Өткөн саныбызда Баткен облусунун Лейлек районунда 14 жаштагы окуучу кыздын былтыр милиция кызматкери тарабынан зордукталганын жана учурда жабырлануучунун 7 айлык боюнда бар экенин жазган элек. Бул окуянын эң талуу жагдайы өспүрүм кыздын зордукталышы да эмес, ага ушундай кордук көрсөттү делип шектелгендер милиция кызматкерлери болуп жатканында. Учурда тергөө иштери уланууда, бирок бул окуя тууралуу маалымат алуу татаалдашып, дегеле мунун баары мамлекеттик жашыруун сырдай сакталып жатканы да күмөн туудурбай койбойт.
Баткен облусундагы аймактык кабарчыбыз Бегайым Тажибай кызы жабырлануучунун жактоочусуна жолугуп, өз учурунда ал райондук соттун токтомунун негизинде эки милиция кызматкери убактылуу кармоочу жайга камалганын айткан. Көңүл бурчу жагдай, бул экөөнүн бири жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн кызматкери экен. Ошондой эле күнөөлүү деп кармалгандардын бири мектеп директорунун уулу деген сөздөр чыгууда.
«Окуя тууралуу кенен-чонон айта албайм, анткени мунун баары жабырлануучунун ден соолугуна таасир кылышы мүмкүн. Төрөтү жакындаганда врачы Бишкекке барып келгени жатат, эгерде Баткендеги оорукана менен медиктердин шарты туура келбесе, анда жабырлануучуну борборго жеткирүүгө туура келет»,- деди жактоочусу.
Кабарчыбыз жабырлануучу менен жолукканда окуучу кыз «2 адамдын үстүнөн арыз жазгам. Угушума караганда, мен зордуктаган кишинин үчүнчү курмандыгы экенмин» деп айткан.
Жабырлануучу учурда ооруканада жаткандыктан, врачын кепке тартса: «Анын абалы азыр жакшы эле, мындан башка маалымат бере албайм»,- деп кабарчыны жолго салууга шашыптыр.
Эльвира Караева
politika@super.kg