫ

(Арадан 20 жыл өттү)

Азирет саамай чачы агарып баштаган Бегимайды тиктеп туруп катуу күрсүнүп алды. Алгач таарынычы катуу эле, кийин жолугуп жүрөгүн ооруткусу келбей качып жүрдү. Бул жолу келгенге аргасыз болду. Анткени алардын колунда өздөрүнүн гана эмес, бейкүнөө эки жандын тагдыры турган эле.
– Азирет, жөн келбегениңди билип турам.
– Билесиңби, сен экөөбүз өзүбүздүн гана эмес, балдарыбыздын да алдында күнөөлүүбүз.
– Түшүнбөдүм...
– Мен өз тагдырыма баш ийдим, сенден белек болгон баламды медер туттум. Бирок уулумдун мынчалык кыйналышына жол бере албайм. Мына бул күндөлүктү жакында таптым.
Бегимай калтыраган колдору менен саргарып бара жаткан калың китепчени коомай кармады.
– Бул кимдики?
– Оку! Баарын окуп чык...
Бегимай китепти аяр ачты...
(Мындан ары окуя күндөлүктүн ээси Айденектин баяндоосу менен уланат)
... Мен анын биздин үйгө келгенин эмнегедир бүгүнкү күнгө чейин эстейм. Атамдын колунан бекем кармап, айланасын сонуркай, бирде коркуп карап турган балакай ушул күнгө чейин эсимде. Атам Аскатты эмнеге алып келгенин, бул чоочун бала эмнеге биздин үйдө жашап калганын түшүнбөдүм. Эч кимден да сураган жокмун. Анткени биздин үйдө көп суроолорго жооп жок эле. Аскат келгенден кийин менде биринчи жолу кызганыч пайда болду. Кызы атасына жакын болот дешет, бирок атама менин бар-жогум билинчү эмес. Атамдын көздөрү тынчсыздануу менен ар дайым Аскаттын кадамын тиктеп турганын байкачумун. Эгерде Аскат кокусунан жыгылып кете турган болсо, дароо атам жетип барар эле. Колтугуна тыгылып же бир нерселерди сурап жанында турган менин суроом дайыма жоопсуз калчу. Эч качан атамдын кабак бүркөп урушуп же маңдайыман сылап эркелеткени эсимде жок.
Атамдын мүнөзү мага ушул кезге чейин табышмак. Анын жашоосу апам экөөбүздөн өтө алыс. Бизден алыс, бизге түшүнүксүз дүйнөсү менен алек болуп жүрө берчү. Апам! Ал бечара да атамдын көңүлүнөн сырт калганына менден бетер бактысыз эле. Апам мен билгенден көзүнүн алды шишип, ар дайым бир нерсеге ачууланып, ал ачуусун сыртка чыгара албай буулугуп жүргөнүн байкаар элем. Мунун баарын 6 жашар бала билүүгө тийиш эмес болуш керек. Бирок жагдайга жараша мен ушундай чоңойдум. Ишенип койгула, ата-эне бактысыз болсо, балдары андан эки эсе бактысыз болушат. Менин бактысыздыгымды эч ким байкабады, көргүлөрү да келбеди. Алардын көңүлүн буруу үчүн оюма келген нерселерди кылып, бактын башына чыгып кетип же күнү кечке таптырбай убара кылчумун. Менин бул номерим да өткөн жок, анымды чыргоолук деп табышты да, тим болушту.
– Кызың ашыкча эрке,- дечү атам апама. Андан ашык сөзгө мен арзыбайт элем. Бул үйдө бир гана шоола бар эле. Ал чоң энем Мариям болчу. Менде кандай жакшы сапат болсо, ошол сапатты ал адамдан алдым деп эсептейм. Кичинемден китеп окуганды үйрөттү. Биринчи куткаруучум чоң энем болсо, балалыгымдагы экинчи жан жолдошум китеп болду.
Баса, Аскат менин биринчи душманыма айланды деп баштабадым беле. Жиним келгени ушунчалык, кыздарга жараша турган узун кирпиктүү сулуу көздөрүн чукуп салгым келчү. Канчалык жаман нерсе кылбайын, ийинин куушура басып кеткени, эч качан мага арызданбаганы жанымды кашайтып жиберчү.
Оо, ошол жек көрүүм менен өмүр бою калсам, мынчалык азап тартпайт элем.

(Уландысы кийинки санда)

Жолдошбек Кудайбергенов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (24)
N.Bakazova
2013-07-08 12:41:22
Emi Aidanek Askatty suiup kaldy.y. . Aiii , menin jurogum azyrtan eke karmadygo . . . Emi tagdyr oiunun kutup kun kechire turgan bolduk. Suranych, kooopton jazgylachy.
0
eka555
2013-07-08 13:59:19
эх, булардын жашоосу менен кайра кыйналмай, жума сайын кутмой оорусу башталды.
0
nur.kg.ak
2013-07-08 17:03:08
биринчи окуганда денем дурулдоп буткон боюм чымырам муздап кетим. ушунчалык чыдамсыздык менен куткон болчумуун. чыныгы турмуштан алынан чыгарма деп мен тоолук ишенем. башында окуп журуп ыйлаган кундорум да болгон. ушундай жашоону тушунуп тагдырга баш ийип калат экенсин.
0
magic1721
2013-07-08 20:01:19
ушул сериал абдан жагат, мен ойлогондой эле болуптур да... акыры эки жаш баш кошоруна ишенем
0
Diamond09
2013-07-08 22:33:28
yahoo мен жакшы коргон сериал башталды. Мен куткондой кызыктуу болот деген ойдомун.
0
asil-08
2013-07-08 23:15:41
эми кутобуз да айла канча
0
guzi90
2013-07-09 01:04:12
класс азамат суппер инфо абдан сонун серия....
0
taku88
2013-07-09 22:58:52
жакшы болбодубу Аскат эми эмне болот экен кызыгуу менен окуйм гоо дагы бир жума кутуш керек ууууууфффф
0
aizish
2013-07-10 05:53:21
мага деле жагат сериал бирок бир жума эрте эле ототго коз ачып жумгуча. Билсенер биз зарыккан бир жумада канча карып канча кунубуз отуп жатат. Бир жума бир айлыктай узун болсо кана
0
nasik198
2013-07-10 13:50:06
Эн сонун сериал.Тагдыр........
0
Basmachy111
2013-07-10 15:55:34
Да билгем го билгем. Ушундай болоорун, экинчиси бутуп калганында тан калдым эле.
0
Gulichka.milichka
2013-07-10 19:51:49
Эми Аскат менен Айданектин суйуусу кучойт гоо.
0
belka.kg
2013-07-10 23:57:35
мен куткон сериал башталыптырго.
0
altysha
2013-07-13 12:28:46
баса асман не болуп бутту
0
admin_media
2013-07-15 10:37:01
altysha,
Саламатсызбы!
Аягын шилтеме аркылуу кирип окусаңыз болот)))
http://www.super.kg/article/?article=22837
0
abaychik
2013-07-13 18:17:33
эн сонун сериал, 3-су чыгат го деп кутуп жургом, дагы 1 жума кутуп журок оорутмай башталды.
+1
№ 557, 05-июль-11-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан