Талас облусунун Кара-Буура районунун жашоочулары 7-июлда Казакстанга кетчү «Быстроток» каналын бууп салышты. Бул каналдын суусу менен казак тараптын Жамбыл облусунун 4 миң гектар айдоо жери сугарылат. Кара-Буура эли бул кадамы менен коңшу өлкө менен болгон чек ара маселелерин тезинен чечип берүүсүн талап кылышууда.
Ызы-чуунун төркүнү 2001-жылкы Кыргызстан менен Казакстандын чек арасынын делимитациясы жана демаркациясы тууралуу макулдашуусунан улам келип чыгат. Ал 2008-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан ратификацияланган. Макулдашуу боюнча, талаш-тартыш жараткан «Большой клин» жер тилкеси казак тарапка өткөрүлгөн. Эми болсо кара-бууралыктар дал ушул тилке аркылуу малын айдап өтө албай калышыптыр.
8-июль күнү вице-премьер Токон Мамытов Таласка барып, чогулган эл менен жолукту. Нааразы болгон тарап «Кара-Буура районунун Көк-Сай айылына жакын орун алган «Большой клин» жана Аманбаев айылынын жанындагы «Малый клин» жер тилкелерин кайтарып алуу менен кыргыз-казак чек арасы өзөндүн жиги менен бөлүнсүн» деген талаптарды коюшту. Бирок Токон Мамытов бул жер тилкелери кайтарылбасын, ал эми талаштуу жерлерди коңшу тарап менен сүйлөшүү жолу аркылуу чечилерин айтты.
Эльвира Караева
politika@super.kg