«Чоң мелдеш белгилүү спортчуну жок кылат же басылмалардын ак кагазында аты жок спортчуну пайда кылат» деген кеп бар. Анын сыңары, «Лондон-2012» Олимпиадасынан кийин Данияр Көбөнов жок болуп кеттиби деген чочулоо болгон. Балбан эл көзүнө сейрек көрүнүп, ММКларга маек курбаганы менен, Олимпиадада жыйынтык көргөзөм деген ой-максатын житирбегенин билдирди.
– Данияр мырза, «Лондон-2012» Олимпиадасынан кийин көрүнбөй кеттиңиз...
– Олимпиададан кийин 4 ай убакытты калыпка келүүгө жумшадым. Америкада, Бишкекте болдум. Көрүнбөй кеткениме байланыштуу, эл мени «спорттон кетирип» жибериптир. Учурда күнүнө бир маалдан машыгып, күрөшкө кайтып келдим. Карууда күч али бар. Азия оюндарында, Азия чемпиондугунда көргөзгөн ийгиликтерим мени канааттандырбайт. Капчыгымды Азия же Дүйнө чемпиондугунун алтын медалы менен толуктап, анан карьерамды бүтүрсөм деген оюм бар.
– Улуттук курама команда менен эле машыгып жатасызбы?
– Ооба. Баары тең эле баягыдай. Мамлекеттен бөлүнгөн стипендияны алып, улуттук курам менен машыгып жүрөм. Канатбек Бегалиев улуттук курамга башкы машыктыруучу болбодубу. Олимпиаданын жана Дүйнө чемпиондугунун күмүш медалын уткан балбан менен жетишчү ийгиликтер, биздин андан алчу сабактарыбыз бар.
– Алдыдагы жылдарга кандай пландар менен кирип барууну ойлонуудасыз?
– Эмдиги жылы Дүйнө чемпиондугуна катышам. Ошол мелдештеги көргөзгөн жыйынтыгым 2016-жылкы Олимпиада оюндарына барар-барбасымды айтып берет. Ошол себептүү жакында машыгууну дагы да күчөтүп, жыйынтык көргөзсөм дейм. Ошондой эле 2014-жылга үйлөнүүнү пландагам. Өзүмдүн табитимдеги узун бойлуу кыздардан болочок жубайымды карап жүрөм.
– Өзүңүз туулуп-өскөн Ысык-Көлдүн Саруу айылы тууралуу айтып бербейсизби...
– Сарууга такай барып турам. Унаанын чуусу жок, тынч жай. Ата-энем менен Бишкекте турабыз. Иним да күрөш менен машыгат. Жакында күрөш боюнча улуттук курама командага кирди.
– Күрөшкө кантип кызыгып, кантип өсүп чыкканыңызды айтып өтсөңүз.
– Мен спортко мектепке бара электе кызыккам. 13 жашыма чейин айылда күрөшүп жүрдүм. Кийин Бишкектеги интернатка келип, 13 жашымда күнүнө 2 маал машыгуу режимине отургам. Же окуу, же машыгуу начар болсо айдалып кетүү коркунучу бар эле. Тартип, көзөмөл катуу болчу. Улуулардан токмок жеп да көрдүк. Кыйын шартта тарбияландык. Интернат менин көзүмдү ачып, алдыда эмне кылыш керек экенин өз алдынча ойлонууга түрткөн.
– Келиңиз, эми «Лондон-2012» Олимпиадасы тууралуу сүйлөшөлү...
– Ооба, акыркы Олимпиада тууралуу көп сөздөр айтылды. «Өзүнүн күрөшүн күрөшкөн жок» дешти. «Элдин арткан ишеними ашыкча жүк болуптур, мамлекеттин колдоосу жетишпептир...» Туура, өз күрөшүмдү күрөшө алган жокмун. Күнөө өзүмдө. Мен Олимпиадага 2-ирет катышканыма карабай, ушул жолу көп сабак чыгардым. Салмак куудум. Аз ичип-жедим. Бирок машыккан сайын салмагым арта берди. Эртең таразага түшөбүз дегенде гана ашыкча 10 килограммдан арылдым. Күрөшкөнгө шайым жок эле. Ошентип, Лондондо атаандаш менен эмес, өз салмагым менен күрөшүп жатып уттуруп ийдим.
Негизи, Олимпиаданы утуу үчүн өзүңдү унутуп, машыгуу планын ашып түшүш керек экен. Олимпиаданын алтыны ар кимге эле буюра бербейт тура.
– Олимпиададан кийин Америкага кетипсиз. Эмне иш кылдыңыз?
– Американын айрым шаарларында дээрлик «местный» болуп калган досторума бардым. Калыпка келүү үчүн машыгууну токтотуп, эс алып жүрдүм.
– Олимпиадада 7-орунду ээлеген Магомед Мусаевге мамлекет убада кылган акча тийген эмес. Спорттун саясатын түшүнөсүзбү?
– Мен солдаттай элемин. Менин ишим – күрөшүү. Саясат менен башкалар шугулданат. Мусаевдин акчасын албай калганын укпаптырмын. Менимче, Олимпиадада алдыңкы 3 орундун бирин ээлеген спортчу эле «Татыктуу катышканы үчүн» деп сыйлык алса жарашат.
– Бир жыл мурун интернетте балбан Жанарбек Кенжеев экөөңөрдүн видеоңор пайда болгон. Анда сиз да булчуңдарыңызды түйүп, камерага «трюк» көргөзгөнсүз. Мындан улам сайтыбыздын колдонуучулары «чегип алса керек... Ошол булчуңун дагы чыңап, видеого тартылгандан көрө машыгып, жыйынтык көргөзбөйбү» деген пикирлерин калтырышкан...
– Ал видео биз машыгуу сборунда жүргөндө тартылган. Балдардын бири ойноп тартып коюп, кийин тарап кетиптир. Чеккен эмеспиз. Машыгуудан кийин эс алып жаткан кезибиз болчу.
Максат Кудайбердиев,
sport@super.kg