Элдияр Данияров, балет бийчиси:«БАЛЕТ БИЙЧИЛЕРИ САНАЛУУ ГАНА АДАМДАРГА КЕРЕКПИЗ»

Убагында кыргыздан балет бийчилери чыгып дүңгүрөтүп турган эле. Эми андай бийчилер болсо да, башка өлкөлөрдөгү театрларда иштеп өнөрлөрүн тартуулап жүрүшөт. Ошолордун бири азыр Канаданын балет театрында бийлеген Элдияр Данияров. Каарманыбыз мекенине болгон кусасын,
кесибине болгон тартылуусун баяндайт.

Кичи мекени – Ысык-Көл облусу, Балыкчы шаары
Туулган жылы, күнү – 1985-жыл, 16-декабрь
Хоббиси – пианинодо ойноо, музыка угуу
Үй-бүлөлүк абалы – бойдок
Учурда – Канаданын Атлантика балет театрынын бийчиси
Үй-бүлөдө үч бир тууган, эжеси, карындашы бар

– Элдияр, бала кезде бирөө учкуч, дагы бирөө врач болом деп кыялданат. Сен ким болгуң келчү?
– Мен атамдай болуп зоотехник болгум келчү. 10 жашымда апам менен таежем Бишкектеги хореографиялык окуу жайына алып келишти. Ошентип 1996-жылы аталган окуу жайда билим ала баштадым.

– Апаң музыка мугалими экен. Искусствого болгон жакындык апаң тараптан өткөнбү?
– Ооба. Апам музыкадан сабак берет. Жакында эле «КРнын Эмгек сиңирген ишмери» деген наам алды. Жакшы ырдайт, үнү жагымдуу, көпчүлүк апамдын ырдаган ырларын жактырышат. Комуз, пианино, гитара, аккордеондо кол ойнотот.

– Бала чактан бийлеп баштасаң, балалык күндөр кайда, кандай өттү?
– Ишенесиңби, мен балалык күн деген сөздү билбейм. 10 жашымдан баштап училищеде катуу тартипте өстүрүшкөн. Балдарын балетке берген ата-энелер байкаса керек, ал жерде окугандар мүнөзү катуу, олуттуу тартып калат. Бала чактан эле эрте чоңоюп алышат да.

– СССРдин Эл артисттеринен сабак алыпсың, алардын берген тарбиясы, билими чоң жардамын тийгизсе керек...
– Кудайга ыраазымын, биринчи мугалимим Анара Өмүрзакова болгонуна, экинчиси Эл артисти Берик Алимбаев. Себеби балет окуу жайына келгенде биринчи мугалим окуучуга башынан эле пайдубалды түптөп коёт. Берик агай көптөгөн дүйнөгө таанылган балет бийчилерин уясынан учурган. Алсак, Эл артисти Чолпонбек Базарбаев, Орусиядагы Пермь шаарынын театрын көп жылдан бери жетектеген Владимир Салимбаев, белгилүү балет бийчиси Талант Осмонов жана башкалар бар. Алардын үйрөткөн билими аркылуу биз чет жактагы белгилүү театрларда иштеп Кыргызстанды таанытып жүрөбүз.

– Кайсы өлкөнү көрдүң, кандай таасир калтырды?
– Өзүм көп өлкө, шаарларда бийледим. Лондондо, Парижде, Нью-Йоркто, Москвада, Санкт-Петербургда, Швейцарияда, Германияда, Түркияда, Мексикада, Голландияда, Польшада, Казакстанда, Өзбекстанда жана башкаларда. Бир жолу Лондонго гастролго барганда Кармен-сюита балетиндеги Хозенин ролун даярдап бардым. Ошол жерден Роза Отунбаева кызы Карачач экөө келип мени менен таанышышкан. Ошондон бери Роза эже менен жакшы таанышмын.

– Балет бийчисин биз келбеттүү деп билебиз. Ошондойбу?
– Туура, балетке ийилчээк, бут тарамыштары тартылган, келбеттүү, таланттуу балдар-кыздар алынат. Мындан башка дагы көп шарттар, талаптар бар. Мугалимдер сөөгүнүн кандай жайгашканын карашат, моюну койкоюп, колдору узун келгендерди тандашат. Анан бала чоңойгондо бойлуу болуш керек деген сыяктуу критерийлер бар.

– Бишкек хореографиялык училищеден окуп бүткөн соң Казакстанды көздөй бет алыпсың...
– 2004-жылы мугалимим Казак улуттук академиялык бий театрына жиберди. Анын жетекчиси Булат Аюханов мени театрга алды. Ал киши өзү дүйнөдөгү эң мыкты искусство боюнча Сократ сыйлыгынын ээси, ал «Нобель» менен барабар. Булат агайдын жардамы менен Казак улуттук искусство академиясына эң көп 100 балл менен бюджетке өтүп кеттим. Аталган окуу жайды 2009-жылы бүттүм.

– Студенттик кез кандай өттү?
– Казак улуттук академиялык театрынын биринчи солисти болгонум үчүн мугалимдер мени кыйначу эмес. Группада 7 кыздын ичинде жалгыз эркек элем. Курсташ кыздарым кээде менин ордума лекция, рефераттарды жазышар эле. Сессия учурунда эжейлерден мен алчумун, агайлар жагын 7 кызым алышчу.

– Көпчүлүк таланттар чет жакта жүрүшөт. Кыргызстанда шарт жоктугунан деп ойлойсуңбу же тажрыйба топтоп келип Кыргызстанга кызмат кыласыңбы?
– Учурда Канаданын Атлантика балет театрында иштейм. Жумасына 700 доллар алам. Буга чейин Санкт-Петербургдагы Эйфман балетинде эки жылдай иштегем. Балетти сыйлаган ушундай театрларда иштеген чоң жеңиш дечи. Бирок биздин Маданият министрлигинин кош көңүл караганынан ушинтип башка жакта өнөр тартуулап жүрөбүз. Кыргызстанда театрда айлык аз, жашаганга батир берилбейт, жаңы балеттер коюлбайт. «Бийлик качан бизге көңүл бурат?..» деп ошол жерде кыйналгым келген жок. Дүйнөнүн эң жакшы театрлары мени менен иштегиси келип жатса иштейм да. Ошентсе да КРнын Маданият министрлиги чакырса бүт баарын таштап, келишимди жоюп болсо да барам, мени бул жакта эч нерсе кармабайт.

– Кыргызстанда опера-балетке анчейин көңүл бурулбайт. Кейийсиңби?
– Бийдеги тажрыйбам жетиштүү, дүйнөлүк деңгээлде. Кыргызстан мени колдонсун деп суранат элем. Бирок балет бийчилери саналуу гана кишилерге керекпиз да, ошонусу өкүндүрөт. Маданиятка бийлик көңүл бурбаса мен жалгыз эмнени кыла алам?!

– Искусство адамдары сезимтал келет. Романтиксиңби?
– Романтик эмесмин. Мүнөзүм катуу. Кээде катуу айтып чогуу бийлеген кыздарды таарынтып алам. Эң негизгиси, калп айтпайм, адамгерчиликтүүмүн.

– Диета кармайсыңарбы?
– Тамакты ылгабай жей берем. Балериналар тамакты чакалап жешет. Диетаны саналуу эле бийчилер кармашат, ким семиргенге ылайык болсо. Бийден башка спортту кошо ала жүрөм. Күнүнө 4-5 километрге чуркайм, дем алыш күндөрүн кошпогондо.

– Балеттин оорчулугу барбы? Дегеле бул кесиптин кандай түйшүгү менен рахаты бар?
– Менимче, балет – бейиш менен тозок. Бирок мен ушул жолду тандадым. Оор, денеге көп жумуш беребиз да. Кээде кыздар чыдай албай ыйлашат. Кээ бирөөлөр кетет, бул кесипти сүйүп, кадырлаганы, чыдаганы, кыйындары гана калат. Бирок спектакль бүткөндө сени күтүшүп, сага жакшы сөздөрүн айтышып, кол чаап, көргөн адамдын жүрөгүндө калсаң ошол сезим ичиңди жылытат, кадимкидей рахат аласың.

– Балетти өнүктүрүү боюнча кандай ойлор бар?
– Кыргызстанда опера жана балетке көңүл бурбаганына жүрөгүм кан жалайт. Мурда Кыргызстандын балети бийик деңгээлде болчу. Бүбүсара Бейшеналиева, Рейна Чокоева, Уран Сарбагышов, Айсулуу Токомбаева, Берик Алимбаев, Чолпонбек Базарбаев жана башка балет жылдыздарыбыз дүйнөнү дүңгүрөтүп турган. Опера жылдызы Болот Миңжылкыевдин өмүрүн, жетишкендиктерин Орусиядагы, Казакстандагы, Италиядагы консерваторияларда өтүшөт. А биз балетке көңүл бурбай, алардын кылган ишин жөн эле ыргытып жиберүүдөбүз. Бийлик ойгонгуча балетти биз жоготуп алабызбы? Кыргызстаныма барып өзүм театр ачсам дейм. Искусствонун ушул түрүн өнүктүрүп, билимимди мекениме жумшайм, тиги дүйнөгө биз эч нерсе алып кетпейбиз да. Мен чет жерде өскөн жокмун, менин менталитетим, тилим, дилим кыргыздыкы.

– Алыста жүрсөң сагындыңбы Кыргызстанды?
– Жөн эле сагындым десем калп айтам. Мекенимди күнүгө ойлойм, «туулган жердин топурагы алтын» деген ошол экен да. Ишенчээк, көңүлү ачык элимди сагындым. Кыргызстанга жете электе учактын ичинен бутум кадимкидей бийлейт, ушунчалык жыргайм. Бутум жерге тийгичекти учактын ичинен эле жүгүргүм келет. Учактан түшүп керемет абасынан кере-кере жутсам, анан апамды кучагыма кыссам, эх, сонун болот...

Бурул Исмаилова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Aisuluu7
2013-07-15 11:33:44
Жумасына 700 доллар алган адамдын келиши кыйын го.Анан дагы мени колдонсун деп суранат элем дейт, эли жерин учун сурантпай келип бир аракет кылып корсон болмок.
-2
kg_07
2013-07-15 23:44:58
men da ballerina bolgum kel4i da apama aityp alip bar meni biwkeke mektepke dep kyinai ber4im emi buirusa kizimdi berem
+1
asil-08
2013-07-16 14:26:54
кыргызстанга келсен ачка каласын андан коро ошол жакта иштегенин жакшы го дейм
+3
Eliza83
2013-07-16 15:41:55
Кыргызстанды чын дилин менен суйгонун жакты!Бар бол!
+1
ХАНЗАДА
2013-07-16 16:06:20
Сулуу бала экен сулуу
0
altinim
2013-07-17 10:35:27
ошоякта бийиңи бийлеп жүрө бер бизде азыр опера балетке эч ким кирбейт деле кызыгып СССР болгондо го бии жөнле
0
Rostov-on-Don
2013-07-21 17:11:21
altinim, кыргызча жазчы сураныч аран озбектерден кутулуп жатканда...
0
altinim
2013-07-21 20:39:38
Rostov-on-Don, кыргызча менен озбекчени айырмалай албайспы деймин да
0
nasik198
2013-07-17 21:55:45
Эн сонун тушунуктуу маек болуптур.Албетте эл-жердин кадырын ботон элде жургон адам эн жакшы тушунот.Тырнактай болсо да элиге пайдасын тийгизгиси келген патриот экен.Жалгыз отундун жалыны чыкпайт дегендей Жалгыз адамдын колунан не келмек аттин канчалаган таланттарыбыз ботон элге кызмат кылганы окундурбой койбойт.Сага ийгилик .
0
Rostov-on-Don
2013-07-21 17:09:57
Бийлеген видеосун киргизип койбопсунар да сонун болмок!
0
№ 558, 12-июль-18-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан