– Менин аялым төшөктө өтө кумардуу. Аябай берилип кеткенде тиштегилеп же мышыктай болуп тыткылап жиберет. Анысын кантип калтырууга болот? Мелис, Карабалта.
– Төшөктө аялдын кыймылына эркиндик берүү керек. Анткени, кээ бир аялдар таттуу дене кумарына батканда тыбырчылап, тиштегиси, тыткысы же кыйкыргысы келип чыгат. Аялдын мындай кылыктары өзүнүн эркине баш ийбейт. Ошондуктан, аялыңыздын кылыктарын өөн көрбөңүз. Ал эми жыныстык байланыштан кийин денеңиз кызыл-ала болуп калбаш үчүн аялыңызга мээлей кийгизип коюңуз. Өзүңүз пахтадан жасалган калың көйнөк кийип алыңыз.
БОЙГО БОЛТУРБООНУН ЖӨНӨКӨЙ ЫКМАЛАРЫ БАРБЫ?
– Кошулгандан кийин аял боюна болтурбаш үчүн “алиги” жагын эмне менен жууса болот? Эң жөнөкөй ыкмалары боюнча маалымат берип коёсуздарбы? Алмаш, Кант.
– Эң жөнөкөй ыкмалары бар.
Эскерте кетүүчү нерсе, аталган ыкмаларды дайыма эле колдоно берүүгө болбойт. Себеби, аялдын жыныс кынын дайым тазалап туруучу пайдалуу бактериялар жана микробдор жоголуп кетиши мүмкүн. Алар жоголуп кетсе, жыныс кынынын ичи сезгенип, ооруга чалдыгат.
Ошондуктан, жуумай жолду башка ыкмалар менен кезек-кезеги менен алмаштырып туруу керек.
ЖЫНЫСТЫК КАТНАШ БОЛООРДО ИЧИМДИН АЛДЫ ООРУП ЧЫГАТ...
– Кез-кезде жыныстык катнаш болоор алдында ичимдин алды жагы катуу ооруп кетет. Айрыкча жарым ай же бир ай күйөөм менен төшөктө бир болбой калып, анан кошулаарда оорутат. Бул эмнеси? Ася, Кант.
– Мындай оорутуунун себеби, аялдын делебеси өтө дүүлүгүп кеткенде аялдын жыныс органдарына кан тез келип чогулуп калгандыгы менен түшүндүрүлөт. Бул оору эмес. Кээ бир аялдардын жаратылыштагы өзгөчөлүгү. Жыныстык катнашты үзбөй, бир деңгээлде кармап турса, оорутуу билинбей калат.